Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Тазалык

Тазалык

Тазалыкка Кудай кандай карайт?

«Денебиз менен рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланалы» (2 Корунттуктар 7:1).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Жараткан Кудай бизди жакшы көрөт жана ден соолугубуз чың болуп, узак, бактылуу өмүр сүрүшүбүздү каалайт. Ыйык Китепте анын:«Жүрөгүң осуяттарымды сактасын, ошондо жашаган күндөрүң менен өмүр сүргөн жылдарың узарып, тынчтыкка ээ болосуң»,— деп айтканы жазылган (Накыл сөздөр 3:1, 2). Кудайдын пенделерин жакшы көрөрүн анын ысрайыл элине тазалыкка байланыштуу берген көрсөтмөлөрүнөн билүүгө болот (Мыйзам 23:12—14). Ысрайылдыктар ошол көрсөтмөлөргө карманышканда, ден соолугу чың болгон жана башка элдер ооруган, алсак, андай мыйзамдарга карманбаган мисирликтер жабыркаган оору-кеселдерден алыс болушкан (Мыйзам 7:12, 15).

Ошол өңдүү, бүгүнкү күндө да денесин булгабагандар, тактап айтканда, тамеки тартуу, спирт ичимдиктерин ашыкча ичүү, баңгизат колдонуу сыяктуу жаман адаттардан алыс болгондор ар кандай оорулардан, анын ичинде психикалык оорулардан да тышкары болушат, ошондой эле мезгилсиз өлүмгө дуушар болушпайт. Андан сырткары, элден обочо жашабагандыктан, Кудайдын тазалыкка байланышкан талабына ылайык жашаганыбыз башкаларды да сыйлагандыкка жатат (Марк 12:30, 31).

 Кудай адеп-ахлактык жана рухий тазалыкка кандай карайт?

«Бузуктукка, ыпыластыкка, жыныстык кумарларга, жаман каалоолорго жана бурканга табынуучулук болуп эсептелген ач көздүккө азгырган дене мүчөлөрүңөрдү өлтүргүлө. Себеби андай иштер үчүн Кудайдын каары төгүлөт» (Колосалыктар 3:5, 6).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Жогоруда айтылгандай, Кудай бизди денебизди эле эмес, рухубузду да булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланууга үндөйт. Иса Машаяк жерде жашап жүргөн кезде көп адамдар, анын ичинде жүйүт диний жетекчилери денесинин тазалыгына өтө эле көп маани берип, адеп-ахлактык жана рухий тазалыкка (диний окууларынын тазалыгына) маани беришкен эмес (Марк 7:1—5). Иса Машаяк ал тууралуу: «Адамды ичине кирген эч нерсе арам кылбай турганын билбейсиңерби? Анткени ичке кирген нерсе... ашказанга барып, анан тышка чыгат» — деп айтып, эмне маанилүүрөөк экенин баса белгилеген. Анан: «Адамды ичинен чыккан нерсе арам кылат. Себеби ичтен, адамдын жүрөгүнөн, жаман ойлор чыгат. Ал эми алар бузуктукка, уурулукка, киши өлтүрүүгө, ойноштукка, ач көздүккө, жаман иштерге, алдамчылыкка, уятсыз жүрүм-турумга, көрө албастыкка,.. акылсыздыкка алып барат. Ушул жаман нерселердин баары... аны арам кылат»,— деп кошумчалаган (Марк 7:18—23).

Иса Машаяк кадимки тазалыкка көңүл буруп, бирок Кудайдын адеп-ахлактыкка жана диний окууларга карата койгон талаптарына олуттуу карабагандарды сырты таза, ичи кир идишке салыштырган (Матай 23:25, 26).

Кудайдын талаптары жөндүүбү?

«Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу оор эмес» (1 Жакан 5:3).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Микей 6:8де Кудайдын бизден эмне талап кылары жөнүндө: «Жахаба сенден адилет болуудан, кайрымдуулукту жакшы көрүүдөн, Кудайыңдын жолунда жөнөкөйлүк менен жүрүүдөн башканы талап кылабы?» — деп жазылган. Чын эле, Кудай бизден өтө көптү талап кылбайт. Анын үстүнө, Жаратканыбыз анын тилин алышыбызды бизди сүйгөндүктөн каалайт. Ага тил алсак, өзүбүзгө эле жакшы болот (Забур 40:8). Ал эми күнөө кетирип алсак, анын ырайым кылып, кечиреринен шектенбесек болот. Себеби «атасы уулдарына кайрымдуулук көрсөткөндөй, Жахаба Өзүнөн корккондорго кайрымдуулук көрсөтөт. Анткени ал биздин эмнеден жаратылганыбызды билет, топурак экенибизди», башкача айтканда, күнөөлүү пенде экенибизди унутпайт (Забур 103:13, 14).

Корутундулай турган болсок, Кудайдын адеп-ахлактык, рухий жана кадимки тазалыкка карата койгон талаптары — бизди сүйөрүнүн жана бизге жакшылык гана каалаарынын далили. Анын ошол талаптары боюнча жашаганыбыз акылдуулукка жатат жана ага болгон сүйүүбүздү далилдейт.