Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын илимден алда канча алдыда жүргөн гигиенага байланыштуу мыйзамдары

Кудайдын илимден алда канча алдыда жүргөн гигиенага байланыштуу мыйзамдары

 Мындан 35 кылымдай мурун, ысрайыл эли Кудай убада кылган жердин босогосунда турганда, Кудай аларды Мисирде жүргөндө билген «жаман дарттардын» баарынан сактаарын айткан (Мыйзам 7:15). Алардан коргош үчүн Кудай оорунун жайылып кетишине бөгөт койгон жана гигиенага байланыштуу ийне-жибине чейин түшүндүрүлгөн көрсөтмөлөрдү берген. Мисалы:

  •   Ысрайыл элине берилген мыйзамга ылайык, жуунуп, кийимди жууп туруу талап кылынган (Лебилер 15:4—27).

  •   Кудай заң-заарага карата мындай буйрук берген: «Конуштун сыртынан өзүнчө жер бөлүп кой, зарыл учурда ошол жакка бар. Куралдарыңдан тышкары күрөк ала жүр. Конуштун сыртына чыкканыңда чуңкур казып отур, анан заң-заараңды көмүп кой» (Мыйзам 23:12, 13).

  •   Жугуштуу ооруга чалдыгып калган кишини кайсы бир убакытка чейин өзүнчө бөлүп коюшчу. Биздин тил менен айтканда, карантинге алышчу. Оорусунан айыккан киши кайрадан элге кошулардан мурун, «таза» деп эсептелиши үчүн, кийимин жуушу жана сууга жуунушу керек болгон (Лебилер 14:8, 9).

  •   Өлүккө тийген киши да карантинге алынчу (Лебилер 5:2, 3; Сандар 19:16).

 Илимий ачылыштардан тээ алда канча мурун эле Кудайдын ысрайыл элине берген мыйзамында медициналык түшүнүктөр, санитардык эрежелер чагылдырылган.

 Ал эми башка элдер гигиенага байланыштуу такыр башка эрежелерге карманышчу. Алсак:

  •   Таштанды, акыр-чикирди көчөгө эле таштай беришчү. Санитардык эрежелердин сакталбаганынан улам суу булганып, тамак-аш жана башка нерселер бузулуп, оорулардын жана ымыркайлардын өлүмүнүн көп болушуна алып келген.

  •   Байыркы убактагы дарыгерлер микробдор, бактериялар жөнүндө аз эле билишкен же таптакыр билишкен эмес. Египеттиктер «даба» катары ар кандай нерселерди, маселен, кескелдириктин канын, бирказандын кыгын, өлүк чычканды, заараны жана көгөрүп кеткен нанды колдонушчу. Ошондой эле адамдын заң-заарасын, жаныбарлардын кыгын колдонуп дарылоо да кеңири тараган.

  •   Байыркы Египетте жашагандар ар кандай мите курттар жайнаган Нил дарыясынан жана анын куймаларынан ичкендиктен ооруларга чалдыгышчу. Андан тышкары, бузулган тамак-аштын кесепетинде көптөгөн ымыркайлар ич өткөктөн же дагы башка ушул сыяктуу оору-дарттардан чарчап калышчу.

 Ал эми ысрайылдыктар Кудайдын мыйзамында айтылгандарга кармангандыктан салыштырмалуу дени сак болчу.