Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Куюндан да күчтүү сүйүү!

Куюндан да күчтүү сүйүү!

Куюндан да күчтүү сүйүү!

2005-жылы Кошмо Штаттардагы Мексика булуңунун жээгине Катрина жана Рита деп аталган куюндар чоң бүлгүн салып, көптөрдүн өлүмүнө себепкер болгон. Жапа чеккендердин арасында Жахабанын миңдеген Күбөлөрү да бар эле.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Кошмо Штаттардагы филиалынын көзөмөлү астында жапа чеккендерге жардам берүү комитети дароо иш жүргүзө баштаган. Ал комитет Луизиана штатында 13 борбор уюштуруп, тамак-аш сакталчу 9 жана күйүүчү май сакталчу 4 убактылуу кампа курган. Алар жалпы аянты 80 000 чарчы километрди түзгөн жерде жашагандарга жардам көрсөтүшкөн. Зарыл жардам көрсөтүү үчүн жана имараттарды калыбына келтирүү үчүн Кошмо Штаттардын дээрлик бардык жагынан жана башка 13 өлкөдөн Жахабанын 17 000ге жакын Күбөсү өз ыктыяры менен жардам берүү үчүн барган. Натыйжада Исанын жолдоочуларынын ортосундагы биртуугандык сүйүү жаратылыш күчтөрүнөн да алда канча күчтүү экени айкын болгон (1 Корунттуктар 13:1—8).

Ыктыярдуу жардамчылар ишенимдештеринин 5 600дөн ашуун үйүн жана 90 Падышалык залын — Жахабанын Күбөлөрүнүн сыйынуучу жайын — оңдоп, негизги жумуштарды бүтүрүшкөн. Исанын жолдоочулары, Галатиялыктар 6:10го ылайык, «баарына... жакшылык кылууга» чакырылгандыктан, ишенимдеш эмес көптөгөн кишилерге да жардам көрсөтүшкөн.

ЖАПА ЧЕККЕНДЕРГЕ жардам бергендер кандайдыр бир курмандыктарга барышса да, көптөгөн баталарды алышкан. Ошондогу ар түрдүү ишке көзөмөлдүк кылган жети Күбөнүн айткандарына көңүл буралы.

«Жашоомдогу өзгөчө учур»

Роберт: Жапа чеккендерге жардам берүү комитетинде кызмат кылуу жашоомдогу өзгөчө учур болду. Мен 67демин; комитеттин мүчөлөрүнүн эң улуусумун. Көптөгөн ыктыярдуу кызматчылар менен кызматташтым. Алардын көбү рухий маанай чагылдырган жаштар эле. Жахабага жана ишенимдештерине жанаябастык сүйүү көрсөткөн жаштарды көрүү кандай гана жагымдуу!

Жубайым Вероника мага эң сонун жардам берип келет. Кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн 40 жылдан бери иштеп келаткан жумушумду таштоону чечкенимде, ал чечимимди Вероника да колдоду. Азыр экөөбүз жумасына бир жолу кечкисин офистерди тазалап иштейбиз. Мунун аркасында аз нерсеге ыраазы болууга жана жөнөкөй жашоо өткөрүүдөн кубаныч алууга үйрөндүк. Ишенимдештер менен чогуу иштөө Кудайдын Падышалыгын жашоодо биринчи орунга коюу деген эмнени билдирерин тереңирээк түшүнүүгө жардам берди (Матай 6:33). Ошондой эле Жахабанын өз элине кам көрөрүнө ого бетер ынандык.

Фрэнк: Мен Батон-Ружда ыктыярдуу кызматчыларга тамак берүү бөлүмүндө көзөмөлчү катары кызмат кылдым. Алгач ыктыярдуу кызматчыларга тамак бериш үчүн жуманын ичинде жети күн бою 10—12 сааттан иштегенге туура келди. Анткен менен көптөгөн баталарды алдык, Исанын жолдоочуларынын ортосундагы сүйүү канчалык күчтүү экенин да көрдүк.

Тамак берүү бөлүмүндө бир жумадай же андан көбүрөөк кызмат кылган ыктыярдуу жардамчылардын көбү андан ары да жардам берүүнү каалаарын билдиришти. Ал эми кызмат кылып кеткендер кызматтын ушундай түрүнө катышканы үчүн ыраазычылыгын билдирип, открытка жазып, же телефон чалып жатышты. Алардын жанаябастык руху Вероника экөөбүзгө аябай таасир этти.

«Бүткөн боюм чымырайт»

Грэгори: Жубайым экөөбүз Лас-Вегастагы (Невада штаты) үйүбүздү сатып, жашай турган чиркемеси бар машине сатып алдык. Ошол авточиркеме үйүбүз болуп калды. Жашообузду жөнөкөйлөтүүнүн аркасында Луизианадагы жардам берүү борборунда эки жылдан ашуун убакыт кызмат кылууга мүмкүнчүлүгүбүз болду. Ыйык Жазмадагы: «„Мени... сынап көргүлө,— дейт Себайот Теңир,— силер үчүн Мен асман терезелерин ачпайт бекем? Силерге батамды ашыгы менен төкпөйт бекем?“» — деген сөздөрдүн калетсиздигине өз тажрыйбабыздан улам ынандык (Малахия 3:10).

Башкалар: «Силердин кылып жатканыңар — чоң курмандык» — дегенде, жылмайып гана коёбуз. Отуз жыл мурун Кэти экөөбүз Жахабанын Күбөлөрүнүн Кошмо Штаттардагы филиалында кызмат кылууну каалачубуз, бирок ал максатыбыз ишке ашпай калган, себеби балдарыбызды тарбиялап-чоңойтушубуз керек эле. Ал эми жапа чеккендерге жардам берүү иши аркылуу Кудайга көбүрөөк кызмат кылууга болгон каалообуз ишке ашты. Айрым жөндөмдүү ишенимдештер менен тыгыз кызматташуу да абдан жагымдуу болду. Мисалы, бир биртууганыбыз эң мыкты ресторандын башкы ашпозчусу болсо, дагы бирөөсү кезинде АКШнын эки президентинин ашпозчусу болуптур.

Ыктыярдуу кызматчылардын көбү кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишинен терең таасир алышкан. Алсак, 57 жаштагы Күбө жапа чеккендерге жардам бергенин эстегенде, бүткөн бою чымырап кетерин айткан. Айрым Күбөлөр келе албаса да, ыктыярдуу жардамчыларды бекемдеп турушкан. Мисалы, Небраска штатынан келген, үйлөрдүн көк басып кеткен жерлерин тазалап иштеген эки ыктыярдуу жардамчы аркылуу ошол жактагы үч жыйналыштын мүчөлөрү, алардын ичинде балдар да, өз каалоолорун плакатка жазып, берип жиберишкен.

«Жапа чеккендерге Кудайдын кам көрөрүнө күбө болдук»

Уэнделл: Катрина куюну болгондун эртеси эле Кошмо Штаттардагы филиал мени Луизиана жана Миссисипи штаттарына барып, Падышалык залдарынын жана Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүнүн канчалык зыян тартканын аныктоону суранды. Ошентип, ал жерге жөнөдүм. Жаңы дайындоодон көп нерсеге үйрөндүм. Буга чейин жубайым Жанин экөөбүз Падышалыктын жарчыларына муктаждык бар жерде 32 жыл бою жашап, Жахабанын өз элине кам көргөнүн далай жолу көргөнбүз. Ал эми бул дайындоодон Кудайдын камкордугунун алда канча чоң масштабда көрсөтүлгөнүнө күбө болдук.

Мага Батон-Руж шаарындагы жапа чеккендерге жардам берүү комитетинин төрагасы катары кызмат кылуу артыкчылыгы берилди. Бул кызмат оор болгону менен, андан терең канааттануу алдым. Жардам берүү ишинде биз Жахабанын нечен жолу көйгөйлөрдү чечип, тоскоолдуктарды жоюп, жапа чеккендерге кам көргөнүн көрдүк. Мындайды кудуреттүү жана мээримдүү Ата гана кыла алат.

Көптөр: «Жубайың экөөң бул ишке кантип эки жылдан ашуун убакыт катыша алдыңар?» — деп сурашат. Чынында, дайыма эле оңой боло берген жок. Анткени жашообузда көптөгөн нерселерди өзгөртүүгө туура келди. Ошентсе да жөнөкөй жашоо өткөрүүнүн канчалык пайда алып келерин көрдүк (Матай 6:22).

Жаңы Орлеанда жабыр тарткандарды тез арада издеп-таап, аларга жардам берүү ишин баштаганда, эс алууга кымындай да убактыбыз болгон жок. Ал жердеги башаламандыктын жана кылмыштуулуктун айынан шаардагы абал согуш учурундагыдай эле болуп калган. Мындай жагдай ишибизди ого бетер татаалдантты. Алдыда абдан оор иш тургандыктан, бат эле ындыныбыз өчүп, көңүл чөгөттүккө алдырып коюшубуз мүмкүн эле.

Кырсыктын айынан колунда болгонунан айрылган миңдеген Күбөлөрдү жолуктуруп, алар менен чогуу тиленип, аларды жубатууга аракет кылдык. Анан Жахабанын жардамы менен ишке кириштик. Кээде мага адам баласы бүт өмүрүндө көрө турган нерселерди ушул эки жылдын ичинде эле көрүп койгонумдай сезилет.

Алым кетип, эмоциялык жактан аябай чарчап калганымда, ыктыярдуу жардамчылардын жаңы тобу — айрымдары бир нече айга, башкалары узак мөөнөткө — келип калышчу. Кубанычтуу, башкаларга жардам берүүгө даяр, көпчүлүгү жаштардан турган ыктыярдуу кызматчыларды көргөндө, кадыресе күчкө толуп калчумун.

Жахаба бизге дайыма жардам берип турду. Маселен, барганыбызда миңдеген ишенимдештерибиздин үйлөрүнө бактар кулап калганын көрдүк. Бирок бизде андай кооптуу ишти аткарууга шайман да, адистер да жок болгондуктан, ал жөнүндө Жахабага тилендик. Анын эртеси эле керектүү шаймандар менен жабдылган машинеси бар ишенимдешибиз жардам берерин билдирди. Ал эми бир жолу тиленүүбүзгө 15 мүнөттөн кийин эле жооп алдык. Дагы бир жолу болсо керектүү шаймандын жиберилгени тиленүүбүздүн аягына чыга электе эле маалым болду. Ошондо Жахаба «тиленүүнү Угуучу» экенин дагы бир жолу көрсөттү (Забур 64:3, «ЖД»).

«Жахабанын Күбөсү экениме... сыймыктанам!»

Мэтью: Катрина куюну болгондун эртеси жапа чеккендерге чогултулган тамак-аш, суу жана зарыл нерселерди — 15 тонна жүктү — жеткирүү ишин уюштурууга көмөктөштүм. Жахабанын эли ошондо укмуштуудай марттык көрсөттү!

Жапа чеккендерге көбүрөөк жардам көрсөтүү үчүн жубайым Дарлин экөөбүз кырсык болгон жерге жакыныраак, жолго эки сааттай кетчү жерге, көчүп бардык. Ошол жерде жашаган ишенимдешибиз бизге бир нече эле саатты талап кылган жумуш сунуштады, анын аркасында убактыбыздын көбүн куткаруу ишине жумшай алдык. Ал эми башка ишенимдешибиз жашаганга жай берди. Бири-бирине жанаябастык сүйүү көрсөткөн ушундай биртуугандыктын мүчөсү болгонума, Жахабанын Күбөсү экениме ушунчалык сыймыктанам!

Тэд: Катрина куюну болгондон көп өтпөй аялым Дебби экөөбүз ыктыярдуу кызматчылардын катарына кошулдук. Бир нече күндүн ичинде эле машинебизге сүйрөтүп алууга ылайыктуу, узундугу 9 метрлик авточиркеме табылды. Аны жарым баасына эле, каражатыбызга ылайык келген баага, сатып алдык. Бул тиленүүлөрүбүзгө Жахабанын берген жообу болду. Ошол авточиркемеде Дебби экөөбүз эки жылдан ашуун убакыт жашадык.

Жаңы Орлеандагы жардам берүү борборунда координатор болуп кызмат кыла алышым үчүн, Дебби экөөбүз үйгө барып, үйүбүздү жана оокаттарыбыздын көбүн саттык. Жапа чеккендерге жардам берүү учурунда Жахабанын өз кызматчылары үчүн «ар кандай сооронучтун Кудайы» болгонун көрө алдык. Көптөр өз үйүнөн, Падышалык залынан айрылгандан тышкары, эвакуацияланышып, жыйналыштарынан, мурда кабар айтып жүргөн аймактарынан да алыс болуп калышкан (2 Корунттуктар 1:3).

Алардын ишеними жүрөктү козгогон

Жастин: 2005-жылдын октябрында Мексика булуңунун жээгиндегилерге жардам берүү үчүн ыктыярдуу кызматчылар керек экени кулактандырылган. Жубайым Тиффани экөөбүз дароо эле анкета толтурдук. Анан 2006-жылдын февралында Жаңы Орлеандан алыс эмес жердеги Кеннер шаарындагы жардам берүү борборуна үйдүн үстүн жабуу ишине катышууга чакырылдык.

Күнүгө жергиликтүү Күбөлөргө жолугуп жаттык. Алардын ишеними жана Кудайга таянгандыгы жүрөгүбүздү козгоду. Ошондой эле материалдык нерселерге таянуу акылсыздык экенине ынандык. Жахабанын өз элине ушундай иштерди кылууга жана бири-бирине жардам берүүгө мүмкүндүк берип жатканын көрүп, чоң кубаныч алдык.

[18-беттеги кутуча]

Жардам берүү борборундагы бир күн

Жапа чеккендерге жардам берүү борборунун ашканасында жумуш таңкы 4:30да башталат. Ыктыярдуу кызматчылар тамактанар алдында 10 мүнөттөй ыйык китептик аятты талкуулоо үчүн саат 7:00дө ашканага чогулушат. Төрага учурдан пайдаланып, жаңы келгендер менен жылуу учурашып, бекемдээрлик окуя айтып берет.

Кудайга ыраазычылык билдирип чогуу тиленгенден кийин тамактанып, жумушка киришишет. Айрымдар борбордо калып, офисте, кир жуучу жайда же ашканада иштешет. Ашпозчулар болсо тамак жасашат. Түштө борбордон алыс жакта иштеп жаткан ыктыярдуу жардамчылардын айрымдары келип, тамакты алып кетет.

Ыктыярдуу кызматчылар ар дүйшөмбү сайын кечкисин Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Күзөт мунарасы» журналынын жардамы менен Ыйык Китепти изилдешет. Мындай изилдөө аларга рухий жактан бекем бойдон калууга өбөлгө түзөт. Бул болсо кубанычты жоготпоого жана жумушка карата туура маанай сактоого жардам берет (Матай 4:4; 5:3).

[19-беттеги кутуча]

«Силер тууралуу жаман ойдо элем»

Жаңы Орлеанда жашаган бир аял тактайчага: «Жахабанын Күбөлөрү, тынчымды албагыла»,— деп жазып, эшигине илип койгон. Бир күнү ыктыярдуу кызматчылардын тобу ошол аялдын үйүнүн маңдайындагы бир үйдү оңдой башташат. Ал жумушчулардын кубаныч менен, ынтымактуу иштеп жатканын күн сайын көрөт. Алардын ким экенин ушунчалык билгиси келип, аларга басып барат. Ыктыярдуу кызматчылардын Жахабанын Күбөлөрү экенин билгенде, куюндан кийин өзүнүн чиркөөсүнөн бирөө да телефон чалып койбогонун айтып, нааразы болот. Анан: «Силер тууралуу жаман ойдо элем»,— дейт. Андан соң эшигиндеги тактайчаны алып салып, Күбөлөрдү үйүнө чакырат.

[16-беттеги сүрөт]

Роберт менен Вероника

[16-беттеги сүрөт]

Фрэнк менен Вероника

[17-беттеги сүрөт]

Грэгори менен Кэти

[17-беттеги сүрөт]

Уэнделл менен Жанин

[18-беттеги сүрөт]

Мэтью менен Дарлин

[18-беттеги сүрөт]

Тэд менен Дебби

Жастин менен Тиффани