Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ОКУРМАНДАРДЫН СУРООЛОРУ

Исанын жолдоочулары Пасханы майрамдашы керекпи?

Исанын жолдоочулары Пасханы майрамдашы керекпи?

«Британ энциклопедиясында» Пасха «христиан чиркөөсүнүн Исанын тирилишин белгилеген негизги майрамы» экени айтылат. Иса Машаяктын жолдоочулары аны белгилеши керекпи?

Кайсы бир археологиялык табылганын аныктыгын тактоо үчүн майда-чүйдө нерселерине чейин дыкаттык менен карап чыгуу талап. Ошол өңдүү эле, Пасханын да Иса Машаяк негиздеген майрам экенин аныкташ үчүн ага байланыштуу фактылардын баарын кылдат карап чыгуу кажет.

Биринчиден, Иса Машаяктын эмне деп айтканына токтололу. Ал шакирттерине анын тирилген күнүн эмес, өлгөн күнүн белгилеши керектигин айткан. Кудайдын Пабыл деген кызматчысы ал күндү «Мырзабыздын кечки тамагы» деп атаган (1 Корунттуктар 11:20; Лука 22:19, 20).

Экинчиден, ошол эле энциклопедияда Пасха майрамындагы салттардын көбү Исанын тирилиши менен «эч кандай деле байланышы жок» экени жана алардын чынында «элдик каада-салттардан» келип чыкканы айтылат. Мисалы, Пасханын символу болгон жумуртка менен коёнго токтолсок. Бир энциклопедияда «жумуртка өлүмгө... салыштырылган кабыкты жарып чыккан жаңы жашоону символдоштурары», ал эми «коён эң тукумдуу жаныбар катары белгилүү болгондуктан жаздын келишин символдоштурары» жазылган («The Encyclopedia of Religion»).

Орто кылымга таандык адабияттарды изилдеген профессор Филип Вальтер андай каада-салттардын кандайча Пасха майрамынын бир бөлүгү болуп калганын түшүндүргөн. Анын айтымында, «бутпарастардын динин христианчылыкка буруп жаткан учурда» алардын «өлүмдү символдоштурган кыштан жашоону символдоштурган жазга өтүүнү» белгилеген майрамын Исанын тирилиши менен байланыштыруу оңой болгон. Ошондой эле Вальтер бул «христиандардын майрамдарынын» бутпарастардын календарына кирип калышынын негизги баскычы болуп калганын айткан. Ошонун аркасында бутпарастардын массалык түрдө христиан динине өтүшүнө шарт түзүлгөн.

Иса Машаяктын элчилеринин көзү тирүү кезинде бутпарастардын динин христиандаштырууга жол берилген эмес, себеби алар Исанын чыныгы жолдоочуларын бутпарастардын дининин таасиринен коргогон (2 Тесалоникалыктар 2:7). Элчи Пабыл ишенимдештерин: «Мен кеткенден кийин... шакирттерди ээрчитип кетиш үчүн... араңардан чындыкты бурмалап сүйлөгөн адамдар чыгат»,— деп эскерткен (Элчилер 20:29, 30). Ал эми 1-кылымдын аяк ченинде элчи Жакан Исанын жолдоочуларын адаштыргандар пайда болгонун жазган (1 Жакан 2:18, 26). Ошондон тартып бутпарастардын каада-салттарынын таасири күч ала баштаган.

«Ишенимдеш эместер менен бир моюнтурукту кийбегиле» (2 Корунттуктар 6:14)

Кээ бирөөлөр Пасха майрамындагы айрым каада-салттарга кармануунун жаман деле жери жок, анткени алар «бутпарастарга» Исанын тирилишинин маанисин жакшыраак түшүнүүгө жардам берген деп ойлошу мүмкүн. Бирок элчи Пабыл мындай пикирди эч качан колдомок эмес. Себеби ал Рим империясын кыдырып жүрүп бутпарастардын үрп-адаттарынын далайын көрсө да, салттарына кармансам, аларга Иса жөнүндөгү кабарды жакшыраак түшүнүүгө жардам берем деген ойдо болгон эмес. Ошондуктан андай каада-салттардын бирин да кабыл алган эмес. Тескерисинче, ишенимдештерине мындай деп жазган: «Ишенимдеш эместер менен бир моюнтурукту кийбегиле. Себеби адилдик менен мыйзамсыздыктын ортосунда кандай жалпылык бар? Же жарык менен караңгылыктын ортосунда кандай жалпылык бар?.. „Ошондуктан алардын арасынан чыккыла, бөлүнгүлө,— дейт Жахаба,— мындан ары арам нерсеге жолобогула“» (2 Корунттуктар 6:14, 17).

Ушул нерселерди карап чыккандан кийин кандай жыйынтык чыгарсак болот? Бардык фактылар Пасха Исанын чыныгы жолдоочуларынын майрамы эмес экенин тастыктап турат.