Мазмунун көрсөтүү

Пандемия аларды токтоткон жок

Пандемия аларды токтоткон жок

 COVID-19 пандемиясы учурунда ишенимдештерибиз Ыйык Китептен соорото турган кабарды башкаларга айтуунун жаңы жолдорун табышкан. Алар эл көп жерде же үймө-үй кыдырып кабар айта албагандыктан, негизинен, телефон жана кат аркылуу кабар айта башташкан a. Көптөр алардын эмгегин баалап калышты. Жахабанын аларга батасын берип жатканына шек жок (Накыл сөздөр 16:3, 4). Анда бир арал-өлкөдө болгон бир нече окуяга токтололу.

 Пандемияга чейин Хелен бир кызга дайыма барып турчу жана ага Ыйык Китепти изилдегенди сунуштап турчу. Бирок тиги кыз такыр макул болчу эмес. Ошентсе да Хелен COVID-19 пандемиясынан улам үйдөн чыкканга тыюу салынганга чейин ага Ыйык Китеп менен «Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» деген китепти бергенге жетишип калган. Баары үйдө отуруп калганда, Хелен ал кызга дагы бир жолу Ыйык Китепти изилдегенди сунуштап, муну телефон аркылуу кылса болорун түшүндүргөн. Мунусунда ал макул болгон. Изилдөө ага абдан жаккандыктан көп өтпөй эле күн сайын изилдейличи деп айткан. Ошондой эле телефон менен туташып, жолугушууларга үзбөй катыша баштаган. Ал эле эмес, билгендерин жашоосунда колдонгондон тышкары, алар жөнүндө башкаларга да айта баштаган.

 Бир жыйналыштагы Жахабанын Күбөлөрү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, полиция участогуна кат жазышкан. Тигилер буга айран таң калышкан. Бир полиция кызматкери жыйналышта аксакал болуп кызмат кылган Жеферсонго: «Мен силерди полиция кызматкерлерин жаман көрөт деп ойлогом»,— деген. Жеферсон таптакыр андай эмес экенин айткан. Каттагы жылуу сөздөр алардын жүрөгүн ушунчалык козгогондуктан катты участоктун кире беришине илип коюшкан. Алардын бири: «Ким билет, балким, бул кат башкаларга биз жөнүндө жакшы ойдо болгонго жардам береттир»,— деп айткан.

 Эдна менен Эдналин үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылышат b. Алардын үйүндө интернет жок болгондуктан, жолугушууларга видеобайланыш аркылуу катыша албай коюшкан. Ошондуктан алар Жахабанын Күбөсү болбогон кошунасына чалып, анын вай-файына туташса болор-болбосун сурап, акчасын төлөп берерин айтышкан. Эдна менен Эдналин ал аялды жолугушууга катышканга чакырышса, ал дароо макул болгон. Азыр ал аял уулу жана эки небереси менен Ыйык Китепти изилдеп, жолугушууларга калтырбай катышып жатышат.

 Жергиликтүү бир туугандар кошуналарын, кесиптештерин жана башкаларды видеобайланыш аркылуу өткөрүлгөн жалпыга арналган баяндамага чакырышкан. Бул — ооруканада иштеген Эллейндин окуясы. Башында ал кесиптештерин жолугушууга чакырсамбы же жокпу деп эки анжы болуп жаткан. Ал доктурлар Жахабанын Күбөлөрүн жактырбайт болуш керек деп ойлогон. Ошентсе да коркунучун жеңип, өзүнүн ооруканасындагы бардык доктурларга чакыруу жиберген. Эллейн, айрыкча, эки доктурду, жубайларды, чакыргандан коркуп жаткан болчу. Бирок баарын жакшылап ойлонуп тиленгенден кийин аларды да чакырайын деген. Аялы ага: «Эмне, мени өзүңдүн диниңе тартайын деп жатасыңбы?» — деп жазган. Эллейн ага жолугушууга Жахабанын Күбөлөрү эле эмес, баары катыша аларын түшүндүргөн. Кийинки күнү ал жубайлардын жолугушууга эртерээк туташканын көргөндө Эллейндин канчалык таң калганын элестетсеңер! Эллейн мындай дейт: «Жыйналыш бүткөнгө чейин эле аялы мага: „Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушуусуна биринчи жолу катышып жатам. Жакшы болду, мага жакты. Чакырганыңа рахмат“»,— деп жазып жибериптир.

Эллейн

 Эллейн жолугушууга 20 доктурду чакырган болчу. Алардын 16сы туташканын көргөндө аябай кубанган! Ал элчи Пабылдын сөздөрүн келтирип: «„Кудайдын жакшы кабарын“ кесиптештериме „жарыялаш үчүн кайраттанганым үчүн“ сүйүнөм»,— дейт (1 Тесалоникалыктар 2:2).

 Пандемия ар бир киши үчүн оор сыноо болду. Бирок ушул жана башка өлкөлөрдөгү ишенимдештерибиз кубанычын кемитпей, оң маанай сактап жатышат. Алар башкаларды сооротуп-жубатып, дем-күч берип жатышат (Элчилер 20:35).

a Жахабанын Күбөлөрү кабар айтуу кызматын жеке маалыматты коргоого байланыштуу мыйзамдардын чегинде жүргүзүшөт.

b Пионерлер — убактысынын көбүн кабар айтуу ишине жумшаган кызматчылар.