Мазмунун көрсөтүү

«Душмандарыңарды сүйгүлө» деген эмнени билдирет?

«Душмандарыңарды сүйгүлө» деген эмнени билдирет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Иса пайгамбар көптөргө белгилүү болгон тоодо айткан насаатында: «Душмандарыңарды сүйгүлө»,— деген (Матай 5:44; Лука 6:27, 35). Анын айткандарына ылайык, бизди жек көргөндөргө же бизге адилетсиз мамиле кылгандарга сүйүү менен мамиле кылышыбыз керек.

 Иса ага ырайымсыз мамиле кылган душмандарын кечирип, аларды сүйөрүн көрсөткөн (Лука 23:33, 34). Исанын: «Душмандарыңарды сүйгүлө»,— деп үндөгөнү Еврей Жазмаларында («Байыркы Келишим» деп да аталат) жазылгандарга шайкеш келет (Чыгуу 23:4, 5; Накыл сөздөр 24:17; 25:21).

 «Душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгениңерди токтотпогула» (Матай 5:43, 44).

Бул макалада:

 Душмандарыбызды эмне үчүн сүйүшүбүз керек?

  •   Бул жагынан Кудай өзү үлгү көрсөтөт. Кудай «жакшылыкты билбегендер менен жамандарга да жакшылык кылат» (Лука 6:35). Ал «күнүн жаманга да... тийгизет» (Матай 5:45).

  •   Сүйүү душманыбызга өзгөргөнгө түрткү бериши мүмкүн. Ыйык Китеп душманыбызга боорукердик көрсөтүүгө үндөйт. Ошондой кылсак, «анын башына чок үйгөн» болобуз (Накыл сөздөр 25:22). Бул сөздөр баалуу металды алыш үчүн кенди ысытуу процессине карата айтылган. Анын сыңарындай, бизди жек көргөн кишиге жакшы мамиле кылсак, анын көңүлүн жибитип, жакшы сапаттарды чагылдырышына шарт түзө алабыз.

 Душмандарыбызды сүйөрүбүздү кандай жолдор менен көрсөтө алабыз?

  •   «Силерди жек көргөндөргө жакшылык кылгыла» (Лука 6:27). Ыйык Китепте: «Душманың ачка болсо, аны тойгуз; суусап турса, суусунун кандыр»,— деп айтылган (Римдиктер 12:20). «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла»,— деген алтын эрежени колдонсок, душмандарыбызга жакшылык кылуунун башка жолдорун тапканга умтулабыз (Лука 6:31).

  •   «Силерди каргагандарды алкагыла» (Лука 6:28). Душмандарыбыз бизди кемсинтсе да, аларга жылуу-жумшак сүйлөп, сезимдерин эске алсак, аларды алкаган болобуз. Ыйык Китепте: «Силерди кордогондорду кордобогула. Тескерисинче, батаңарды бергиле»,— деп айтылат (1 Петир 3:9). Бул кеңеш жек көрүүчүлүктүн айлампасынан чыкканга жардам берет.

  •   «Силерди... кордогондор үчүн тиленгиле» (Лука 6:28). Эгер кимдир бирөө силерди кордосо, «жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле» (Римдиктер 12:17). Анын ордуна Кудайдан аны кечиришин сурагыла (Лука 23:34; Элчилер 7:59, 60). Өч алуунун жолдорун издебегиле. Аны адилеттүүлүктү жеткилең түрдө чагылдырган Кудайга тапшырып койгула (Лебилер 19:18; Римдиктер 12:19).

 «Душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү, силерди жек көргөндөргө жакшылык кылганыңарды, силерди каргагандарды алкаганыңарды, кордогондор үчүн тиленгениңерди токтотпогула» (Лука 6:27, 28).

  •   «Чыдамкай, боорукер» болгула (1 Корунттуктар 13:4). Элчи Пабыл чыныгы сүйүү кандай болушу керектигин айтканда ага карата агапи деген грек сөзүн колдонгон. Ал сөз Матай 5:44тө жана Лука 6:27, 35те да кездешет. Биз душмандарыбызды да ушинтип сүйүшүбүз керек. Ан үчүн аларга чыдамкай, боорукер болуп, катаал мамиле кылбаганыбыз, ошондой эле көрө албастыктан, менменсинүүдөн алыс болгонубуз зарыл.

 «Сүйүү чыдамкай, боорукер. Сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, менменсинбейт, адепсиздик кылбайт, өз кызыкчылыгын көздөбөйт, кыжырданбайт, таарынычын эсептей бербейт. Сүйүү ыймансыздыкка кубанбайт, чындыкка кубанат. Сүйүү баарын көтөрөт, баарына ишенет, баарына үмүттөнөт, баарына чыдайт. Сүйүү эч качан жок болбойт» (1 Корунттуктар 13:4—8).

 Душмандарга каршы согушушубуз керекпи?

 Жок. Анткени Иса жолдоочуларына душмандары менен согушпашы керектигин үйрөткөн. Мисалы, Иерусалим курчоого алынганда, Иса жолдоочуларына ал жакта калып, шаарга кол салгандар менен согушкула деп айткан эмес. Анын ордуна качкыла деген (Лука 21:20, 21). Ошондой эле Иса элчи Петирге: «Кылычыңды кынына сал, анткени кылыч көтөргөндөрдүн баары кылычтан өлөт»,— деп айткан (Матай 26:52). Ыйык Китеп жана тарых тастыктап тургандай, Исанын биринчи кылымдагы жолдоочулары душмандары менен согушкан эмес a (2 Тиметей 2:24).

 Душмандарыбызды сүйүүгө байланыштуу жаңылыш ойлор

 Жаңылыш ой: Кудайдын мыйзамына ылайык, ысрайылдыктар душмандарын жек көрүшү керек болчу.

 Чындык: Мыйзамда мындай буйрук жок болчу. Тескерисинче, ысрайылдыктардан жакынын сүйүү талап кылынган (Лебилер 19:18). Негизи, «жакын» деген сөз тек гана башка адамдарды билдирген. Бирок айрым жүйүттөр бул сөз жүйүттөргө карата гана колдонулат, ал эми жүйүт эместерди душман катары көрүп, аларды жек көрүш керек деп маанисин бурмалап салышкан (Матай 5:43, 44). Иса алардын туура эмес көз карашын оңдош үчүн самариялык киши тууралуу аңгеме айтып берген (Лука 10:29—37).

 Жаңылыш ой: Душмандарыбызды сүйүү деген алардын туура эмес иштерине көз жуумп коюу дегенди билдирет.

 Чындык: Ыйык Китепке ылайык, кимдир бирөөнү жакшы көрүү анын жаман иштерин да жакшы көрүү дегенди билдирбейт. Маселен, Иса зордук-зомбулукту айыптаган, бирок аны өлүм жазасына тарткандар үчүн тиленген (Лука 23:34). Ошондой эле ал мыйзамсыздыкты, башкача айтканда, күнөөнү жек көргөн, бирок күнөөкөрлөр үчүн өз өмүрүн берген (Жакан 3:16; Римдиктер 6:23).

a «Христианчылыктын башаты» деген китебинде Уильям Барнз аттуу тарыхчы мындай деп белгилеген: «Ушул күнгө чейинки тарыхый билдирүүлөрдү кылдат изилдеп чыккан соң Марк Аврелийдин [б.з. 161—180-жылдары башкарган Рим императору] башкаруусуна чейин Иса Машаяктын бир да жолдоочусу жоокер болгон эмес. Ал эми жоокер Машаяктын жолдоочусу болгондон кийин, андан ары аскердик кызматты өтөчү эмес» («The Rise of Christianity»).