Мазмунун көрсөтүү

Тозокко кимдер барат?

Тозокко кимдер барат?

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китептин айрым котормолорунда «тозок» (Ыйык Китептин түп нускасында еврейче «шеол», грекче «адис») деп которулган сөз, чынында, өлгөндөр отко күйүп куйкалана турган жайды эмес, өлүм уйкусуна кеткендердин бардыгы жаткан каймана маанидеги жайды билдирет. Ал жакка кимдер барат? Жакшы адамдар да, жаман адамдар да барат (Аюп 14:13; Забур 9:17). Ыйык Китепте бардык адамзаттын жалпы мүрзөсү тирүүлөрдүн баары акыры «чогула турган үй» экени айтылган (Аюп 30:23).

 Атүгүл Иса пайгамбар да өлгөндө тозокко барган. Бирок ал «көрдө [адисте] калтырылган» эмес, анткени Кудай аны тирилткен (Элчилер 2:31, 32).

 Тозоктогулар ал жакта түбөлүккө калабы?

 Ыйык Китепте Иса Машаяктын өлгөндөрдүн баарын Кудайдын күчү менен тирилтери айтылган (Жакан 5:28, 29; Элчилер 24:15). Ал убак жөнүндө Аян 20:13тө: «Өлүм менен көр [адис] да өздөрүндөгү өлүктөрдү кайрып берди»,— деп айтылат. Мындан көрүнүп тургандай, ошондо өлгөндөр жаткан жай толугу менен бош калат. Ал түбөлүккө жок болот, анткени «өлүм болбойт» (Аян 21:3, 4; 20:14).

 Бирок өлгөндөрдүн баары эле тозокко барбайт. Ыйык Китепте айрым адамдардын кылган күнөөсү үчүн өкүнбөй турганы айтылган (Еврейлер 10:26, 27). Андайлар өлгөндө тозокко эмес, түбөлүккө жок болууну билдирген гээнага барышат (Матай 5:29, 30). Иса пайгамбар эки жүздүү диний жетекчилердин айрымдарынын гээнага бара тургандыгын айткан (Матай 23:27—33).