Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Көйгөйлөрдү талкуулоо

Көйгөйлөрдү талкуулоо

КӨЙГӨЙ

Өмүрлүк жарыңар менен бир нерсени талкуулап, аягында баштагыдан да жаман акыбалда калган учурларыңар болобу? Эгер ошондой болсо, бул көйгөйдү чечсе болот. Бирок адегенде эркектер менен аялдардын ой жүгүртүүсү айырмаланарын билишиңер керек *.

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Аялдар, адатта, көйгөйдү кантип чечишти уккандан мурун, көйгөйдүн өзү жөнүндө сүйлөшүүнү жакшы көрөт. Кээде көйгөй тууралуу сүйлөшүүнүн өзү эле анын чечилиши болуп калат.

«Ичимдегини жолдошума айтканда жана анын мени түшүнөрүнө ынанганымда өзүмдү жакшыраак сезем. Сүйлөшкөндөн бир нече мүнөттөн кийин эле бир топ жеңилдеп калам» (Сирпе) *.

«Уйгу-туйгу кылып жаткан нерсени жолдошума айтмайын, тынч ала албайм. Айтып алгандан кийин эс алып калам» (Ае-Жин).

«Бул тергөө ишин жүргүзгөнгө окшош. Жолдошум менен сүйлөшкөндө көйгөйдү талдап, тамырын тапканга аракет кылам» (Лурдес).

Эркектер дароо эле көйгөйдү кантип чечиш керектигин ойлошот. Мунун таң калыштуу эч нерсеси жок, анткени алар көйгөйдү чечкенде өзүн милдетин жакшы аткаргандай сезишет жана жубайына көйгөйдү кантип чечсе болорун айтуу менен жубайы ага таяна аларын көрсөтүшөт. Ошондуктан жубайынын анын сунушун дароо кабыл албаганы катуу тиет. Кирк деген киши: «Эгер көйгөйдү кантип чечсе болорун уккусу келбесе, анда ал жөнүндө сөз козгоп эмне кереги бар?!» — деп таң калат.

Анткен менен никеге байланыштуу бир китепте «кеңеш берерден мурун түшүнүү зарыл» экени айтылган. Ал китепте: «Маселени кантип чечишти айтардан мурун жубайыңар аны жана көйгөйдү толук түшүнүп жатканыңарга ынангыдай болушу керек. Көпчүлүк учурда жубайыңар көйгөйдү чечүүнү эмес, жөн гана аны кунт коюп угушуңарды каалайт»,— деп жазылган («The Seven Principles for Making Marriage Work»).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Күйөөлөргө кеңеш: Жубайыңарды дайыма дит коюп угуп, аны түшүнүүгө аракет кылгыла. Томас деген бир киши мындай дейт: «Кээде аялымды уккандан кийин ичимен: „Эч нерсе деле кылган жокмун“,— деп ойлоном. Бирок ага көбүнесе угуп койгонум эле жетиштүү болот». Стефан да ушул ойго кошулуп мындай дейт: «Мен аялымды сөзүн бөлбөй угууну туура көрөм. Анткени ичиндегисин айтып алгандан кийин ал өзүн жакшыраак сезип калганын айтат».

Колдонуп көргүлө: Кийинки жолу жубайыңар менен сүйлөшкөндө өзү сурабаса, кеңеш айтууга шашылбагыла. Сүйлөп жатканда жүзүнө карап, кунт коюп уккула. Айткандарына кошуларыңарды билдирип, башыңарды ийкеп тургула. Түшүнүп жатканыңарды көрсөтүш үчүн айткандарынын айрым нерселерин кайталап койсоңор да болот. «Кээде жубайым тек гана аны түшүнөрүмө жана колдоорума ынангысы келет»,— дейт Чарлз. (Ыйык Китептеги принцип: Жакып 1:19.)

Зайыптарга кеңеш: Жолдошуңарга анын эмне кылышын каалап жатканыңарды айткыла. «Албетте, жолдошуң эмнеге муктаж болуп жатканыңды билишин каалайсың, бирок кээде ошону жакшылап түшүндүрүп берүүгө туура келет»,— дейт Элени. Ал эми Инез мындай дейт: «Мен жолдошума: „Бир нерсеге түпөйүл болуп жатам, ошол тууралуу сени менен сүйлөшөйүн дегем. Мен ал көйгөйдү чечип беришиңди эмес, болгону, мени угуп коюшуңду каалайм“,— демекмин».

Колдонуп көргүлө: Эгер жолдошуңар дароо эле көйгөйдү кантип чечсе болорун айтып кирсе, „мени түшүнбөйт“ деп жыйынтык чыгарууга шашылбагыла. Балким, ал ушундайча жүгүңөрдү жеңилдетүүнү каалап жаткандыр. «Ага ачуулануунун ордуна, „жолдошум мага кам көрөт, мени уккусу келет, бирок ошол эле учурда, жардам бергиси да келет“ деп ойлонууга аракет кылам»,— дейт Эстер. (Ыйык Китептеги принцип: Римдиктер 12:10.)

Экөөнө тең тиешелүү кеңеш: Биз өзүбүзгө башкалардын кандай мамиле кылышын кааласак, башкаларга да, адатта, ошондой мамиле кылабыз. Бирок көйгөйлөрдү талкуулоодо өмүрлүк жарыңардын ага кандай мамиле кылышыңарды каалап жатканын эске алышыңар керек (1 Корунттуктар 10:24). Мигел деген киши бул тууралуу мындай дейт: «Эгер күйөө болсоңор, жубайыңарды дайыма угууга даяр болгула. Зайып болсоңор, кээде жолдошуңардын кеңешин, сунушун угууга даяр болгула. Эки тарап тең аракет кылса, экөөнө тең жакшы болот». (Ыйык Китептеги принцип: 1 Петир 3:8.)

^ 4-абз. Бул макалада айтылган мүнөздөмөлөр бардык эле эркектер менен аялдарга тиешелүү болбошу мүмкүн. Анткен менен талкууланган принциптер үй-бүлөлүү адамдын кимисине болбосун өмүрлүк жолдошун жакшыраак түшүнүүгө, жакшыраак пикир алмашууга жардам берет.

^ 7-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлдү.