Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Жылтылдак коңуздун «чырагы»

Жылтылдак коңуздун «чырагы»

ЖЫЛТЫЛДАК КОҢУЗДУН бир түрүнүн (photuris) «чырагы», атап айтканда, жарык чыгаруучу органы сыйда эмес кабырчык менен капталган. Ошонун аркасында ал бөлүп чыгарган жарык жарыгыраак чыгат *.

Сыйда эмес кабырчык

Көңүл бурсаңар: Окумуштуулар ал коңуздун жарык чыгаруучу органын каптап турган майда кабырчыктардын сыйда эмес, балыктын кабырчыгындай экенин байкашкан. Кабырчыктар, бир жагы экинчи жагынан 3 микрометрге көтөрүлүп, жантайып турат. 3 микрометр адамдын бир тал чачынан 20 эсе ичке. Алардын жантайып турганынын аркасында коңуз жарыкты жарыгыраак кылып чыгара алат. Эгер кабырчыктары түз жайгашса, жылтылдак коңуздун жарыгы дээрлик 50 пайызга азыраак болмок.

Бул ачылыш электрондук каражаттардагы диоддордун жарыкты демейдегиден жарык кылып чыгарышына өбөлгө түзөбү? Окумуштуулар диоддордун сыртын жылтылдак коңуздун кабырчыгына окшоштуруп капташкан. Жыйынтыгы кандай болгон? Диоддордон чыккан жарык 55 пайызга жогору болгон. Физик Анник Бэй: «Жүргүзгөн изилдөөбүз жаратылышка кылдат байкоо салсак, көп нерсени үйрөнө аларыбызды көрсөтүп турат»,— деген.

Кандай деп ойлойсуңар? Жылтылдак коңуздун «чырагы» өзүнөн өзү пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?

^ абз. 3 Окумуштуулар жылтылдак коңуздун ушул түрүнө киргендердин баарын изилдей элек.