Мазмунун көрсөтүү

Ооруп жаткандарды жубатып, жардам көрсөтүү

Ооруп жаткандарды жубатып, жардам көрсөтүү

Олуттуу дартка чалдыккандар ар кайсыны ойлоп, санаасы санга бөлүнөт. Айрыкча, ооруканага жатыш керек болгондо ого бетер тынчсызданып, катуу кабатыр болушат. Ден соолукка кам көрүүгө байланыштуу бир журналда айтылгандай, «сооротуп-жубатып, кайраттандыруу жана диний муктаждыгын канааттандыруу бейтаптын саламаттыгына зор пайдасын тийгизери изилдөөлөрдөн анык болгон» *.

Жахабанын Күбөлөрү бул кеңешке ылайык иш кылып, ооруканада жаткан ишенимдештеринин ошол муктаждыгын канааттандырып, керектүү жардамды көрсөтүүдө. Жыйналышындагылардан кимдир бирөө ооруп калганда, жергиликтүү аксакалдар аларга барыш үчүн демилгени колго алышат. Бирок Жахабанын Күбөсү үйүнөн алыс жактагы ооруканада жатсачы? Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү ири шаарларда Бейтаптарга баруу топторун (ББТ) уюштурушат. Бул топтогу аксакалдар дарыланыш үчүн өлкөнүн башка аймактарынан же башка өлкөлөрдөн келип, ооруканада жаткан Жахабанын Күбөлөрүнө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө барып турушат. Алты континенттеги 1 900дөй ББТга 28 000ден ашуун ыктыярчы кирет *.

ББТ кантип жубатат?

ББТнын мүчөсү болгон Уильям мындай деген: «Менде Жахабанын Күбөлөрү жана алардын Жахабанын Күбөсү болбогон жакындары менен сүйлөшүп, айткандарын угуп, кайраттандырууга мүмкүнчүлүк болду. Мен аларды Жахаба алар туш болгон кыйынчылыкты көрүп турарын жана сөзсүз кам көрөрүн айтып, ынандырам. Ооруканада жаткандар жана алардын жакындары, аларга жардам беришин сурап Жахабадан тиленгенибизге абдан ыраазы болушат».

Көптөр ББТдагы бир туугандардын кайраттандырып, колдоо көрсөткөнүнө ыраазычылык билдиришкен. Төмөндө Кошмо Штаттардагы ББТнын мүчөсү болуп кызмат кылган 7 000ге жакын кишиге бейтаптарды сооротуп-жубатканы үчүн ыраазы болгон айрым бир туугандардын айткандары жазылды.

  • Прискилла мындай деген: «Атам инсульт болуп ооруканада жатканда, ал-акыбалын сурап келгениңерге чоң рахмат. Атам силердин келгениңерге ушунчалык ыраазы болду. Атайын ушундай иш-чаранын уюштурулганына аябай таң калды. Силердин келип кеткениңер атамдын батыраак сакайып кетишине дем-күч берди деп ойлойм».

  • Офилиянын апасы ооруканада жатканда каза болгон. Ал апасын көргөнү келип кеткен ББТнын өкүлдөрүнө ыраазы экенин мындай деп билдирген: «Силердин келип кеткениңер апам үчүн абдан маанилүү болду. Ал силерди Жахаба жиберди деп кабыл алды. Чын жүрөктөн кам көргөнүңөргө чоң рахмат».

  • Бир ишенимдешибиз саналуу эле күндөрү калганын билгенде аябай жаман болгон. ББТнын мүчөсү болгон Жеймс аны менен сүйлөшүп, Ыйык Китептеги Филипиликтер 4:6, 7деги үмүт берерлик сөздөрдү окуп берген. Жеймс мындай деген: «Эртеси барсам, ал таптакыр башка киши болуп калыптыр. Оорудан баш көтөрбөй турганын билсе да, Жахабанын колдооруна бекем ишенип, келечекке үмүт менен карап калыптыр. Ошентип, ал кайра мени бекемдеп койду!»

ББТ иш жүзүндө кандай жардам көрсөтөт?

Паулинанын жолдошу үйүнөн алыс жактагы ооруканада жатканда көз жумган. Паулина мындай деп жазган: «Бүт үй-бүлөбүздүн башына оор мүшкүл түшүп, кыйналып турган учурда кубаттап, жардам бергениңерге рахмат. Эртеси жумушка чыгышыңар керек болгонуна карабай, бизди тосуп алыш үчүн түн ортосунда ооруканага келериңерди билгенде эле, кадимкидей бел байлап, кайраттанып калдык. Баарыбыздын, он бирөөбүздүн тең, уктап эс алып алышыбызга кам көргөнүңөргө жана акырына чейин жаныбызда болуп, күч берип турганыңарга рахмат. Бизди сооротуп-жубатыш үчүн ушундай чара көргөнүнө Жахабага жана анын уюмуна чексиз ыраазымын».

Ники эки сиңдиси, Гаел жана Робин, менен үйүнөн 300 чакырымдай алыс жерде жол кырсыгына кабылышкан. ББТнын мүчөсү болгон Карлоско бул тууралуу билдиришкенде, ал аларды алып бара турган ооруканага дароо барып калган. Карлос: «Аларга кандай жардам керек болсо, баарын кылганга даяр экенимди айттым. Никини ичкери алып кирип, дарылап жатышканда анын күчүгүн кармап турдум»,— деген. Анан ББТнын дагы бир мүчөсү болгон Куртиз жубайы менен келип калган. Алар Никилердин үйүндөгүлөрү келгиче бир нече саат бою ооруканадан кетпей турушкан. Буга күбө болгон бир киши мындай деп айткан: «Ушундай колдоону көргөндө үчөө тең кубаттанып калышты. Никинин бир сиңдиси, Робин, Жахабанын Күбөсү эмес болчу. Ал ББТга мүчө болгон бир туугандардын жардам бериш үчүн колунан келгендин баарын кылып жатканын көргөндө аябай таң калып, таасирленди».

^ 2-абз. «Бейтаптын эмоциялык жана диний муктаждыгын канааттандыруу» деген макаладан алынды («The Joint Commission Journal on Quality and Patient Safety», 2003-жыл, декабрь, 29-бөлүм, №12, 661-бет).

^ 3-абз. Жахабанын Күбөсү болгон бардык аксакалдар сыяктуу эле, ББТнын мүчөсү болгон аксакалдар да жергиликтүү жыйналыштагы ишенимдештерин Ыйык Китепти колдонуп кайраттандырышат, окутушат жана жакшы кабарды жарыялашат. Алар бул иштерди кылганы үчүн акы алышпайт, бирок ишенимдештерине даярдуулук менен чын көңүлдөн кызмат кылышат (1 Петир 5:2).