Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Күчүн үнөмдөй билген селсаяк альбатрос

Күчүн үнөмдөй билген селсаяк альбатрос

КААЛГЫП учкан куштар көп күч коротпой абада калкып тура алат. Бул жагынан селсаяк альбатрос башка куштардан аябай эле өзгөчөлөнөт. Кош канатын жайганда узундугу 3 метр 40 сантиметрге жеткен, салмагы 8 жарым килограмм болгон бул куш аз эле күч сарптап, миңдеген чакырымдарды учуп өтө алат. Кептин баары анын организминин түзүлүшүндө жана кантип учканында.

Көңүл бурсаңар: Альбатростун денесинде учуп баратканда булчуңдарын иштетпей эле канатын жайган бойдон сактаганга шарт түзгөн тарамыштары бар. Ага көп убакыт бою абада каалгып учканга дагы бир нерсе — океандагы шамалды мыкты пайдалана билгени — көмөк кылат.

Альбатрос деңиздин үстүндө учуп баратканда өйдө көтөрүлүп, бурулуп, ылдый түшүп учуп жүрүп отурат. Бул ага абанын каршылыгына карабай ылдамдыгын басаңдатпаганга жардам берет. Ал куштун эмненин аркасында ушундай кыла аларын окумуштуулар жакында эле түшүнүштү. Алар куштарга байкоо жүргүзүүгө жардам берген күчтүү техникалардын жана атайын компьютердик программалардын жардамы менен альбатростордун керектүү энергияны багытын шамалга каршы тараптан шамалдын агымы тарапка өзгөрткөндө, жогору көтөрүлүп бурулганда, аларын байкашкан. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, ушунун аркасында «энергияны дайыма оңой эле ала алат». Натыйжада ал куш канатын бир да жолу какпай көп саат бою каалгып уча алат.

Бул ачылыш инженерлерге күйүүчү майды аз сарптаган, атүгүл кыймылдаткычы жок учуучу аппараттарды ойлоп тапканга жардам бериши мүмкүн.

Кандай деп ойлойсуңар? Күчүн үнөмдөй билген, анатомиясы өзгөчөлөнгөн селсаяк альбатрос өзүнөн өзү пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?