Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

139-ЫР

Жаңы дүйнөдө сен да бол

Жаңы дүйнөдө сен да бол

(Аян 21:1—5)

  1. 1. Мен жашайын, сен да жаша

    Кулпунган кооз Бейиш заманында.

    Күтүп турат ал келечек,

    Өзүңдү ал жерде элестет.

    Согуш токтоп, тынчтык болот.

    Кудай өз бийлигин орнотот.

    Жер бетинде жаңы жашоо башталат.

    Чын жүрөктөн ырдайбыз

    Кудайды даңктап:

    КАЙЫРМА

    «Жахаба, баарын жаңы жараттың

    Башкаруусу аркылуу Исанын.

    Жан-дилден билдиребиз ыраазычылык.

    Алкыш, урмат-сый бир сага гана таандык».

  2. 2. Мен жашайын, сен да жаша.

    Ал келечектен көзүңдү алба.

    Жашайбыз биз бейкуттукта,

    Коркунуч болбойт эч убакта.

    Бул убада орундалат.

    Кудай өз эли менен жашайт.

    Ойгонот өлүм уйкусундагылар.

    Бизге кошулуп,

    даңктайт Кудайды алар:

    КАЙЫРМА

    «Жахаба, баарын жаңы жараттың

    Башкаруусу аркылуу Исанын.

    Жан-дилден билдиребиз ыраазычылык.

    Алкыш, урмат-сый бир сага гана таандык».