Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакыныбыз ооруп калганда...

Жакыныбыз ооруп калганда...

«Атам ооруканадан чыгарда доктурунан кандын анализин дагы бир жолу карап көрүшүн сурандык. Ал анализдин жакшы экенин айткан, бирок дагы бир жолу карап чыкты. Көрсө, эки көрсөткүч нормадан жогору экен. Ошондо кечирим сурап, тийиштүү адисти чакырды. Буюрса, атам жакшы болуп баратат. Доктурдан ошентип суранганыбыз абдан жакшы болуптур» (Марибел).

Доктурга барарда оорулуунун ичкен дарысын, дартынын белгилерин жазып алгыла

Доктурга барганда же ооруканада жатканда киши аябай стресс болушу мүмкүн. Андайда жанында досу же тууганы болгону маанилүү экени, атүгүл өмүрүн сактап калышы мүмкүн экени Марибелдин окуясынан көрүнүп турат. Келгиле, жакыныңарга канткенде жакшыраак жардам бере аларыңарды карап чыгалы.

Доктурга барарда. Жакыныңарга оорусунун белгилерин, ичип жаткан дарыларын, доктурдан сурай турган нерселерди жазып алганга, ошондой эле акыбалына байланыштуу майда-чүйдө нерселерди же жакын туугандарынын ооруларын эстегенге жардам бергиле. Доктур ал нерселерди билет же өзү сурайт деп ойлобогула.

Кунт коюп уккула, сурагыла, керектүү нерселерди жазып алгыла

Доктурга барганда. Доктурдун айткандарын жакшы түшүнүп алгыла, бейтаптын да жакшы түшүнгөнүнө ынангыла. Суроо бергиле, бирок корс сүйлөбөгүлө. Жакыныңарга суроо бергенге, өзү жөнүндө өзү айтып бергенге мүмкүнчүлүк бергиле. Кунт коюп угуп, керектүү нерсени жазып алгыла. Дарылануунун дагы кандай жолдору бар экенин сурагыла. Кээде бейтапка дагы башка адис менен кеңешип көрүүнү сунуштоо пайдалуу болушу мүмкүн.

Доктурдун жазгандарын карап чыккыла

Доктурга көрүнгөндөн кийин. Бейтап менен доктур жазып бергендерди карап чыккыла. Анын доктур жазган дарыларды сатып алганына жана доктур айткандай ичип турушуна көңүл бургула. Дарынын терс таасирин байкаса, дароо доктурга билдиришин айткыла. Оң маанай сактаганга жана андан ары да доктур айтканды кыла берүүгө үндөгүлө. Оорусу жөнүндө көбүрөөк маалымат алууга жардам бергиле.

Ооруканада

Бардык кагаздардын туура толтурулганын текшергиле

Токтоо, баамчыл болгула. Жакыныңар ооруканага барарда тынчсызданышы, коркушу мүмкүн болгондуктан, силердин токтоо, баамчыл болгонуңар маанилүү. Бул баарына жакшы таасир этет. Ошондо эч ким кандайдыр бир ката кетирип албайт. Дарт баяны туура жазылганына көңүл бургула. Бейтап дарыланууга байланыштуу чечимди толук маалымдар болуп туруп чыгарууга акылуу, анын ошондой укугун сыйлагыла. Ал эми ал чечим чыгаргыдай абалда эмес болсо, алдын ала жазуу түрүндө билдирген оюн, жакын тууганынын же өкүлүнүн оюн эске алгыла *.

Байкаган нерселериңерди доктурга айтып тургула

Демилгени колго алгыла. Оюңарды айтуудан тартынбагыла. Таза, тыкан сырткы көрүнүшүңөр, сылык сүйлөгөнүңөр доктурларга бейтапка жакшылап көңүл бурууга, атүгүл аны жакшыраак кароого түрткү бериши мүмкүн. Адатта бейтапты бир нече доктур карайт. Аларга башка доктурлардын оюн айтканыңар жакшы жардам болот. Оорулуу кишинин ден соолугундагы, психикасындагы өзгөрүүлөрдү байкагыла.

Жолтоо болбой тургандай кылып жардам бергиле

Урмат көрсөткүлө, ыраазычылык билдиргиле. Ооруканада иштегендер стресске көп кабылышат. Аларга силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, ошондой мамиле кылгыла (Матай 7:12). Алардын билимин, тажрыйбасын, жөндөмүн эске алып, урмат көрсөткүлө жана эмгегине ыраазычылык билдиргиле. Ошентсеңер, алар колунан келгенин баарын кылууга дилгир болушат.

Оору эч кимден кыя өтпөйт. Бирок айрым нерселерди көрө билип, керектүү жардам көрсөтсөңөр, досуңарга же тууганыңарга оор учурда жөлөк боло аласыңар (Накыл сөздөр 17:17).

^ 8-абз. Бейтаптын укугуна, милдетине байланыштуу мыйзамдар ар кайсы жерде ар кандай. Бейтаптын документтеринде дарылануу ыкмасына карата ою толук жазылганын жана акыркы ою жазылганын текшергиле.