Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балаңарга кандай «из» калтырып жатасыңар?

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ

8 Үлгү болуу

8 Үлгү болуу

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Балдарына үлгү көрсөткөн ата-эне үйрөткөнүнө ылайык жашайт. Мисалы, бирөө эшикти такылдатканда, аны менен сүйлөшкүңөр келбей: «Мени жок деп койчу»,— деп айтканыңарды балаңар угуп калса, анын чынчыл болуп чоңоёру күмөн.

«Көптөр: „Айтканымды кыл, кылганымды кылба“,— дешет. Бирок балдарга ушинтип айтуу жакшы натыйжа бербейт. Алар губкага окшоп ар бир сөзүбүздү, ар бир ишибизди сиңирип алат жана жүрүм-турумубуз өзүбүз үйрөткөн нерселерге дал келбей калганда, сөзсүз айтышат» (Дейвид).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «„Уурдаба“,— деп насаат айтасың да, эмнеге өзүң уурдайсың?» (Римдиктер 2:21).

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Балдарга, атүгүл өспүрүмдөргө башка бирөөлөр, анын ичинде теңтуштары эмес, ата-энеси көбүрөөк таасир этет. Демек, айткандарыңарды өзүңөр колдонсоңор, балаңарды туура жолго биринчи кезекте силер багыттай аласыңар.

«Балабызга бир нерсени жүз жолу кайталашыбыз, анан ошону угуп жатабы деп ойлонушубуз мүмкүн. Ал эми айтканыбызды бир эле жолу аткарбай койсок, ал аны сөзсүз айтат. Балдар ар бир ишибизге, биз байкайт деп ойлобогон нерселерге да көңүл бурушат» (Николь).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Жогорудан келген акылмандык... эки жүздүү эмес» (Жакып 3:17).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Өзүңөрдү текшерип көргүлө. Көңүл ачыш үчүн кандай нерселерди көрөсүңөр? Жарыңарга, балдарыңарга кандай мамиле кыласыңар? Досторуңар кандай? Башкалардын камын ойлойсуңарбы? Кыскасын айтканда, балаңардын кандай адам болушун кааласаңар, өзүңөр да ошондой болушуңар керек.

«Жолдошум экөөбүз өзүбүз карманбаган норманы балдарыбыздан талап кылбайбыз» (Кристин).

Кечирим сурагыла. Балаңар силердин жеткилең эмес экениңерди билет. Туура эмес кылганыңарда жубайыңардан, балдарыңардан кечирим сурасаңар, чынчыл жана момун болуу жагынан сонун үлгү көрсөтөсүңөр.

«Балдарыбыз ката кетиргенибизди мойнубузга алып, кечирим сураганыбызды угушу керек. Антпесек, туура эмес ишин жашырганды үйрөнүп алышат» (Робин).

«Биз, ата-энелер, балдарыбызга зор таасир этебиз. Үлгүбүз аябай күчтүү курал болуп эсептелет, себеби алар аны бардык учурда көрүшөт. Ал дайыма ачылып турган китепке окшош, балдарыбыз аны көрүп дайыма бир нерсеге үйрөнө беришет» (Вендел).