Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН

Дезидериус Эразмус

Дезидериус Эразмус

КЕЗЕГИНДЕ Европадагы окумуштуулардын эң көрүнүктүүсү болгон Дезидериус Эразмус (болж. м-н 1469—1536-ж.) кийинчерээк коркок киши катары да, еретик катары да караланган. Кызуу жүргөн диний талаш-тартышта ал католицизмдин жана реформаттар деп атангандардын терс жактарын тайманбай айткан. Бүгүнкү күндө ал Европанын диний тарыхын өзгөрткөн инсан катары белгилүү.

ИЗИЛДӨӨСҮ ЖАНА ИШЕНИМИ

Эразмус грек жана латын тилдеринде эркин сүйлөгөндүктөн Ыйык Китептин латын тилиндеги котормолорун, анын ичинде «Вульгата» котормосун Жаңы Келишим деп да белгилүү болгон Грек Жазмаларынын байыркы кол жазмалары менен салыштырган. Ал Ыйык Китепти изилдөө зарыл деп эсептеген. Ошо себептен Ыйык Жазма карапайым эл түшүнгөн тилге которулушу керек деген көз карашта болгон.

Эразмус христиан динин тутуу маани-маңызсыз диний каадаларды жөн гана кылып коюуну эмес, ал динге өмүр бою карманууну билдирет деп эсептегендиктен католик чиркөөсүн өзгөртүүнү жактаган. Кийинчерээк реформаттар Рим католик чиркөөсүнө каршы чыгып, ага өзгөртүү киргизүүнү талап кыла баштаганда, Эразмус католиктердин шек санап, аңдыган адамына айланган.

Эразмус католицизмдин жана реформаттар деп атангандардын терс жактарын тайманбай айткан

Ал эмгектеринде диний төбөлдөрдүн жаман иштерин, байлыкка тунуп жашап жатышканын жана согушту кош колдоп колдогон папалардын атак-даңкка, мартабага жетүүнү көксөөрүн жазып, аларды ашкерелеген. Ал динге ишенгендерди эзиш үчүн колдонулган күнөөлөрдү кечирүү, ыйыктарга сыйынуу, орозо кармоо жана зыярат кылуу сыяктуу чиркөө жөрөлгөлөрүнө бекем карманган диний кызматкерлердин пикирине кошулган эмес. Ошондой эле «күнөөнүн кечирилгендиги» тууралуу Рим папасынын атынан грамота сатуу, так өтүүгө мажбурлоо сыяктуу нерселерге каршы экенин билдирген.

ГРЕК ТИЛИНДЕГИ ЖАҢЫ КЕЛИШИМ

1516-жылы Эразмус өзү которгон грек тилиндеги Жаңы Келишимдин биринчи басылышын чыгарган. Анын ошол эмгегинде шилтемеси кошо берилген латын тилиндеги котормосу да камтылган. Бирок ал «Вульгатадан» айырмаланган. Кийинчерээк ошол версиясын бир нече жолу карап чыгып, акыры «Вульгатадан» кыйла айырмаланган эмгекти жараткан.

Эразмустун грек тилиндеги Жаңы Келишими

Андай айырмачылыктын бири 1 Жакан 5:7 болгон. Ыйык Китепке негизделбеген Үчилтик окуусун жакташ үчүн «Вульгатага» «комма Йоханим» деп белгилүү болгон «Асманда Ата, Сөз жана Ыйык Рух; бул үчөө бир» деген сүйлөмдү кошуп коюшкан. Бирок салыштырып көргөн грек тилиндеги кол жазмаларда ал сөздөр кездешпегендиктен, Эразмус аларды өзүнүн эмгегинин алгачкы эки басылышынан алып салган. Анткен менен кийинчерээк чиркөө кысым көрсөткөндүктөн, үчүнчү басылышына аларды кайра киргизүүгө аргасыз болгон.

Эразмустун грек тилиндеги Жаңы Келишиминин кайра каралган басылыштары европалыктардын тилиндеги мыкты котормолордун жаралышына эң сонун негиз болуп берген. Аларды Мартин Лютер, Уильям Тиндаль, Антонио Бручоли, Франсиско де Энсинас аттуу котормочулар Грек Жазмаларын немис, англис, италян, испан тилдерине которгондо колдонушкан.

Эразмус диний баш аламандык күч алып турган убакта жашаган. Анын грек тилиндеги Жаңы Келишими протестант реформаттар үчүн баа жеткис курал деп эсептелген. Ал эми айрымдар Эразмустун өзүн реформа башталганга чейин реформат деп эсептеп келишкен. Бирок реформадан кийинки кызуу талаш-тартышта ал кайсы бир тарапты ээлөөдөн баш тарткан. Кызыктуусу, мындан 100дөн ашуун жыл мурун Дэвид Шаф аттуу окумуштуу Эразмустун «эч бир тараптын мүчөсү болбой көз жумганын, католиктер аны католик катары эсептегиси келбегенин, ал эми протестанттар протестант деп эсептей албаганын» жазган.