Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Даңктуу Падышаны тосуп алгыла!

Даңктуу Падышаны тосуп алгыла!

«Даңкың менен жеңишке жет» (ЗАБ. 45:4).

1, 2. 45-забурду кылдат изилдеп чыкканыбыз эмне үчүн маанилүү?

ДАҢКТУУ Падыша чындык жана адилдик үчүн душмандарына каршы аттанып чыгат. Акыркы жеңишке ээ болгондон кийин ал колуктусуна үйлөнөт. Падыша тууралуу келерки муундарга айтылып, ал түбөлүккө даңкталат. 45-забурда, негизинен, ушулар туурасында айтылган.

2 Бирок ал забурда тек гана аягы жакшы болуп бүткөн кызыктуу окуя жазылган эмес. Анда жазылгандар биз үчүн да өзгөчө мааниге ээ. Себеби алардын азыркы жашообузга да, келечегибизге да тиешеси бар. Андыктан, келгиле, бул забурду кылдат изилдеп чыгалы.

«ЖҮРӨГҮМ ЖАГЫМДУУ СӨЗДӨРДӨН УЛАМ ТОЛКУП ЖАТАТ»

3, 4. а) Забурчунун жүрөгүн кайсы «жагымдуу сөздөр» толкуткан жана ал сөздөр бизге кандай таасир этет? б) Кандай мааниде биздин ырыбыз «падышага арналат» жана эмне үчүн тилибиз «көчүрмөчүнүн калеминдей» десек болот?

3 Оку: Забур 45:1. Забурчунун жүрөгүн козгоп, толкуткан «жагымдуу сөздөр» падыша жөнүндөгү сөздөр болчу. Бул аятта «толкуу» деп которулган еврей сөзү «көбүрүү», «кайноо» дегенди билдирет. «Жагымдуу сөздөр» забурчунун жүрөгүн шаттыкка толтуруп, дем-шык берген. Ошондуктан анын тили «чебер көчүрмөчүнүн калеминдей» болуп калган.

 4 Биз тууралуу эмне айтууга болот? Машаяк башкарган Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардан улам биздин да жүрөгүбүз толкуп, шаттыкка бөлөнөт. Ал кабар 1914-жылы ого бетер кубанычтуу болуп калган. Анткени ошондон тартып Падышалыктын келечекте орной турганы жөнүндө эмес, анын учурда асманда башкарып жатканы тууралуу жарыялана баштаган. Азыр Падышалык жөнүндөгү ал «жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылып» жатат (Мт. 24:14). Андыктан: «Менин жүрөгүм жакшы кабардан улам „толкуп жатабы“? Ал кабарды ынталуулук менен жарыялап жатамбы?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Забурчунукундай эле биздин да ырыбыз Падышага — Иса Машаякка — арналат. Башкача айтканда, биз анын Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары такка отурганын жар салуудабыз. Андан тышкары, баарын: башкаруучуларды да, карапайым элди да анын бийлигине баш ийүүгө чакырып жатабыз (Заб. 2:1, 2, 4—12). Кабар айтууда Кудайдын Сөзүн көп колдонгондуктан тилибиз «чебер көчүрмөчүнүн калеминдей» десек болот.

Биз Падышабыз Иса Машаяк жөнүндөгү жакшы кабарды кубаныч менен жарыялап жатабыз

ПАДЫШАНЫН ООЗУНАН «ЧЫККАН СӨЗДӨР ТАМШАНДЫРАТ»

5. а) Иса Машаякты эмне чындап «сулуу» кылган? б) Падышанын оозунан чыккан сөздөр эмне үчүн «тамшандырат» жана аны кантип туурасак болот?

5 Оку: Забур 45:2. Ыйык Жазмада Иса Машаяктын келбети жөнүндө дээрлик эч нерсе айтылбайт. Жеткилең болгондуктан анын «сулуу» болгону шексиз. Бирок аны баарынан мурда Жахабага берилгендигин сактап, кынтыксыз болгону сулуу кылган. Ал ошондой эле Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды «жагымдуу сөздөрдү» колдонуп, «тамшандыра» айткан (Лк. 4:22; Жкн. 7:46). Биз кабар айтуу жагынан аны тууроого жана адамдардын жүрөгүн козгой турган сөздөрдү колдонууга аракет кылабызбы? (Кол. 4:6).

6. Кудай кандайча Машаякка «түбөлүккө батасын берген»?

6 Иса Машаяк Кудайга толугу менен берилгендиктен, Кудай ага жердеги кызматын аткарып жүргөндө батасын мол төккөн, ошондой эле өмүрүн курмандык катары бергени үчүн ага сыйлык ыйгарган. Бул тууралуу элчи Пабыл мындай деп жазган: «Ал [Иса Машаяк] адам болуп келип, өзүн басынткан жана өлгөнгө чейин, жаза устунунда өлгөнгө чейин тил алчаак болгон. Ошондуктан Кудай аны ого бетер жогорулатып, ага бардык ысымдардан жогору турган ысым берди. Исанын ысмынын алдында асмандагылардын, жердегилердин жана жер астындагылардын баары тизе бүгүшү үчүн, ар бир тил Иса Машаяктын Мырзабыз экенин ачык таанып, Кудай Атабыз даңкталышы үчүн ошентти» (Флп. 2:8—11). Кудай ага «түбөлүккө батасын берген», тактап айтканда, аны тирилтип, өлбөстүккө ээ кылган (Рим. 6:9).

ПАДЫША «ШЕРИКТЕРИНЕ» КАРАГАНДА УЛУУ БОЛОТ

7. Кандай мааниде Кудай Иса Машаякты «шериктерине» караганда көбүрөөк майлаган?

7 Оку: Забур 45:6, 7. Машаяк адилдикти абдан жакшы көрүп, Атасына тил тийгизген нерселердин баарын жек көргөндүктөн, Жахаба аны Падыша кылып дайындаган. Иса Машаяк «шериктерине» — жүйүттөрдүн Дөөтү падышанын тукумунан болгон башка  падышаларына — караганда «шаттык майы менен көбүрөөк майланган». Кандайча? Биринчиден, аны Жахаба өзү майлаган. Экинчиден, Жахаба аны Падыша да, Башкы дин кызматчы да кылып дайындаган (Заб. 2:2; Евр. 5:5, 6). Андан тышкары, жүйүттөрдүн падышаларынан айырмаланып, Машаяк кадимки май менен эмес, ыйык рух менен майланган жана ал жерден эмес, асмандан бийлик жүргүзөт.

8. Эмне себептен Кудайды Машаяктын «тактысы» десек болот жана Машаяк башкарганда адилдик өкүм сүрөрүнө эмне үчүн шектенбейбиз?

8 Жахаба Иса Машаякты өзүнүн асмандагы Падышалыгынын Падышасы кылып 1914-жылы такка отургузган. Машаяктын Падышалыгынын таягы «адилеттик таягы» болгондуктан, анын башкаруусунун тушунда адилдик менен акыйкаттык өкүм сүрөт. Ал бийлик кылууга толук укуктуу, себеби забурда: «Кудай — ...сенин тактың»,— деп айтылгандай, анын падышалыгын Жахаба негиздеген. Андан сырткары, Машаяктын бийлиги «түбөлүктөн түбөлүккө» созулат. Ушундай күчтүү, Кудай дайындаган Падышанын жетекчилиги астында Жахабага кызмат кылып жатканыңа сыймыктанасыңбы?

ПАДЫША КЫЛЫЧЫН БЕЛИНЕ БАЙЛАЙТ

9, 10. а) Падыша кылычын белине качан байлаган жана аны дароо кантип колдонгон? б) Машаяк кылычын дагы кантип колдонот?

9 Оку: Забур 45:3. Жахаба өзү дайындаган Падышага: «Кылычыңды белиңе байла»,— деп буйрук берген. Ооба, Машаяк Атасынын эгедерлигине каршы болгондордун баары менен согуш жүргүзүп, сот өкүмүн ишке ашырууга бийлик алган (Заб. 110:2). Ал жеңилбес Падыша болгондуктан, забурда анын «кудуреттүү» экени айтылат. Ал биринчи жолу кылычын 1914-жылы белине байлап, Шайтан менен анын жин-перилерин асмандан жерге кууп түшүргөн (Аян 12:7—9).

10 Бул Падышанын жеңиштеринин алгачкысы гана болгон. Ал «акыркы жеңишке» али жете элек (Аян 6:2). Анткени Жахабанын бул дүйнөгө чыгарган өкүмү ишке ашып, Шайтан менен жин-перилердин таасири жок кылынышы керек. Адегенде жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон Улуу Бабылга сокку урулат. Жахабанын эрки боюнча, ал ыймансыз «сойкуну» бийлик башындагылар жок кылат (Аян 17:16, 17). Андан соң Падыша Шайтандын саясий түзүлүшүнө чабуул коюп, анын таш-талканын чыгарат. «Түпсүз туңгуюктун периштеси» деген да наамы бар Иса Машаяк Шайтан менен жин-перилерди туңгуюкка ыргытканда «акыркы жеңишке жетет» (Аян 9:1, 11; 20:1—3). Келгиле, ушул окуялар 45-забурда кантип сүрөттөлгөнүн карап көрөлү.

ПАДЫША «ЧЫНДЫК... ҮЧҮН АТТАНЫП ЧЫГАТ»

11. Падыша кандайча «чындык... үчүн аттанып чыгат»?

11 Оку: Забур 45:4. Падыша согушту жерлерди басып алып, элдерди туткундаш үчүн эмес, бийик максат үчүн жүргүзөт. Ал «чындык, момундук, адилдик үчүн аттанып чыгат». Ал коргошу керек болгон эң чоң чындык Жахабанын ааламдагы эгедерлигине байланыштуу. Шайтан Жахабага каршы чыгып, анын бийлик жүргүзүүгө укуктуу экенине шек туудурган. Ошондон бери жин-перилер менен адамдар бул чындыкты талашка салып келет. Азыр даңктуу Падышабыздын Жахабанын эгедер экенине байланыштуу чындыкты баарына жана биротоло далилдешине убакыт келип жетти.

12. Падыша кандай мааниде «момундук... үчүн аттанып чыгат»?

12 Падыша «момундук... үчүн» да аттанып чыгат. Кудайдын жалгыз Уулу катары ал момун болуу жана Атасына толук баш ийүү жагынан эң мыкты  үлгү көрсөтүп келет (Ыш. 50:4, 5; Жкн. 5:19). Падышанын кызматчыларынын баары ага окшоп момун болуп, Жахабага бардык жагынан баш ийиши керек. Ошенткенде гана алар Кудай убада кылган жаңы дүйнөдө өмүр сүрүшөт (Зак. 14:16, 17).

13. Машаяктын «адилдик үчүн аттанып чыгары» эмнени билдирет?

13 45-забурда Машаяктын «адилдик үчүн» да аттанып чыгары айтылат. Ал Кудайдын адилдигин, башкача айтканда, анын эмне жакшы, эмне жаман экенине байланыштуу нормаларын коргойт (Рим. 3:21; Мыйз. 32:4). Иса Машаяк жөнүндө Ышая пайгамбар: «Падыша адилдик менен бийлик жүргүзөт»,— деп жазган (Ыш. 32:1). Ырас, Машаяктын башкаруусу «адилдик өкүм сүрө турган жаңы асман менен жаңы жерди» орнотот (2 Пет. 3:13). Жаңы дүйнөдө жашай тургандардын ар биринен Жахабанын нормаларына баш ийүү талап кылынат (Ыш. 11:1—5).

ПАДЫША «СЕСТЕНТЕРЛИК ИШТЕРДИ КЫЛАТ»

14. Кандай мааниде Падышанын оң колу «сестентерлик иштерди кылат»? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

14 Забурчу Падышанын кылычын белине байланып, аттанып чыкканын жазган (Заб. 45:3). Бирок ал жакында кылычын оң колуна алат. Забурчу бул тууралуу: «Оң колуң сестентерлик иштерди кылат»,— деген пайгамбарлык айткан (Заб. 45:4). Иса Машаяк Армагедондо Жахабанын өкүмүн ишке ашыруу үчүн аттанганда, душмандарына каршы «сестентерлик иштерди кылат». Ал Шайтандын дүйнөсүн жок кылуу үчүн эмнелерди колдонорун так билбейбиз. Бирок анын иш-аракети Ыйык Китептеги чакырыкка, Падышалыктын бийлигине баш ийүүгө үндөгөн чакырыкка, кулак какпагандардын үрөйүн учурат. (Оку: Забур 2:11, 12.) Акыркы күндөр тууралуу пайгамбарлыгында Иса Машаяк «асман күчтөрү солкулдагандыктан, адамдар жер бетинде боло турган окуяларды күтүп, коркконунан эсинен танышарын» айткан. Анан: «Ошондо алар адам Уулунун асмандагы булуттардын ичинде күч-кубат жана улуу даңк менен келатканын көрүшөт»,— деп кошумчалаган (Лк. 21:26, 27).

15, 16. Машаяк менен бирге согушка аттанган «асман аскерлерине» кимдер кирет?

15 Падышанын Жахабанын өкүмүн ишке ашыруу үчүн «күч-кубат жана улуу даңк менен келери» жөнүндө Аян китебинде мындай делет: «Анан мен ачылган асманды жана ак боз атты көрдүм. Анын үстүндө отурган Ишенимдүү жана Чыныгы деп аталат. Ал адилдик менен сот жүргүзүп, адилдик менен согушат... Анын артынан ак боз ат минген, жогорку сапаттагы ак, таза зыгыр кездемеден кийим кийген асман аскерлери келатты. Элдерди кырыш үчүн анын оозунан узун курч кылыч чыгып турат. Ал элдерди темир таяк менен кайтарат. Ошондой эле Кудурети Күчтүү Кудайдын кайнаган каарынын жүзүм сыккычында жүзүм тебелейт» (Аян 19:11, 14, 15).

16 Машаяк менен бирге согушка аттанган «асман аскерлерине» кимдер кирет? Ал Шайтан менен анын жин-перилерин асмандан кууп түшүргөндө, жанында «периштелери» бар болчу (Аян 12:7—9). Андыктан Армагедон согушунда да аны ыйык периштелери коштоп жүрөрү анык. Бирок асман аскери жалаң гана периштелерден турабы? Иса Машаяк өзүнүн майланган бир туугандарына мындай убада берген: «Ким аягына чейин меникиндей иштерди кылып, жеңүүчү болуп чыкса, ага элдердин үстүнөн бийлик берем. Атамдан кандай бийлик алсам, ага ошондой бийлик берем. Ошондо ал элдерди темир таяк менен кайтарат, алар чопо идиштердей талкаланат» (Аян 2:26, 27). Демек, Машаяктын аскерине ошол убакта асмандагы сыйлыгын  ала турган майлангандар да кирет. Падыша «элдерди темир таяк менен кайтарып», аларды кыйратыш үчүн «сестентерлик иштерди кылганда», анын жанында майлангандар да болот.

ПАДЫША «АКЫРКЫ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТЕТ»

17. а) Машаяктын ак боз ат мингени эмнени билдирет? б) Кылыч менен жаа эмнени билдирет?

17 Оку: Забур 45:5. Ыйык Китепте Падышанын ак боз ат мингени айтылат. Бул анын Жахабанын көз алдында адил согуш жүргүзөрүн билдирет (Аян 6:2; 19:11). Кылычтан тышкары анын жаасы да болот. Ыйык Китептен: «Мен карап, ак боз атты көрдүм. Үстүндө отургандын жаасы бар экен. Ага таажы берилди жана ал жеңиш артынан жеңишке ээ болуп, акыркы жеңишке жетиш үчүн чыкты»,— дегенди окуйбуз. Кылыч да, жаа да Машаяктын душмандарына чыгарылган сот өкүмүн ишке ашырууда колдоно турган нерселерин билдирет.

Куштар жер бетин тазалоого чакырылат (18-абзацты карагыла)

18. Падышанын «жебелеринин» «учтуу» экени эмнеден көрүнөт?

18 Забурчу көркөм тил менен Падышанын «учтуу жебелери» «душмандарынын жүрөгүнө сайыларын» жана элдер анын алдына жыгыларын пайгамбарлык кылган. Ошондо бүтүндөй жер жүзү боюнча кызыл кыргын болот. Бул тууралуу Жеремиянын пайгамбарлыгында: «Ошол күнү Жахаба кырган кишилер жердин бир кыйырынан экинчи кыйырына чейин сулайт»,— деп айтылган (Жер. 25:33). Дагы бир пайгамбарлыкта болсо мындай делет: «Мен күндүн ортосунда турган периштени көрдүм. Ал катуу кыйкырып, асмандын ортосунда учуп жүргөн канаттуулардын баарына: „Бул жакка келгиле, Кудайдын тоюна чогулгула. Падышалардын, аскер башчыларынын, күчтүүлөрдүн, аттардын, атчандардын этин, эркин болобу, кул болобу, карапайым болобу, жогорку даражалуу болобу, баарынын этин жегиле“,— деди» (Аян 19:17, 18).

19. Машаяк акыркы жеңишке качан жетет?

19 Шайтандын ыймансыз дүйнөсүн жок кылгандан кийин Машаяк даңкы «менен жеңишке жетет» (Заб. 45:4). Ал Шайтанды жана анын жин-перилерин түпсүз туңгуюкка ыргытканда акыркы жеңишке жеткен болот. Алар ошол түпсүз туңгуюкта Миң жылдык башкаруунун аягына чейин болушат (Аян 20:2, 3). Ибилис менен жин-перилер өлгөндөгүдөй абалда болуп, адамдарга таасир эте албай калышат. Ошондо Кудайдын эли жеңиш артынан жеңишке жеткен даңктуу Падышасына толугу менен баш ийип жашайт. Бирок жер бети бейишке айланганга чейин аларда Падыша жана майлангандар менен бирге кубанууга дагы башка себеп болот. Ал кубанычтуу окуя тууралуу кийинки макалада сөз жүрөт.