Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Жумушту жумушуңарда калтыргыла

Жумушту жумушуңарда калтыргыла

 Азыркы заманда технологиялар барган сайын өнүгүп бараткандыктан, жумуш берүүчүлөр, кесиптештериңер же кардарларыңар силерди жумасына 7 күн, күнүнө 24 саат бою иштейт деп күтүшү мүмкүн. Ошонун айынан жумуш биринчи орунда туруп, жашоодогу маанилүү нерселерге, анын ичинде үй-бүлөгө убакыт табуу кыйынга турушу ыктымал.

 Эмнелерди билишиңер керек?

  •   Технологиялардын айынан жумушуңар үй-бүлөңөргө бөлө турган убакыттын ордун ээлеп алышы мүмкүн. Натыйжада силер жумуштан кийинки ар бир телефон чалууну, электрондук катты же текст билдирүүнү дароо өчүрүш керек болгон оттой көрүп аласыңар.

     «Азыркы заманда жумуштан үйүңө келип, үй-бүлөң менен жайбаракат отуруп сүйлөшкөн кол жеткис кыял болуп калды. Жумуштан кийин деле электрондук каттар көп келе бергендиктен, жумуштан чала беришкендиктен үй-бүлө жумуштун көлөкөсүндө калып калып жатат» (Жэннэт).

  •   Жумушуңар менен жеке жашооңорду тең салмакташтырыш үчүн демилгени колго алып, өзүңөр иш-аракет кылышыңар керек. Эгер баарын ойлонуштуруп албасаңар, жумушуңар жарыңарга арнай турган убакытты тартып алат.

     «Адатта: „Эми ал мени түшүнөт да, кечирбегенде каякка бармак эле. Аны менен башка күнү деле убакыт өткөрүп коём“ — деп, өмүрлүк жарыңарга кол шилтейсиңер» (Холли).

 Тең салмактуу болгонго жардам берген кеңештер

  •   Никеңерди биринчи орунга койгула. Ыйык Китепте: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деп айтылат (Матай 19:6). Эгер силерди кимдир бирөө ажыратпашы керек болсо, анда эмне үчүн жумуш ажыратышы керек?

     «Айрым кардарларым биз сага төлөп жаткандыктан, качан кайрылбайлы жооп беришиң керек деп ойлошот. Бирок никемдин биринчи орунда турушу керектигин түшүнгөндүктөн аларга иштебеген күндөрү жооп бере албай турганымды, алар менен кийинчерээк байланышарымды түшүндүрөм» (Марк).

     Ойлонуп көргүлө: «Никемди жумушуман өйдө көрөрүм иш-аракеттеримен көрүнүп турабы? Буга карата жубайымдын ою кандай?»

  •   Зарыл болбосо, кошумча иштегенден качкыла. Ыйык Китепте: «Акылмандык жөнөкөйлөргө мүнөздүү»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 11:2). Жөнөкөй болуп, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин унутпасак, айрым жумуштардан баш тартабыз же башка бирөөгө тапшырып коёбуз. Бул акылдуулукка жатат.

     «Мен суу түтүктөрүн оңдоп иштейм. Ошон үчүн кээде бирөөнүн бирдемесин оңдоп бериш керек болуп калат. Мындайда бара албай койбойсуң. Бирок бара албай кала турган болсом, ордума башка бирөөнү жөнөтөм» (Кристофер).

     Ойлонуп көргүлө: «Жубайым өзүнө көңүл бөлүнбөй калгандай сезип жатса, кошумча жумуштан баш тартканга даярмынбы? Буга карата жубайымдын ою кандай?»

  •   Чогуу болгонго убакыт бөлгүлө. Ыйык Китепте: «Бардык нерсенин өз убагы бар»,— делет (Насаатчы 3:1). Өзгөчө көп убакытты алган жумушта иштесеңер, өмүрлүк жарыңар менен чогуу болгонго сөзсүз убакыт бөлүп коюшуңар керек.

     «Иш чачтан көп болгон учурларда жолдошум экөөбүз качан чогуу убакыт өткөрө аларыбызды сүйлөшүп алабыз. Мейли чогуу тамактанабызбы же жээкти бойлой сейилдейбизби, ал учурда эч кимдин тоскоол болушуна жол бербейбиз» (Дебора).

     Ойлонуп көргүлө: «Жубайыма дайыма убакыт бөлүп, ал учурда эс нерсеге алаксыбаймынбы? Буга карата жубайымдын ою кандай?»

  •   Электрондук каражаттарды өчүрүп койгула. Ыйык Китепте: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла»,— деп жазылган (Филипиликтер 1:10). Жумушка байланыштуу маселелерге алаксый бербеш үчүн кээде электрондук каражаттарыңарды өчүрүп коё аласыңарбы?

     «Мен жумушту өз убактысында бүтүргөнгө аракет кылып жатам. Жумуштан кийин да иштебеш үчүн телефонумдагы билдирүүлөрдү кабыл алган функцияны өчүрүп коём» (Жереми).

     Ойлонуп көргүлө: «Жумуш берүүчүм же кардарларым чалганда же жазганда көрбөй калбашым үчүн дайыма байланышта болуп турушум керек деп эсептебеймби? Буга карата жубайымдын ою кандай?»

  •   Ийилчээк болгула. Ыйык Китепте: «Эстүүлүгүңөр бардык адамдарга белгилүү болсун»,— деп жазылат (Филипиликтер 4:5). Айтпаган менен болобу, кээде жумуш жарыңарга арнай турган убактыңарды уурдашы мүмкүн. Балким, жубайыңардын жумушу аны иш убактысынан кийин да байланышта болушун талап кылаттыр. Андайда акыл-эстүү болуп, жубайыңардан көп нерсени талап кылбаганыңар маанилүү.

     «Күйөөмдүн чакан бизнеси бар. Көп учурда жумуштан кийин бүтүрүшү керек болгон иштер чыгып калат. Кээде бул кыжырыма тиет. Ошентсе да бир-бирибиз менен көп убакыт өткөрөбүз. Ошон үчүн бул нерсе көп деле көйгөй туудурбайт» (Беверли).

     Ойлонуп көргүлө: «Жарымдын жумушу көп экенин эске алып, мага убакыт бөлүшүн өтө эле талап кыла бербейминби? Буга карата жубайымдын ою кандай?»

 Талкуулоо үчүн суроолор

Адегенде төмөнкү суроолорду ар бириңер өз-өзүнчө карап чыккыла. Анан жоопторун чогуу талкуулагыла.

  • Жарыңар үйгө келгенде да жумуш менен алек боло берериңерди айтып нааразы болду беле? Эгер ошондой болсо, анын айткандарына кошуласыңарбы?

  • Жумушка карата тең салмактуу болуш үчүн эмнелерди жакшыртса болот деп ойлойсуңар?

  • Жарым жумушун жумушта калтырбайт деп ойлогон учурларыңар болду беле? Эгер ошондой болсо, качан ошентти эле?

  • Жубайыңар жумушка карата тең салмактуу болуш үчүн эмнелерди өзгөртсө жакшы болмок деп ойлойсуңар?