Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Жер жүзүнө качандыр бир убакта адилеттик орнойбу?

Эмне деп жооп берет элеңер?

  • Ооба

  • Жок

  • Балким

Ыйык Китепте эмне делет?

«Жахаба бей-бечаранын доосун карайт, жакырларга акыйкат өкүм чыгарат» (Забур 140:12). Кудайдын Падышалыгы жер жүзүнө адилеттикти орнотот.

Ыйык Китептен дагы эмнелерди билүүгө болот?

  • Кудай жер бетинде болуп жаткан адилетсиздикти көрүп турат жана аны жакында жок кылат (Насаатчы 5:8).

  • Кудай адилеттикти орноткондо жер бетинде тынчтык, бейкуттук өкүм сүрөт (Ышая 32:16—18).

Кудай бир элден бир элди жогору көрөбү?

Айрымдар эмнеге ишенишет? Айрымдар Кудай кайсы бир элге батасын берсе, кайсы бир эл анын каргышына калган дешет. Башкалар Кудай баарына тегиз карайт дегенге ишенишет. Силер кандай деп ойлойсуңар?

Ыйык Китепте эмне делет?

«Мен Кудайдын бет карама эмес экенин эми чындап түшүндүм. Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагарын түшүндүм» (Элчилер 10:34, 35). Кудай бардык адамдарга тегиз карайт.

Ыйык Китептен дагы эмнелерди билүүгө болот?

  • Ыйык Китепте «бардык улуттарга, урууларга, тилдерге жана элдерге жарыяланышы» керек болгон «жакшы кабар» жазылган (Аян 14:6).