Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТАРТУУҢАР КАЯККА ЖУМШАЛАТ?

«Жердин учу-кыйырына чейин» жөнөтүлгөн миссионерлер

«Жердин учу-кыйырына чейин» жөнөтүлгөн миссионерлер

1-ИЮНЬ, 2021

 Иса шакирттерине: «Жердин учу-кыйырына чейин менин күбөлөрүм болосуңар»,— деген (Элчилер 1:8). Исанын бул сөздөрүн бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрү жигердүүлүк менен аткарып жатышат. Анткен менен дүйнөнүн булуң-бурчундагы эл жыш отурукташкан кээ бир чоң аймактарга кабар жакшы жете элек. Ал эми айрым өлкөлөрдө Жахабанын Күбөлөрү аз эле санда (Матай 9:37, 38). Мүмкүн болушунча көп адамга кабар айтыш үчүн биздин уюм эмнелерди кылат?

 Исанын буйругун аткарыш үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү кеңешинин Кызмат комитети жарчыларга муктаждык болгон жерлерге талаа миссионерлерин жөнөтүшөт. Учурда дүйнө жүзү боюнча 3 090 талаа миссионери кызмат кылат a. Алар Падышалыктын жарчыларынын мектебинен билим алышкан. Миссионерлер өз өлкөсүн калтырып, башка өлкөгө даярдуулук менен көчүп барышат. Алган билиминин аркасында жетилген, тажрыйбалуу ал бир туугандарыбыз жакшы кабардын таратылышына чоң салым кошууда. Ошондой эле жаңы жарчыларга жакшы үлгү көрсөтүүдө.

Миссионерлер жарчыларга муктаждык бар жерлерде жакшы кабарды таратууга жардам берет

Башкаларга жардам бере алышы үчүн миссионерлерге жардам берүү

 Ар филиалдагы кызмат бөлүмүндө талаа кызматчыларынын үстөлү бар. Ал үстөл миссионерлердин муктаждыктарына, алсак, турак жай, ден соолук, жөлөк пул сыяктуу нерселерге кам көрүш үчүн филиалдын комитети менен кызматташат. 2020-кызмат жылында Жахабанын Күбөлөрү болжол менен 27 миллиондой АКШ долларын миссионерлерге кам көрүш үчүн сарпташкан. Ушундай чаранын аркасында миссионерлер бүт көңүлүн, бүт күчүн кызматына, ошондой эле жергиликтүү жыйналыштарды бекемдөөгө топтой алышат.

Миссионерлер жыйналыштагыларга дем-күч берет

 Талаа миссионерлери кабар айтуу ишине кандай салым кошуп жатышат? Малавидеги филиалдын комитетинин мүчөсү болуп кызмат кылган Фрэнк Мэдсен мындай дейт: «Эр жүрөк, кабар айтууда чебер миссионерлер жыйналыштарга татаал аймактарды иштеткенге жардам беришти. Алсак, чоочундар кире албаган жана бөтөн тилде сүйлөгөн аймактарды иштетишти. Ошондой эле алар жергиликтүү тилди, маданиятты өздөштүргөнгө бүт күчүн жумшашат. Муну менен башкаларга жакшы үлгү көрсөтүшөт. Андан сырткары, жаштарга толук убакыт кызмат кылууга түрткү беришет. Ушундай талаа миссионерлери болгону үчүн Жахабага миң мертебе ыраазыбыз!»

 Дагы башка өлкөдөгү филиалдын комитетинин мүчөсү мындай деп ой бөлүшкөн: «Жахабанын эли дүйнө жүзү боюнча биримдүү эл экенин миссионерлердин үлгүсүнөн айкын көрүүгө болот. Атүгүл Жахабанын Күбөсү эместер маданияттагы айырмачылыктар бизди бөлүп-жарбай турганын байкашат. Алар ортодогу биримдигибизди сактаганга Ыйык Китептеги окуулар жардам берип жатканына күбө болушууда».

 Талаа миссионерлери өздөрү дайындалган жерлердеги жарчыларга кантип көмөк көрсөтүүдө? Тимор-Лестеде кызмат кылган Паоло деген ишенимдешибиз анын жыйналышына дайындалган миссионерлер тууралуу мындай деген: «Биз жашаган аймактын ысыгы мээ кайнатат. Ал эми бизге дайындалган жубайлар суук өлкөдөн келишкен. Ошентсе да ысыкка карабай дайыма кызматта жүрүшөт. Эртең мененки кабар айтуу жолугушууларын эч качан калтырышпайт. Алардын чак түштө, күн кайнап турган маалда да, кечинде да адамдарга кайра жолугуш үчүн баратканын көп көрүп калам. Ал миссионерлер көптөргө, анын ичинде мага чындык жолуна түшкөнгө жардам берди. Алардын жалындап кызматын, бүт өмүрүн Жахабага арнап жатканын көрүп, жыйналыштагылар да Жахабага көбүрөөк кызмат кылганга түрткү алып жатат».

 Малавиде үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылган Кэтти деген ишенимдешибиз миссионерлердин анын үй-бүлөсүнө кантип жардам бергенин мындай деп эскерет: «Ал жубайлар жыйналышыбызга дайындалганда, үй-бүлөмдөн мен эле Жахабанын Күбөсү болчумун. Алар мага көп жагынан колдоо көрсөтүштү. Үйдөгүлөрүмө да жакын болуп калышты. Аларды көрүп балдарым Жахабага кызмат кылгандар бактылуу экенин жана канааттануу тартуулаган жашоо өткөрөрүн түшүнүштү. Миссионерлердин жакшы үлгүсүнүн аркасында үч кызым үзгүлтүксүз пионердик кызматты баштады. Жолдошум да жолугушууларга катыша баштады».

 Миссионерлердин кем-карчы эмненин эсебинен жабылат? Алар бүткүл дүйнөлүк ишке тартуу кылганыңардын аркасында жабылууда. Андай тартуулардын көбү donate.isa4310.com сайты аркылуу жана башка жолдор менен жөнөтүлөт. Ушундай марттык менен көрсөтүп жаткан колдооңорду жогору баалайбыз.

a Бул миссионерлер жакшы кабар айтыла элек аймактары көп болгон жыйналыштарга дайындалышкан. Дагы 1 001 талаа миссионери кыдыруучулук кызматты аркалашат.