Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Кудай тиленгендердин баарын угабы?

Кудай бардык улуттагы адамдардын тилегин угат (Забур 145:18, 19). Ыйык Китепте, жүрөгүбүздү өйүгөн нерселердин баарын ага айтсак болору жазылат (Филипиликтер 4:6, 7). Анткен менен ал айрымдардын тилегин укпайт. Мисалы, ага адамдардын жаттап алган сөздөрүн кайра-кайра айтып тиленгени жакпайт. (Окугула: Матай 6:7.)

Жахаба Кудай анын мыйзамын билип туруп бузгандардын да тилегин кабыл кылбайт (Накыл сөздөр 28:9). Маселен, байыркы убакта ал башкалардын канына забын болгон ысрайылдыктарды укпай койгон. Ооба, Кудай бизди угушу үчүн, анын талаптарын аткарышыбыз керек. (Окугула: Ышая 1:15.)

Кудай тилегибизди кабыл кылышы үчүн, эмне кылышыбыз керек?

Кудайга ишенбесек, үнүбүз ага жетпейт (Жакып 1:5, 6). Биз анын бар экенине, бизге кам көрөрүнө бекем ишенишибиз керек. Ыйык Китепти изилдесек, ага болгон ишенимибиз бекемделет. Себеби ишеним Ыйык Китепте жазылган далилдерди билүүнүн негизинде өрчүйт. (Окугула: Еврейлер 11:1, 6.)

Биз чын жүрөктөн жана момундук менен тиленишибиз керек. Атүгүл Иса Машаяк да момундук менен тиленген (Лука 22:41, 42). Ошондуктан Кудайга эмне кылышын айткандын ордуна, Ыйык Китепти окуп, анын талаптарын түшүнгөнгө аракет кылышыбыз керек. Ошондо анын эркине ылайык тилене алабыз. (Окугула: 1 Жакан 5:14.)