Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Колосалыктар 3:23. «Эмне иш аткарсаңар да,.. жан-дилден кылууга умтулгула»

Колосалыктар 3:23. «Эмне иш аткарсаңар да,.. жан-дилден кылууга умтулгула»

 «Эмне иш аткарсаңар да, аны адамдар үчүн эмес, Жахаба үчүн кылгандай, жан-дилден кылууга умтулгула» (Колосалыктар 3:23, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Эмне жасасаңар да, бардыгын чын жүрөктөн, адамдар үчүн эмес, Теңир үчүн жасагыла» (Колосалыктар 3:23, «Үмүт нуру» котормосу).

Колосалыктар 3:23түн мааниси

 Исанын жолдоочусу күжүрмөн эмгектенгенге аракет кылышы керек. Анткени анын эмгекке карата көз карашы Жахаба Кудайга сыйынуу менен тыгыз байланышта.

 «Эмне иш аткарсаңар да». Жахабага кызмат кылгысы келгендер жашоосунун бардык тармагында Ыйык Китепте жазылгандарга карманганга аракет кылышат. Алар үйдө, жумушта, мектепте, эмне иш кылбасын, эмгекти сүйгөнгө, чынчыл, ишеничтүү болгонго умтулушат (Накыл сөздөр 11:13; Римдиктер 12:11; Еврейлер 13:18).

 «Жан-дилден кылууга умтулгула». Грек тилинен «жан-дилден кылууга умтулгула» деп которулган сөздөр түп нускада Кудайдын эркин аткарыш үчүн жан-жигерин төшөп, бүт күчүн жумшаган кишиге карата колдонулат a.

 Андай киши өзүнө тапшырылган ишти бүт күчүн, бүт акылын колдонуп аткарат.

 «Адамдар үчүн эмес, Жахаба үчүн кылгандай». Кандай иш аткарышпасын, Исанын жолдоочулары ага олуттуу карашат. Анткени алардын жумушка болгон көз карашы Жахаба менен болгон мамилесине таасир этерин билишет. Исанын жолдоочулары биринчи кезекте жумуш берүүчүсүнө же башка бирөөгө эмес, Кудайга жакканга умтулушат. Алар кайсы бир ишти жан-жигерин төшөп, оң маанайда аткарышканда, башкалар алар жөнүндө жакшы ойдо болушат. Натыйжада алар сыйынган Кудай даңкталат. Ушундайча Исанын жолдоочусу «Кудайдын ысмына... сөз тийбеши үчүн» колунан келгендин баарын кылган болот (1 Тиметей 6:1; Колосалыктар 3:22).

Колосалыктар 3:23түн контексти

 Колосалыктар китебин элчи Пабыл жазган. Ал ошол катты байыркы Колоса шаарында b жашаган ишенимдештерине жолдогон. Аны болжол менен б.з. 60, 61-жылдары жазган. Ошол кезде ал Римде биринчи жолу камакта отурган. Азаттыкка чыгарына аз калган болчу.

 Ал жактагы кеңештер тек жайы жана жагдай-шарты ар кандай Исанын жолдоочуларына Кудайга биримдикте сыйынганга жардам берет (Колосалыктар 3:11). Ошондой эле Кудайды туурап, сүйүү жана боорукердик, ырайымдуулук сыяктуу сапаттарды чагылдырганга түрткү берет (Колосалыктар 3:12—14). Андан тышкары, ал катта Кудайга кызмат кылганыбыз жашообуздун ар бир тармагына кандай таасир этиши керектиги түшүндүрүлөт (Колосалыктар 3:18—4:1).

 Колосалыктар китеби жөнүндө жалпы маалымат алыш үчүн бул видеону көргүлө

a «Exegetical Dictionary of the New Testament» (1993), 3-том, 502-бет.

b Азыркы Туркиянын аймагында жайгашкан