Мазмунун көрсөтүү

666 деген сан эмнени билдирет?

666 деген сан эмнени билдирет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Бул сан — «деңизден чыгып келаткан он мүйүздүү, жети баштуу жырткычтын» саны же ысымы (Аян 13:1, 17, 18). Ал жырткыч «ар бир уруунун, элдин, тилдин, улуттун» үстүнөн бийлик жүргүзгөн бүткүл дүйнөлүк саясий түзүлүштү символдоштурат (Аян 13:7). 666 деген ысым ал саясий түзүлүштүн эч качан толук ийгиликке жете албай турганын, Кудайдын көз алдында кемтиги бар экенин көрсөтүп турат. Кандайча?

Тек гана белги эмес. Адатта, Кудай койгон ысымдар кандайдыр бир мааниге ээ болот. Мисалы, Кудай Ыбрам (мааниси: «улуулуктун атасы») деген кишиге «көптөгөн элдердин атасы кылууга» убада берип, анын ысмын Ыбрайым (мааниси: «көптүн атасы») деп өзгөрткөн (Башталыш 17:5, шилтемелер). Анын сыңарындай, Кудай жырткычтын өзгөчөлүгүн таамай мүнөздөш үчүн ага 666 деген ысым койгон.

Алты деген сан кайсы бир нерсенин толук эместигин билдирет. Ыйык Китептеги сандар көп учурда каймана мааниге ээ. Алсак, жети деген сан кайсы бир нерсенин жетер чегин, толуктугун билдирет. Ал эми алты деген сан жетиден бир санга кем болгондуктан кемтиги бар, жеткилең эмес нерселерге жана Кудайдын душмандарына байланыштуу нерселерге карата колдонулат (1 Жылнаама 20:6; Даниел 3:1).

Баса белгилеш үчүн үч жолу айтылат. Ыйык Китепте айрым учурда бир нерсени баса белгилеш үчүн кайсы бир сөз үч ирет кайталанып айтылат (Аян 4:8; 8:13). Андыктан 666 деген сан адамдык саясий түзүлүштүн Кудайдын алдында канчалык жеткилең эмес экенин баса белгилеп турат. Анткени адам баласы эч убакта жер бетине тынчтык жана бейпил жашоо орното албайт. Аны Кудайдын Падышалыгы гана орнотот.

Жырткычка таандык белги

 Ыйык Китепте адамдардын «жырткычтын артынан суктана ээрчип», ага сыйынганга чейин барышкандыктан, «жырткычтын белгисин койдурушары» айтылат (Аян 13:3, 4; 16:2). Элдер өздөрүнүн өлкөсүн, өлкөсүнүн символдорун, аскер күчүн ашкере аздектеп, «жырткычка» сыйынышууда. Бул туурасында «Дин энциклопедиясында»: «Улутчулдук бүгүнкү күндө басымдуулук кылган диндей эле болуп калды»,— деп айтылат a.

 Кандай мааниде кимдир бирөө «оң колуна же чекесине» жырткычтын белгисин койдурушу мүмкүн? (Аян 13:16). Байыркы учурда Кудай ысрайыл элине: «Аларды [сөздөрүмдү] колуңарга белги катары байлап, чекеңерге таңып алгыла»,— деп буйрук берген (Мыйзам 11:18). Бул ысрайылдыктардын кадимки колдоруна же чекесине ошол сөздөрдү жазып же байлап алышы керектигин билдирген эмес. Бул алардын ою да, иши да дайыма Кудайдын айткандарына ылайык келиши керектигин эсине салып турган. Ушу сыяктуу эле, 666 деген белгини койдуруу түзмө-түз аны денеге түшүрүп алуу дегенди билдирбейт. Бул белгини койдургандар жашоосуна саясий түзүлүштүн толугу менен таасир этишине жол берип жатканын көрсөтүшүүдө. Жырткычтын белгисин койдургандар Кудайга каршы чыккан болушат (Аян 14:9, 10; 19:19—21).

a Карагыла: «Тарыхчынын динге болгон мамилеси» 29-б. («An Historian’s Approach to Religion»); «Бүткүл дүйнөлүк доордогу улутчулдук» 134-б. («Nationalism in a Global Era»); «Улутчулдук жана акыл: учурдагы маданиятты текшерүү» 94-б. («Nationalism and the Mind: Essays on Modern Culture»).