Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТӨРТ ЧАБАНДЕС ЖӨНҮНДӨГҮ АЯН

Төрт чабандес эмнени билдирет?

Төрт чабандес эмнени билдирет?

Төрт атчан ары сырдуу, ары коркунучтуу сезилиши мүмкүн. Бирок, чынында, андай эмес. Анткени Ыйык Китепте жазылгандар жана биздин доордо болуп жаткан окуялар ар бир атчандын эмнени билдирерин так аныктоого жардам берет. Алардын чаап чыкканы жер бетинде азап-кайгынын күч аларын билдирсе да, силер жана силердин үй-бүлөңөр үчүн жакшылыктын белгиси болуп эсептелет. Келгиле анда, ар бир атчандын эмнени билдирерин карап чыгалы.

АК БОЗ АТ МИНГЕН ЧАБАНДЕС

Аяндын башында мындай сөздөр айтылат: «Мен карап, ак боз атты көрдүм. Үстүндө отургандын жаасы бар экен. Ага таажы берилди жана ал жеңиш артынан жеңишке ээ болуп, акыркы жеңишке жетиш үчүн чыкты» (Аян 6:2).

Ак боз аттын үстүндөгү чабандес ким? Анын ким экенин Аян китебинен билүүгө болот. Ал китептин кийинки бөлүмдөрүндө асмандагы ал чабандес «Кудайдын Сөзү» деп аталат (Аян 19:11—13). «Сөз» деген наам Иса Машаякка карата колдонулат, анткени ал Кудайдын өкүлү катары иш-аракет кылат (Жакан 1:1, 14). Андан тышкары, ал «падышалардын Падышасы, мырзалардын Мырзасы», «Ишенимдүү жана Чыныгы» деп аталат (Аян 19:11, 16). Демек, бул наамдар анын согуш жүргүзүүгө укуктуу Падыша катары иш-аракет кыларын, адилеттүүлүк менен бийлик жүргүзөрүн жана бийлигин кыянат колдонбой турганын айкын көрсөтүп турат. Бирок башка да суроолор туулат.

Иса Машаякка жеңишке жетүүгө ким бийлик берген? (Аян 6:2). Даниел пайгамбар аян алганда «адам уулуна» «Күндөрү Байыркынын», атап айтканда, Жахабанын * өзү «бийлик, даңк, падышалык» бергенин көргөн. «Адам улуу» Иса Машаякты билдирет (Даниел 7:13, 14). Мындан падышалык кылууга жана сот жүргүзүүгө ага бийликти жана укукту Кудурети күчтүү Кудай бергенин билүүгө болот. Ыйык Китепте ак түс көп учурда адилдиктин символу катары колдонулгандыктан, ак боз ат Кудайдын Уулу Иса Машаяктын адилеттүүлүк менен согуш жүргүзөрүн көрсөтүп турат (Аян 3:4; 7:9, 13, 14).

Ал төрт чабандес качан чаап чыккан? Биринчи чабандестин, Иса Машаяктын, падышанын таажысын кийгенден кийин чаап чыкканына көңүл бурсаңар (Аян 6:2). Ал асмандагы падышалык такка качан отурган? Ал тирилип, асманга барары менен падыша болгон эмес. Ыйык Китептен анын кайсы бир убакытка чейин күткөнүн билебиз (Еврейлер 10:12, 13). Иса жолдоочуларына ошол убакыттын качан аяктамактыгын, анын асманда качан бийлик кыла баштамактыгын эмнелерден билсе болорун айткан. Буга ылайык, Машаяк бийлик жүргүзө баштаганда, дүйнөдөгү абал кескин түрдө жаман жакка өзгөрмөк. Согуш, ачарчылык, жугуштуу оору күч алмак (Матай 24:3, 7; Лука 21:10, 11). 1914-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш тутангандан көп өтпөй Ыйык Китепте «акыркы күндөр» деп аталган оор мезгилдин башталганы айкын болгон (2 Тиметей 3:1—5).

Бирок Иса Машаяк 1914-жылы такка отургандан бери абал эмне үчүн жакшы жакка эмес, жаман жакка өзгөрүүдө? Анткени ал жерде эмес, асманда бийлик жүргүзө баштаган. Ошондон көп өтпөй эле асманда согуш чыккан. Жаңы эле бийликке ээ болгон Падыша Иса Машаяк (Микеил) Шайтанды жана анын жин-перилерин жерге кууп түшүргөн (Аян 12:7—9, 12). Жердин чегинен чыга албаган Шайтан убактысы аз калганын билгендиктен адамзатка бүт каарын төгүүдө. Бирок бул көпкө созулбайт, анткени Кудай Шайтанга карата болгон ниетин ишке ашырат (Матай 6:10). Эми андан кийин чаап чыккан үч атчандын «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызды кандайча тастыктап турарын карап көрөлү. Биринчи атчан белгилүү бирөөнү билдирсе, кийинкилери бүт адамзат коомуна таасирин тийгизген дүйнөдөгү абалды билдирет.

КЫЗЫЛ АТ МИНГЕН ЧАБАНДЕС

«Ошондо башка ат, кызыл ат, чыкты. Адамдар бири-бирин өлтүрүшү үчүн, анын үстүндө отурганга жер бетинен тынчтыкты алганга бийлик жана чоң кылыч берилди» (Аян 6:4).

Бул чабандес согушту билдирет. Анын бир нече өлкөнү эле эмес, бүт жер жүзүн бүлгүнгө түшүрүп жатканын байкасаңар. 1914-жылы тарыхта биринчи жолу бүт дүйнөнү кучагына алган согуш тутанган. Анын артынан эле Экинчи дүйнөлүк согуш башталып, биринчисинен да кыргындуу болгон. Айрым эсептөөлөргө ылайык, 1914-жылдан бери согуштан жана куралдуу кагылышуулардан 100 миллиондон ашуун киши курман болуп, нечендегендер согуштун залалын тарткан.

Бүгүнкү күндө согуш канчалык деңгээлде кулач жайды? Тарыхта биринчи жолу адам баласы өзүн-өзү кырып жок кыла турган абалга кептелип отурат. Атүгүл Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу тынчтыкты көздөйбүз деп ырастаган уюмдар да кызыл ат минген чабандести токтото алган жок.

КАРА АТ МИНГЕН ЧАБАНДЕС

«Мен карап, кара атты көрдүм. Үстүндө отургандын колунда тараза бар экен. Ошондо мен төрт периштенин арасынан чыккандай болгон үндүн: „Бир өлчөм буудай бир динар, үч өлчөм арпа бир динар болсун. Ал эми зайтун майы менен шарапка тийбе“,— дегенин уктум» (Аян 6:5, 6).

Бул чабандес ачарчылыкты билдирет. Азык-түлүктүн ушунчалык кымбат болгонуна, бир өлчөм (700 гр) буудайдын бир динар турганына, көңүл бурсаңар. Бир динар 1-кылымда бир күндүк эмгек акысы болгон (Матай 20:2). Ошол эле бир динарга буудайдан арзан турган арпанын үч өлчөмү (2,1 кг) келген. Анда чоң үй-бүлөлөргө балдарын багуу канчалык кыйынга турмак? «Зайтун майы менен шарапка тийбе»,— деген сөздөр атүгүл ошол маалда кенен колдонулган зайтун майы менен шарап сыяктуу күнүмдүк тамак-ашты да үнөмдөөгө туура келмектигин көрсөтүп турган.

Кара ат минген чабандестин 1914-жылдан бери чаап баратканына кандай далилдер бар? 20-кылымда ачарчылыктан 70 миллиондой киши өлгөн. Бир билдирүүдө 2012—2014-жылдар аралыгында «805 миллион кишинин, тактап айтканда, жер тургундарынын болжол менен ар бир тогузунчусунун дайыма чала тоют болуп жүргөнү» жазылган. Дагы башка билдирүүдө «ЖИКС, безгек, кургак учук ооруларынан каза болгондордун баарын кошкондо да ачарчылыктан өлгөн кишилердин санына жетпей турганы» айтылган. Көптөрдүн ачарчылыкты жоюуга бүт күчүн жумшаганына карабай кара ат минген чабандес токтобой чаап баратат.

БОЗ АТ МИНГЕН ЧАБАНДЕС

«Мен карап, боз атты көрдүм. Үстүндө отургандын ысмы „Өлүм“ экен. Анын артынан көр келатыптыр. Кылыч, ачарчылык, айыккыс оору жана жапайы жырткычтар менен өлтүрүш үчүн ал экөөнө жердин төрттөн бир бөлүгүнүн үстүнөн бийлик берилди» (Аян 6:8).

Төртүнчү чабандес оору жана башка нерселер менен адамдардын өмүрүн кыйып жаткан өлүмдү билдирет. 1914-жылдан көп өтпөй испан тумоосу он миллиондогон кишинин жанын алып кеткен. Ал оору 500 миллиондой кишиге, ошол учурда жашаган адамдардын болжол менен ар бир үчүнчүсүнө, жуккан.

Бирок испан тумоосу ушу сыяктуу каргашалардын башталышы эле болгон. Адистер 20-кылымда 300 миллиондон ашык киши чечек дартынан көз жумганын аныкташкан. Бүгүнкү күндө медицинанын ушунчалык өнүгүп жатканына карабай миллиондогондор ЖИКСтин, кургак учуктун, безгектин курмандыгы болууда.

Согуштун, ачарчылыктын, оорунун айынан адамзат өлүмгө дуушар болуп, андан кутула албай келет. Өлүккө тойбогон көр эч кандай үмүт калтырбай, нечендеген адамдарды жеп-жутууда.

АЛДЫДА ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК!

Азыркы биз жашап жаткан оор мезгил жакында соңуна чыгат. Иса Машаяктын «жеңишке жетиш үчүн чыкканын» эстесеңер. Ал 1914-жылы Шайтанды жерге кууп түшүргөн, бирок ошондо толугу менен жеңишке жеткен эмес болчу (Аян 6:2; 12:9, 12). Жакында, Армагедон согушунда, Иса Машаяк Шайтанды эч кимге таасир эте албагыдай кылат жана анын тарабын ээлеген адамдарды жок кылат (Аян 20:1—3). Ал чаап бараткан башка үч атчанды токтотот. Ал эле эмес, алардын адамзатка тийгизген кесепетин жок кылып, баарын калыбына келтирет. Ал муну кантип ишке ашырат? Ыйык Китепте эмне деп айтыларына көңүл бурсаңар.

Бир да согуш болбойт, жер бетинде бейпилдик өкүм сүрөт. Жахаба Кудай «жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот, жааны сындырып, найзаны талкалайт» (Забур 46:9). Тынчтыкты сүйгөн адамдар «мол тынчтыкка ырахаттанышат» (Забур 37:11).

Эч ким ачарчылыктан азап чекпейт, жер жүзүндө молчулук болот. Ыйык Китепте: «Дан жер бетинде мол болот, тоолордун чокусу эгинге толот»,— деп жазылган (Забур 72:16).

Жакында Иса үч атчандын адамзатка тийгизген кесепетин жок кылат

Оору, өлүм болбойт. Бардык адамдардын ден соолугу чың болуп, түбөлүк өмүр сүрүшөт. «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт» (Аян 21:4).

Иса Машаяк жерде жүргөндө анын бийлиги астында жашоо кандай болорун көрсөткөн. Ал сөзү менен да, иши менен да тынчтыкта жашоого үндөгөн. Керемет кылып, миңдеген адамдарды тойгузган, оорулууларды айыктырган, атүгүл өлгөндөрдү тирилткен (Матай 12:15; 14:19—21; 26:52; Жакан 11:43, 44).

Чаап чыккан төрт атчан токтогон күнгө канткенде даяр боло аласыңар? Аны билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот. Алар силерге чын жүрөктөн жардам беришет. Алардын жардам беришин каалайсыңарбы?

^ 7-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.