Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дин аралык иштерге Кудай кандай карайт?

Дин аралык иштерге Кудай кандай карайт?

«Сидней морниң хералд» гезитинде окурмандарга: «Дин бириктиреби же бөлүп-жарабы?» — деген суроо узатылган. Жооп бергендердин 89 пайызы дин адамдарды бөлүп-жарат деген пикирин айтышкан.

БИРОК дин аралык мамилелерди жактагандар буга карата ар кандай ойдо. Дин аралык бир уюмдун негиздөөчүсү Эбу Пател: «Боорукер болууга, табиятты коргоого, меймандос болууга үндөбөгөн бир да дин жок»,— деген («Interfaith Youth Core»).

Буддисттер, католиктер, протестанттар, индустар, мусулмандар жана башка динди туткандар айрым учурларда жакырлыкты жоюуга, адам укуктарын коргоого, миналардын коюлушуна тыюу салууга жана айлана-чөйрөнү коргоого байланыштуу иштерди чогуу-чаран жүргүзүшөт. Алардын өкүлдөрү чогулуп, бир пикирде болуш үчүн эмне кылса болорун талкуулашат. Ошондой эле шам жагып, фестивалдарды өткөрүп, ырдап, Кудайга сыйынып жана башка иштерди кылып өздөрүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтүшөт.

Диндердин биргелешип иш жүргүзгөнү дин аралык кастыкты жоюуга жардам береби? Кудай жакшы заманды ушундай жол менен орнотууну каалайбы?

БИРИМДИК ҮЧҮН КАНДАЙ ИШКЕ БАРЫШАТ?

Дин аралык ири уюмдардын бири алардын уюмунда 200дөн ашуун диндин өкүлү бар экенин жана алар 76 өлкөдө иш алпарарын айтып сыймыктанган. Ал уюмдун максаты — «дин аралык кызматташтыктын бекем болушуна, дайыма улана беришине шарт түзүү». Бирок муну сөз менен айтуу оңой болгону менен, ишке ашыруу кыйынга турган. Алсак, уюштуруучулардын айткандарына ылайык, алар уюмдун уставын ага кол койгондордун динин басынтпагыдай кылып түзүүгө мажбур болушкан. Анын бир себеби уставга Кудай жөнүндө жазыш керекпи же жокпу, кайчы пикирлер туулган. Ошол себептен жазбай эле коюуну туура көрүшкөн.

Бирок Кудай жөнүндө такыр сөз кылынбаса, анда Кудайга болгон ишеним кандай роль ойнойт? Андан тышкары, андай дин аралык кыймылдардын кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардан айырмасы жок болуп калбайбы? Жогоруда кеп кылынган уюм өзүн диний уюм катары эмес, «кызматташтыкка шарт түзгөн» уюм катары эсептегени бекеринен эмес.

ЖАКШЫ ЖАККА ҮНДӨӨ ЖЕТИШТҮҮБҮ?

«Чоң-чоң диндердин баары, негизинен, бир эле нерсеге — адамдарды сүйүүгө, боорукер, кечиримдүү болууга — чакырат,— дейт дин аралык кызматташтыктын көрүнүктүү жактоочусу Далай-лама.— Негизгиси, мындай сапаттарды күндөлүк турмушта көрсөтүшүбүз зарыл».

Албетте, сүйүү, боорукердик, кечиримдүүлүк сыяктуу сапаттардын абдан маанилүү экени талашсыз. Иса Машаяк да: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да  аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла»,— деген (Матай 7:12). Бирок чыныгы дин жакшы иштерди кылууга түрткү берүү менен эле чектелиши керекпи?

Элчи Пабыл Кудайга кызмат кылып жатабыз деген замандаштарынын көбү тууралуу: «Алардын Кудайга кызмат кылууда ынталуу экенин, бирок ынталуулугу так билимге ылайык келбей турганын күбөлөндүрөм»,— деген. Эмне үчүн? Ал алардын «Кудайдын адилдигин билбегендиктен» «өздөрүнүн адилдигин орнотууга умтулуп» жатканын айткан (Римдиктер 10:2, 3). Кудайдын эмне талап кылары жөнүндө так билими жок болгондуктан алардын ынталуулугу, ишенгени куру бекер болгон (Матай 7:21—23).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Иса Машаяк: «Тынчтыкка умтулгандар бактылуу»,— деген (Матай 5:9). Ал өзүнүн айтканына жараша иш кылганын зордук-зомбулукка барууга тыюу салганы жана ар кандай диндеги адамдарга тынчтык жөнүндө кабар айтканы менен далилдеген (Матай 26:52). Анын сөзүнө кулак каккандар бири-бирин сүйүп, биримдикте болушкан (Колосалыктар 3:14). Бирок Иса Машаяктын негизги максаты, тек-жайы ар башка адамдардын арасында тынчтык болушу үчүн, тек гана алардын башын бириктирүү болгон эмес. Ал башка диндердин каадаларына да аралашкан эмес.

Фарисейлер жана садукейлер деп аталган секталардын диний жетекчилери аны жек көрүп, ал тургай көзүн тазалоого аракет кылышкан. Ошондо Иса Машаяк шакирттерине: «Аларды жайына койгула. Алар — сокур жол көрсөтүүчүлөр»,— деген (Матай 15:14). Ооба, фарисейлер менен садукейлерге кошулуп, биргелешип иш алып баруу анын оюна да келген эмес.

Кийин Грециянын Корунт шаарында Иса Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышы уюшулган. Ал шаарда ар кандай динди туткан ар улуттагы адамдар жашаган. Иса Машаяктын ошол жактагы жолдоочулары башка диндегилер менен кандай мамиледе болушу керек эле? Элчи Пабыл аларга: «Ишенимдеш эместер менен бир моюнтурукту кийбегиле»,— деп жазган. Эмне себептен? Ал: «Машаяк менен [Шайтандын] ортосунда кандай биримдик бар? Же ишенген киши менен ишенбеген кишинин ортосунда кандай жалпылык бар?» — деген. Анан: «Ошондуктан алардын арасынан чыккыла, бөлүнгүлө»,— деп айткан (2 Корунттуктар 6:14, 15, 17).

Жогоруда жазылгандардан айкын көрүнүп тургандай, диндердин биргелешип иш алпарышы Ыйык Китепте жазылгандарга каршы келет. Бирок силер: «Анда канткенде биримдик болот?» — деп ойлошуңар мүмкүн.

ЧЫНЫГЫ БИРИМДИК

15 өлкө биргелешип иш алпарганынын аркасында эл аралык орбита станциясын — Жердин орбитасын айланган укмуштуудай аппаратты — космоско учура алышкан. Ал өлкөлөрдүн баары ал долбоордун планына байланыштуу бир пикирде болбосо, аны ишке ашыра алат беле?

Ал эми бүгүнкү күндөгү дин аралык кыймылдар тууралуу эмне деп айтууга болот? Алардын өкүлдөрү бири-бири менен кызматташууга, бири-биринин диний көз карашын сыйлоого чакырылышканы менен, алардын Кудайга жакындоого байланыштуу баары тең макул болгон «планы» жок. Ошондуктан адеп-ахлак нормаларындагы, окууларындагы айырмачылыктардан улам дагы деле бөлүнүп келишет.

Ыйык Китепте жазылган Кудайдын мыйзам-осуяттарын планга салыштырса болот. Биз аларга карманып жашай алабыз. Аларга кармангандар улутчулдуктан, диний кастыктан, жек көрүү сезиминен арыла алышты жана тынчтыкта, биримдикте жашаганга үйрөнүштү. Бул тууралуу Кудай алдын ала: «Ошол убакта бардык элдер Жахабанын ысмын чакырып, ага ийиндеш туруп кызмат кылышы үчүн, мен аларга таза тил берем»,— деген. Алар «таза тилде» сүйлөгөндүктөн, башкача айтканда, Кудайдын ага сыйынууга байланыштуу нормаларына ылайык жашап жаткандыктан, арасында биримдик өкүм сүрүүдө (Сепания 3:9; Ышая 2:2—4).

Жахабанын Күбөлөрү силерди Падышалык залына — жыйналышы өткөн жайына — барып, алардын ортосундагы тынчтыкты, биримдикти өз көзүңөр менен көрүп келүүгө чын жүрөктөн чакырышат (Забур 133:1).