Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакшысын арнайм сага

Жакшысын арнайм сага

Жүктөп алуу

  1. 1. Турам тогуз жолдун тоомунда,

    Бет аламын кайсы багытка?

    Келдиби учур арналууга,

    Убада бергенге Кудайга?

    Өткөндөр анын тарабына

    Алышат мол бата.

    Эч ким кылбайт муну менин ордума,

    Тандаймын өзүм гана.

    КАЙЫРМА

    Бел байладым жооп кайтарууга

    Сенин чакырыгыңа.

    Күч-кубат берчи, кайрат качканда,

    Жакшысын арнайм сага.

    Жакшысын арнайм сага.

  2. 2. Жакын болуп Жаратканыма,

    Үмүт артам өмүр алганга.

    Ишенемин Жахабага,

    Бир да Кудай жок теңдеш ага.

    Келген эмеспиз бул жарыкка

    Оюн-зоок курганга.

    Жан үрөп кызмат кылам жаш чагымда

    Иса экөөң тарапта.

    КАЙЫРМА

    Бел байладым жооп кайтарууга

    Сенин чакырыгыңа.

    Күч-кубат берчи, кайрат качканда,

    Жакшысын арнайм сага.

    Жакшысын арнайм сага.

    Жакшысын арнайм сага.

    Жакшысын арнайм сага.