Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Катаңдан сабак ал

Катаңдан сабак ал

Жүктөп алуу

  1. 1. Дүйнөдө жок бир да жан

    Ак жолдон тайбаган.

    Жаңылып-жазбай,

    Дайым туура иш кылган.

    Жаза бастың сен да,

    Бирок такыр багынба.

    Өзүңдү таштап салбай,

    Жахабанын жардамын кабыл ал.

    КАЙЫРМА

    Чалынып куласаң,

    Өйдө тур кайрадан.

    Өзгөртүп жашооңду,

    Өткөндөн сабак ал.

    Жахаба тургузат,

    Бекем карма колунан.

    Кайра күчтүү кылат,

    Күмөн санаба мындан.

    Катаңдан сабак ал.

  2. 2. Ал күндөр өттү-кетти,

    Кайрылбайт эми артка.

    Өткөндү эстей берип

    Жүрөгүң мыкчылат.

    Кайратыңды жыйнап

    Арт жүгүңдү Кудайга.

    Жетек берет ал сага

    Ак барактан баарын баштаганга.

    КАЙЫРМА

    Чалынып куласаң,

    Өйдө тур кайрадан.

    Өзгөртүп жашооңду,

    Өткөндөн сабак ал.

    Жахаба тургузат,

    Бекем карма колунан.

    Кайра күчтүү кылат,

    Күмөн санаба мындан.

    КӨПҮРӨ

    Айыптаса да жүрөгүң,

    Кудайыбыздын сүйүүсү

    Чоң экенин жүрөгүбүздөн унутпа.

    Эсте сакта.

    КАЙЫРМА

    Чалынып куласаң,

    Өйдө тур кайрадан.

    Өзгөртүп жашооңду,

    Өткөндөн сабак ал.

    Жахаба тургузат,

    Бекем карма колунан.

    Кайра күчтүү кылат,

    Күмөн санаба мындан.

    Катаңдан сабак ал.

    Бул келет колуңан!