Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кыштарды бириктирген аралашма сыяктуу, урматтап-сыйлоо никени бекем кармап турат

ЖУБАЙЛАРГА

3 Урматтоо

3 Урматтоо

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Бири-бирин урматтап-сыйлаган жубайлар атүгүл келишпестик болгондо да бири-биринин камын ойлойт. Нике жөнүндөгү бир китепте мындай делет: «Андай жубайлар айтканынан кайтпай, көшөрүп тура бербейт. Тескерисинче, пайда болгон көйгөй жөнүндө сүйлөшүшөт. Бири-биринин оюн кунт коюп угуп, аны экөөнө тең пайда алып келе тургандай жол менен чечкенге аракет кылышат» («Ten Lessons to Transform Your Marriage»).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Сүйүү... өз кызыкчылыгын көздөбөйт» (1 Корунттуктар 13:4, 5).

«Өмүрлүк жарымды урматтасам, ал баалаган нерселерди баалайм жана ага же никебизге зыяны тие турган нерселерди кылбайм» (Миха).

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Ортосунда урмат-сый жок болсо, түгөйлөр бири-бирин сындайт, какшыктайт, жадагалса кемсинтет. Изилдөөчүлөр бул нерселердин ажырашууга алып бара турган алгачкы белгилер экенин айтышат.

«Какшыктоо, чымчып сүйлөө же орунсуз тамашалоо жубайыңдын өзүн ишенимсиз сезишине, сага ишеним артпай калышына алып келет жана никеңерге доо кетирет» (Брайэн).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

ӨЗҮҢӨРДҮ ТЕКШЕРИП КӨРГҮЛӨ

Сүйлөгөн сөзүңөргө, кылган ишиңерге бир жума бою байкоо салгыла. Анан мындай деп ойлонуп көргүлө:

  • Жарымды канчалык көп сындадым? Ага жагымдуу сөздөрдү канчалык көп айттым?

  • Ага кандай жолдор менен урмат көрсөттүм?

ЖАРЫҢАР МЕНЕН СҮЙЛӨШҮП КӨРГҮЛӨ

  • Кандай иштер, кандай сөздөр экөөңөргө тең бири-бириңерди сыйлаарыңарды сезүүгө жардам берет?

  • Кандай иштерден, кандай сөздөрдөн улам экөөңөргө тең бири-бириңерди сыйлабай жаткандай сезилет?

КЕҢЕШ

  • Жарыңардын силерди сыйлаарын кайсы үч жол менен көрсөтүшүн каалаарыңарды жазгыла. Ал да ошентсин. Анан жазгандарыңарды алмашып, бири-бириңерге ошол жолдор менен урмат көрсөткөнгө аракет кылгыла.

  • Жан шеригиңердин кайсы сапаттары аябай жагарын тизмелегиле. Анан ага ошол сапаттарын канчалык баалаарыңарды айткыла.

«Жолдошумду урматтасам, аны баалаарымды, бактылуу болушун каалаарымды иштерим менен көрсөтөм. Бул дайыма эле чоң нерселерди кылууну билдирбейт. Кээде кичинекей эле нерселер аркылуу аны чындап урматтаарыңды көрсөтсөң болот» (Меган).

Корутундулай турган болсок, өзүңөрдү жарын урматтап-сыйлаган адам деп эсептээр-эсептебесиңер эмес, анын силердин урматтап жатканыңарды сезгени маанилүү.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Назиктик менен көрсөтүлүүчү боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жумшактыкты жана чыдамкайлыкты кийгиле» (Колосалыктар 3:12).