Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТАРТУУҢАР КАЯККА ЖУМШАЛАТ?

Видеобайланыш аркылуу өткөн жолугушуулар

Видеобайланыш аркылуу өткөн жолугушуулар

26-ИЮНЬ, 2020

 Дүйнө жүзүндөгү көп өкмөттөр социалдык аралыкты сактаганга буйрук берип, көп киши болуп чогулганга тыюу салды. Жахабанын Күбөлөрү ал чектөөлөргө баш ийип, ошол эле учурда Кудайга чогуу сыйынуунун коопсуз жолун табышты. Алсак, жолугушууларды өткөрүш үчүн жыйналыштар «Zoom» сыяктуу видеобайланыш тиркемелерин колдонуп жатышат.

 Жолугушуулар коопсуз, үзгүлтүккө учурабай өтүшү үчүн, Жетектөөчү Кеңеш жыйналыштар үчүн тартуулардын эсебинен «Zoom» аккаунттарын сатып алганга уруксат берди. Бул айрым жыйналыштар үчүн аябай чоң жардам болууда. Анткени алардын 15—20 АКШ доллары же андан да кымбат турган аккаунттарды сатып алганга кудурети жетчү эмес. Ал жыйналыштар көп учурда акысыз тиркемелерди колдонуп келишкен. Бирок андай тиркемелер чектелүү эле адамдарды кошконго мүмкүнчүлүк берчү. Коопсуз эмес да болчу. Ал эми уюм сатып берген «Zoom» аккаунттары коопсуз жана анын жөндөөлөрү колдонгонго оңой. Ошондой эле жолугушууга көп кишини кошконго шарт түзөт. Андай аккаунттарды ушул күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча 170тен ашуун өлкөдөгү 65 000ден ашык жыйналыш колдонуп жатат.

 Манадодогу (Түндүк Сулавеси, Индонезия) «Кайраги» жыйналышы мурда видеобайланыш аркылуу жолугушуу өткөрүш үчүн акысыз тиркеме колдончу. Азыр болсо уюм сатып берген «Zoom» аккаунтун колдонуп жатат. Хади Сантосо деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Электрондук каражаттарды анча колдоно албаган бир туугандарыбыз да жыйналыштан кубаныч алып жатышат. Себеби аларга бир эле жолугушуу учурунда, мөөнөтү бүтүп калгандыктан, мурдагыдай болуп кайра-кайра киргенге туура келбейт».

 «Гуайяканес Оэсте» (Гуаякиль, Эквадор) жыйналышында кызмат кылган Лестер Кихон деген аксакал мындай деп ой бөлүшөт: «Биз жакта бир туугандарыбыздын көбү акча жагынан кыйналып жашашат. Ошондуктан айрым жыйналыштарга бир туугандардын баары катыша ала турган жолугушуу үчүн „Zoom“ тиркемесинин лицензиясын алганга чамасы жетпейт. Азыр уюм алып берген «Zoom» аккаунтун колдонгондуктан жолугушууга көп киши чакыра алабыз. Кишилердин саны белгиленген чектен ашып кетет деп да коркпой калдык».

 «Нгвере Түндүк» жыйналышындагы (Лусака, Замбия) Жонсон Муаза деген аксакал мындай деген: «Жыйналыштагылардын көбү: „Уюм сатып берген “Zoom” тиркемесин колдонуп жаткандыктан бири-бирибизге жакын болуп калдык. Ошондой эле Жахабанын сүйүүсүн, камкордугун сезип жатабыз“,— деп көп айтып калышат».

 Уюмдун бул аккаунттары кырсыктан жабыр тарткандар үчүн бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сатылып алынат. Ал каражаттар — силердин бүткүл дүйнөлүк иш үчүн өз ыктыярыңар менен берген тартууларыңар. Тартуулардын көбү donate.isa4310.com сайты аркылуу кылынып жатат. Ал тартуулар төгөрөктүн төрт бурчундагы жардам берүү иштерине да жумшалып жатат (2 Корунттуктар 8:14). Марттыгыңар үчүн силерге терең ыраазычылык билдиребиз.