Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кубанып-шаттаналы,.. Козунун үйлөнөр убагы келди»!

«Кубанып-шаттаналы,.. Козунун үйлөнөр убагы келди»!

«Кубанып-шаттаналы,.. анткени Козунун үйлөнөр убагы келди» (АЯН 19:7).

1, 2. а) Кимдин үйлөнүү тою асманды чоң кубанычка бөлөйт? б) Кайсы суроолорго жооп алабыз?

ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮНА даярданууга, адатта, бир топ убакыт кетет. Биз азыр бир өзгөчө үйлөнүү тою тууралуу, падышанын тою тууралуу, талкуулайбыз. Элестетсеңер, ал тойго 2 000 жылдай убакыттан бери даярдык көрүлүп келатат! Жакында күйөө колуктусуна үйлөнөт. Ошондо Падышанын ак сарайында жагымдуу музыка жаңырып, асмандагылар: «Жахты даңктагыла, анткени Кудурети Күчтүү Кудайыбыз Жахаба падышалык кыла баштады. Кубанып-шаттаналы, аны даңктайлы, анткени Козунун үйлөнөр убагы келди, анын колуктусу өзүн даярдады»,— деп ырдашат (Аян 19:6, 7).

2 Бул аяттарда айтылган «Козу» Иса Машаякты билдирет (Жкн. 1:29). Анын тойго кийген кийими кандай болот? Анын колуктусу ким? Колукту үйлөнүү тоюна кантип даярдалат? Үйлөнүү тою качан өткөрүлөт? Ал тойдо асманда кандай кубаныч болсо, жерде түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөрдүн арасында да ошондой кубаныч болобу? Бул суроолордун жообу абдан кызыктуу. Аларга жооп алыш үчүн, келгиле, 45-забурду изилдөөнү уланталы.

 АНЫН КИЙИМИ «ЖЫПАР ЖЫТТУУ»

3, 4. а) Забурда Күйөөнүн кийими кантип сүрөттөлгөн жана анын кубанычын эмне арттырат? б) Күйөөнүн кубанычына ортоктош болгон «каныша» жана «падышалардын кыздары» кимдерди билдирет?

3 Оку: Забур 45:8, 9. Күйөө — Иса Машаяк — той үчүн даярдалган абдан кооз падыша кийимин киет. Анын кийиминен мирра, кассия сыяктуу «жыпар жыттуу заттар» аңкып турат. Андай жыпар жыттуу заттар байыркы Ысрайылда ыйык майды жасоо үчүн колдонулчу (Чыг. 30:23—25).

4 Падышанын асмандагы ак сарайында жаңырган музыка үйлөнөрүнө аз калган Күйөөнүн кубанычына кубаныч кошот. Анын кубанычына «каныша», тактап айтканда, Кудайдын уюмунун асмандагы бөлүгү, анын ичинде ыйык периштелерди билдирген «падышалардын кыздары» да ортоктош болот. Асмандагы: «Кубанып-шаттаналы,.. анткени Козунун үйлөнөр убагы келди»,— деп жаңырган үндөр тойду ого бетер шаңга бөлөйт!

КОЛУКТУ ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮНА ДАЯРДАЛАТ

5. «Козунун аялы» кимди билдирет?

5 Оку: Забур 45:10, 11. Күйөөнүн ким экени айкын болду, бирок анын колуктусу кимди билдирет? Ал Машаяктын башчылыгы алдындагы жыйналыштын 144 000 майланган мүчөсүн билдирет. (Оку: Эфестиктер 5:23, 24.) Алар Машаяк башкарган Падышалыкта аны менен бирге бийлик жүргүзүшөт (Лк. 12:32). Майлангандар, «Козу кайда барбасын, анын артынан ээрчип жүрүшөт» (Аян 14:1—4). Алар «Козунун аялы» болуп, аны менен чогуу асмандагы «үйүндө» жашашат (Аян 21:9; Жкн. 14:2, 3).

6. Майлангандар эмне үчүн «падышанын... кызы» болуп эсептелет жана алар эмне үчүн «өз элин» унутушу керек?

6 Забурда Козунун болочок жубайы «падышанын... кызы» деп да аталат (Заб. 45:13). Ал «падыша» кимди билдирет? Жахабаны. Анткени ал майлангандарды «балдары» катары асырап алган (Рим. 8:15—17). Майлангандар Козунун колуктусу боло тургандыктан, аларга: «Өз элиңди, атаңдын үйүн унут»,— деп айтылган. Ооба, алар «жердеги эмес, асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүртүшү» керек (Кол. 3:1—4).

7. а) Машаяк колуктусун үйлөнүү тоюна кантип даярдап келет? б) Колукту болочок Күйөөсүнө кандай мамиле кылат?

7 Машаяк колуктусун асманда боло турган үйлөнүү тоюна кылымдар бою даярдап келет. Элчи Пабыл муну мындай деп түшүндүргөн: «Машаяк да жыйналышты сүйүп, ал үчүн өмүрүн берген, аны Кудайдын сөзүнүн суусу менен жууп-тазалап, ыйыктаган. Ошентип, жыйналыш анын алдына бырыш-тырышы, тагы же ушу сыяктуу нерсеси жок, ыйык жана кемтиксиз болуп, кооздукка бөлөнүп барат» (Эф. 5:25—27). Ошондой эле ал Корунт шаарындагы Машаяктын майланган жолдоочуларына: «Мен силерди бир күйөө менен, Машаяк менен, баш коштурууга убада берип койгондуктан, ага таза бойдон, кыз бойдон алып барууну каалайм. Ошондуктан силерге Кудай кам көргөндөй кам көрүүгө аракеттенип жатам»,— деп айткан (2 Кор. 11:2). Колуктусунун сыйынуусу таза жана Кудайга жагарлык болгондуктан, үйлөнө турган Падыша Иса Машаяк анын рухий «сулуулугуна» суктанат. Колуктусу да аны «мырзасы» катары кабыл алып, ага «таазим кылат».

КОЛУКТУНУ «ПАДЫШАГА АЛЫП КЕЛИШЕТ»

8. Забурда колуктунун «даңкка бөлөнгөнү» айтылганы эмне себептен ылайыктуу болгон?

8 Оку: Забур 45:13, 14а. «Күйөөсү үчүн жасанган колукту» тойдо  көз жоосун алып, «даңкка бөлөнөт». Ал Аян 21:2де шаарга, Жаңы Иерусалимге, салыштырылат. Асмандагы «ал шаар Кудайдын даңкына толуп, абдан кымбат таштай, тунук хрусталдай жаркыраган яшма ташындай жаркырап турат» (Аян 21:10, 11). Анын кооздугу Аян китебинде, чынында эле, сонун сүрөттөлгөн (Аян 21:18—21). Андыктан забурда колуктунун «даңкка бөлөнгөнү» айтылганы бекеринен эмес. Асмандагы үйлөнүү тою так ушундай болушу керек эмеспи?

9. Колуктуну кимге алып келишет жана колуктунун кийими тууралуу эмне айтууга болот?

9 Колуктуну күйөөсүнө, тактап айтканда, Иса Машаякка алып келишет. Күйөөсү аны «Кудайдын сөзүнүн суусу менен жууп-тазалап», тойго даярдаган. Андыктан колуктуну «ыйык жана кемтиксиз» деп айтууга болот (Эф. 5:26, 27). Колуктунун кийими салтанат учуруна ылайыктуу болот. «Анын кийими алтын жип менен саймаланган. Саймалуу кийим кийгизип, аны падышага алып келишет». Козу менен баш кошуу үчүн «ага жогорку сапаттагы зыгыр кездемеден тигилген таза, жаркыраган көйнөк кийгенге уруксат берилет». «Жогорку сапаттагы зыгыр кездеме ыйыктардын адил иштерин билдирет» (Аян 19:8).

«КОЗУНУН ҮЙЛӨНӨР УБАГЫ КЕЛДИ»

10. Козунун үйлөнүү тою кайсы окуялардан кийин болот?

10 Оку: Аян 19:7. Козунун үйлөнүү тою качан болот? Бул аятта колуктунун өзүн үйлөнүү үлпөтүнө «даярдаганы» айтылса да, андан кийинки аяттарда той жөнүндө эмес, улуу алааматтын аяк ченинде боло турган окуялар жөнүндө сөз жүрөт (Аян 19:11—21). Бул үйлөнүү тоюнун Падыша акыркы жеңишке жеткенге чейин эле болорун билдиреби? Жок. Аян китебиндеги окуялар хронологиялык тартипте баяндалган эмес. 45-забурда үйлөнүү тою Падыша кылычын белине байлап, душмандарына каршы аттангандан кийин болору айтылат (Заб. 45:3, 4).

11. Машаяк үйлөнүү тоюна чейин эмнелерди кылат?

11 Ыйык Китептен билгенибиздей, окуялар мындай тартипте өрчүйт: адегенде «улуу сойку» — жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон Улуу Бабыл — жазага тартылат (Аян 17:1, 5, 16, 17; 19:1, 2). Андан соң Машаяк «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндө боло турган» Армагедон согушунда Шайтандын жердеги түзүлүшүнүн калган бөлүгүн жок кылат (Аян 16:14—16; 19:19—21). Аягында ал, Шайтан менен анын жин-перилери эч кимге зыян келтире албашы үчүн, аларды туңгуюкка ыргытып, акыркы жеңишке жетет (Аян 20:1—3).

12, 13. а) Козунун үйлөнүү тою качан болот? б) Үйлөнүү тоюнда асманда кимдер кубанат?

12 Машаяктын катышуусунун убагында жердеги жашоосун аяктаган майлангандар дароо эле асмандагы жашоого тирилүүдө. Улуу Бабыл кыйратылгандан кийин, Иса Машаяк калган майлангандарды чогултат (1 Тес. 4:16, 17). Ошентип, Армагедон согушу башталганга чейин, колуктунун бардык мүчөлөрү аны менен чогуу асманда болот. Ал согуш бүткөндөн кийин, Козунун үйлөнүү тою болот. Ал кандай гана кубанычтуу окуя болорун элестетсеңер! Аян 19:9да: «Козунун үйлөнүү тоюна чакырылгандар бактылуу»,— делет. Ооба, колукту, чындап эле, бактылуу болот. Ошондо Падыша 144 000 майланган жолдоочусунун баары жанында болуп, каймана мааниде аны менен чогуу бир дасторкондон «ичип-жегенине» абдан кубанат (Лк. 22:18, 28—30). Анткен менен үйлөнүү тоюнда жалгыз эле күйөө менен колукту сүйүнбөйт.

 13 Жогоруда айтылгандай, асмандагы периштелер: «Кубанып-шаттаналы, аны [Жахабаны] даңктайлы, анткени Козунун үйлөнөр убагы келди, анын колуктусу өзүн даярдады»,— деп ырдашат (Аян 19:6, 7). Ал эми Жахабанын жердеги кызматчылары жөнүндө эмне айтууга болот? Алар да күйөө менен колуктунун кубанычына ортоктош болушабы?

«АЛАРДЫ КУБАНЫЧ... МЕНЕН АЛЫП КЕЛИШЕТ»

14. 45-забурда айтылган колуктунун «курбу кыздары» кимдерди билдирет?

14 Оку: Забур 45:12, 14б, 15. Закарыя пайгамбар акыркы күндөрдө элдердин рухий Ысрайылдын калдыгы менен бирге Жахабага кубанычта кызмат кыларын айткан. Ал: «Ошол күндөрү ар кандай тилде сүйлөгөн элдерден, бардык элдерден он киши чыгып, бир жүйүттүн этегинен кармап, ага: „Биз силер менен барабыз, анткени Кудайдын силер менен экенин уктук“,— дешет»,— деп жазган (Зак. 8:23). Бул аятта айтылган «он киши» Забур 45:12де «Тир кызы» жана «эл ичиндеги байлар» деп аталат. Алар майлангандардын калдыгына Жахабага кызмат кылууда жардам алыш үчүн жана алардын өздөрүнө да колдоо көрсөтүү үчүн келишет. 1935-жылдан тартып майлангандар миллиондогон адамдарды «адилдиктин жолуна салууда» (Дан. 12:3). Майлангандардын ал берилген кызматташтары жашоосун өзгөртүп, рухий жактан тазалангандыктан, аларды каймана мааниде «кыздар» деп айтууга болот. Ошондуктан алар колуктунун «курбу кыздары» деп аталат. Алар өздөрүн Жахабага арнап, үйлөнө турган Падышанын ишенимдүү  кызматчылары экенин далилдеп жатышат.

15. «Курбу кыздар» колукту менен кантип кызматташууда?

15 Майлангандардын калдыгы Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратууга чоң салымын кошуп жаткан «курбу кыздарына» абдан ыраазы (Мт. 24:14). Бүгүнкү күндө «рух менен колукту» эле эмес, «уккандардын баары: „Кел!“ — деп» жатышат (Аян 22:17). Ооба, «башка койлор» майлангандарга кулак кагып, алар менен бирге жер тургундарынын баарын: «Кел!» — деп чакырууда (Жкн. 10:16).

16. Жахаба башка койлорго кандай мүмкүнчүлүк берет?

16 Майлангандардын калдыгы башка койлорду жакшы көрөт жана Жахабанын аларга да Козунун үйлөнүү тоюнда кубанып-шаттанууга мүмкүнчүлүк берерине сүйүнөт. Колуктунун ал «курбу кыздарын» «кубаныч, шаттык менен алып келишери» алдын ала айтылган. Ооба, жерде түбөлүк жашоого үмүттөнгөн башка койлор Козунун асманда боло турган үйлөнүү тоюнда бүт аалам менен бирге кубанат. Аян китебинде эбегейсиз көп адамдардын «тактынын жана Козунун алдында» турганы айтылганы абдан ылайыктуу болгон. Алар Жахабага рухий ибадаткананын жердеги короосунда ыйык кызмат кылышат (Аян 7:9, 15).

Козунун үйлөнүү тоюнда колуктунун «курбу кыздары» кубанып-шаттанат (16-абзацты карагыла)

«АТА-БАБАЛАРЫҢДЫН ОРДУН УУЛДАРЫҢ БАСАТ»

17, 18. Козунун үйлөнгөнү кандай баталарды алып келет жана Машаяк Миң жылдык башкаруусунун тушунда кимдерге ата болот?

17 Оку: Забур 45:16. Козунун үйлөнгөнү жаңы дүйнөдө кандай баталарды алып келгенин көргөндө Машаяктын колуктусунун «курбу кыздары» андан бетер кубанат. Себеби Падыша Иса Машаяк жер бетине назарын салып, жердеги «ата-бабаларын» тирилтет. Ал аларга кайрадан өмүр бергендиктен, «ата-бабалары» анын «уулдары» болуп калат (Жкн. 5:25—29; Евр. 11:35). Машаяк алардын айрымдарын «жер жүзүнө төрө кылып дайындайт». Жаңы дүйнөдө азыркы ишенимдүү аксакалдардын айрымдары да «төрө» болуп дайындалары шексиз (Ыш. 32:1).

18 Миң жылдык башкаруусунун тушунда Машаяк башкаларга да ата болот. Эмне үчүн минтип айта алабыз? Анткени жер тургундарынын баары түбөлүк өмүргө анын куткаруу курмандыгына ишенгендиктен ээ болушат (Жкн. 3:16). Ошентип, ал алардын «Түбөлүк атасы» болуп калат (Ыш. 9:6, 7).

ПАДЫШАНЫН ЫСМЫН ЖАРЫЯЛАЙЛЫ!

19, 20. 45-забурда жазылган окуялардын Машаяктын чыныгы жолдоочуларынын баарына кандай тиешеси бар?

19 Оку: Забур 45:1, 17. 45-забурда жазылган окуялар Машаяктын жолдоочуларынын баарына тиешелүү. Бүгүнкү күндө майлангандардын жердеги калдыгы асманда бир туугандары менен жана күйөөсү Иса Машаяк менен жолуга турган учурду толкундануу менен күтүп жатат. Башка койлор болсо өздөрүнүн даңктуу Падышасына баш ийүүгө мурдагыдан да чечкиндүү болуп, жердеги майлангандар менен кызматташып жатканына абдан ыраазы. Машаяк менен колукту үйлөнгөндө, бүтүндөй адамзат биз элестеткенден да сонун баталарга ээ болот (Аян 7:17; 21:1—4).

20 Кудайдын Падышалыгынын Падышасына байланыштуу айтылган «жагымдуу сөздөрдүн» аткарылышын күтүп жатып, анын ысмын жарыялоого түрткү алганыбыз күмөнсүз. Анда эмесе, келгиле, Падышабызды «кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө даңктай» берели!