Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сыналганда да жөнөкөй бойдон кала аласың

Сыналганда да жөнөкөй бойдон кала аласың

«Кудайыңдын жолунда жөнөкөйлүк менен жүр» (МИК. 6:8).

ЫРЛАР: 48, 95

1—3. Жүйүт жеринен болгон аты аталбаган пайгамбар эмне кылган эмес жана анын кесепети кандай болгон? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

ЖЕРОБАМ ПАДЫША бийлик кылып турган күндөрдүн биринде Жахаба Жүйүт жеринен болгон бир пайгамбарын Ысрайылдын чындыктан четтеген ошол падышасына сот өкүмүн жарыялаганы жөнөтөт. Момун пайгамбар ал кабарды ишенимдүүлүк менен жеткирет жана Жахаба аны Жеробамдын каарынан сактап калат (1 Пад. 13:1—10).

2 Үйүнө кайтып баратканда ал пайгамбар Бейтелден болгон бир кары кишиге жолугуп калат. Ал өзүнүн Жахабанын пайгамбары экенин айтат. Анан берки жашыраак пайгамбарды Кудайдын: «Нан да жебе, суу да ичпе, барган жолуң менен кайра кайтпа»,— деген ачык-айкын буйругун бузууга азгырат. Албетте, бул Жахабага жаккан эмес. Ал пайгамбар жолун улап, үйүнө баратканда, аны арстан жара тартып кетет (1 Пад. 13:11—24).

3 Учурунда жөнөкөй эле болгон пайгамбар эмне үчүн өз акылына таянып, ошол кары киши менен барган? Ыйык Китепте бул жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Кыязы, ал Кудайдын жолунда «жөнөкөйлүк менен жүрүшү» керектигин унутуп койсо керек. (Оку: Микей 6:8.) Ыйык Китепке ылайык, Жахабанын жолунда жүрүү деген ага таянууну, эгедерлигин колдоону жана анын жетекчилигине баш ийүүнү билдирет. Жөнөкөй киши асмандагы мээримдүү, кудуреттүү Атасы менен дайыма сүйлөшүп тура аларын жана сүйлөшүп турушу керектигин жакшы түшүнөт. Жогоруда айтылган пайгамбар Жахабага кайрылып, берген көрсөтмөсү өзгөргөн-өзгөрбөгөнүн тактай алмак, бирок Ыйык Китепте анын ошенткени айтылбайт. Кээде бизге да чечим чыгаруу оңой эмес болот, андайда кандай кылганыбыз туура болорун так билбешибиз мүмкүн. Ошондой болсо да жөнөкөй болуп, Жахабанын жетекчилигине баш ийүү олуттуу каталарды кетирбегенге жардам берет.

4. Бул макалада эмнени карайбыз?

4 Мурунку макаладан Кудайдын кызматчыларынын жөнөкөй болгону канчалык маанилүү экенин жана ал өз ичине эмнени камтый турганын билгенбиз. Бирок кандай жагдайларда жөнөкөйлүгүбүз сыналышы мүмкүн? Андай учурларда да жөнөкөйлүгүбүздөн жазбаш үчүн ал сонун сапатты кантип өрчүтө алабыз? Бул суроолорго жооп алыш үчүн жөнөкөй бойдон калууга оңой болбогон үч жагдайга токтолуп, алардын ар биринде кантип акылдуулук менен иш кыла аларыбызды карайлы (Накыл 11:2).

ЖАГДАЙ-ШАРТЫБЫЗ ӨЗГӨРГӨНДӨ

5, 6. Барзелайдын жөнөкөй экени эмнеден көрүнгөн?

5 Жагдай-шартыбыз же дайындообуз өзгөргөндө, канчалык жөнөкөй экенибиз айкын болот. Дөөтү падыша 80 жаштагы Барзелайды өзүнүн ак сарайында жашоого чакырган. Бул зор сыймык болгон. Ал чакырыкты кабыл алса, Барзелай андан ары да падыша менен чогуу болмок. Бирок ал макул болгон эмес. Эмне үчүн? Себеби карып калгандыктан Дөөтү падышага жүк болгусу келген эмес. Ошондуктан падышадан өзүнүн ордуна, кыязы, уулдарынын бири болгон Кимамдын барышын суранган (2 Шем. 19:31—37).

6 Жөнөкөй болгондуктан Барзелай акыл-эстүү чечим чыгарган. Ал өзүн жоопкерчилик алууга жараксыз сезгендиктен же карылыгын тынч өткөрүүнү каалагандыктан эле Дөөтү падышанын чакырыгын кабыл албай койгон эмес. Тек гана жагдай-шарты өзгөргөнүн жана мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин жакшы түшүнгөн. Ал өзү аркалай албай турган нерсеге талпынган эмес. (Оку: Галатиялыктар 6:4, 5.) Эгер ээлеген абалыбызга же кадыр-баркыбызга өтө эле чоң маани берип алсак, жүрөгүбүздө өзүмчүлдүк, атаандаштык тамыр алып, анын кесепетинде көңүл кайттыкка кабылабыз (Гал. 5:26). Ал эми жөнөкөй болсок, бир туугандарыбыз менен ийиндеш туруп Кудайды даңктоого жана башкаларга жардам бериш үчүн колубуздан келгендин баарын кылууга умтулабыз (1 Кор. 10:31).

7, 8. Жөнөкөйлүк өзүбүзгө таянбаганга кандайча жардам берет?

7 Көбүрөөк жоопкерчилик артылганда, адатта, көбүрөөк бийлик да берилет. Андайда жөнөкөй болуу оңойго турбашы ыктымал. Мисалга Некемияны алалы. Ал Иерусалимдеги элдин абалы оор экенин укканда Жахабадан жалындуу тиленген (Нек. 1:4, 11). Жахаба ага батасын бергендиктен, Артакшашта падыша аны ошол чөлкөмдүн башчысы кылып дайындаган. Анткен менен жогорку абалга, байлыкка, бийликке ээ болсо да, Некемия эч качан өз тажрыйбасына же жөндөмдүүлүктөрүнө таянган эмес. Ал дайыма Кудайдын жолу менен жүргөн. Кудайдын Мыйзамын ар убак окуп-изилдеп, анын жетекчилигине баш ийүүгө умтулган (Нек. 8:1, 8, 9). Некемия башкаларга үстөмдүк кылган эмес, тескерисинче, аларга өзүнүн эсебинен кам көргөн (Нек. 5:14—19).

8 Некемиянын үлгүсүнөн дайындообуз алмашканда же кошумча жоопкерчиликтерге ээ болгондо жөнөкөйлүк өзүбүзгө таянбаганга кандайча жардам берери көрүнүп турат. Эгер аксакал өз тажрыйбасына таянса, жыйналыштагы маселелерди Жахабага тиленбей туруп чече башташы мүмкүн. Башкалар болсо адегенде чечим чыгарып, анан Жахабадан ошол чечимине батасын беришин сурашы ыктымал. Бирок бул жөнөкөйлүккө жатабы? Жөнөкөй киши Кудайдын алдындагы абалын жана анын уюмундагы ордун унутпайт. Кандай жөндөмдүүлүктөргө ээ болбойлу, дайыма, айрыкча, тааныш жагдайга же көйгөйгө кабылганда өзүбүзгө таянуудан сак болушубуз кажет. (Оку: Накыл сөздөр 3:5, 6.) Кудайдын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү катары биз жогорку даражага же мансапка умтулбастан, үйүбүздөгү же жыйналыштагы милдеттерибизди аткарууга көңүл топтойбуз (1 Тим. 3:15).

СЫН ПИКИР ЖЕ МАКТОО УККАНДА

9, 10. Ак жерден сынга алынганда жөнөкөйлүк бизге кандайча жардам берет?

9 Ак жерден сынга алынганда сезимдерибизди башкаруу кыйынга турушу мүмкүн. Күңдөшү Пенина качан болбосун мазактап, басынта бергендиктен, Аннанын көз жашын көл кылган учурлары көп болчу. Жолдошу Аннаны жакшы көрчү, бирок ал төрөбөс эле. Бир күнү Анна ыйык чатырда тиленип жатканда, башкы дин кызматчы Эйли аны мас деп ойлоп, айыптаган. Бул бечара Аннага канчалык катуу тийгенин элестетсең! Ушунун баарына карабай ал өзүн кармап, Эйлиге сылык-сыпаа жооп берген. Анын жүрөк козгоорлук тиленүүсү Ыйык Китепке жазылып калган. Күчтүү ишенимин чагылдырган ал тиленүүсүндө Анна Кудайды мактап-даңктап, ыраазычылык билдирген (1 Шем. 1:5—7, 12—16; 2:1—10).

10 Жөнөкөйлүк жамандыкты «дайыма жакшылык менен жеңүүгө» да көмөк кылат (Рим. 12:21). Шайтандын дүйнөсү адилетсиздикке толгондуктан, жаман мамилеге кабылбай койбойбуз. Бирок жамандык кылгандарга кыжырданбаш үчүн терс сезимдерибиз менен күрөшүшүбүз кажет (Заб. 37:1). Көйгөй ишенимдештердин ортосунда пайда болгондо, алда канча оор болушу мүмкүн. Жөнөкөй киши андайда Иса Машаякты туурайт. Ыйык Китепте ал жөнүндө: «Кордошкондо, эч кимди кордогон эмес... Тескерисинче, өзүн адилеттүү Сотко тапшырган»,— деп жазылган (1 Пет. 2:23). Ал өч Жахабаныкы экенин билген (Рим. 12:19). Машаяктын жолдоочулары да момун болууга, «жамандык кылгандарга жамандык кылбоого» чакырылышат (1 Пет. 3:8, 9).

11, 12. а) Жөнөкөй болсок, кимдир бирөө жагалданып, бизди мактап-жактаганда, эмне кылабыз? б) Жөнөкөйлүк кийингенибизге, жасанганыбызга, жүрүм-турумубузга кандай таасир этет?

11 Кимдир бирөө жагалданып, мактап-жактаганда да жөнөкөйлүгүбүз сыналат. Ушундай жагдайда жөнөкөй болуу жагынан Эстер мыкты үлгү калтырган. Ал аябай чырайлуу болгон, анын үстүнө, аны бир жыл бою майлап-сүттөшкөн. Күн сайын ал бүтүндөй Персия империясынан чогулган, бири-бирине атаандашып, падышанын көңүлүнө жагууга далалат кылган кыз-келиндердин курчоосунда болчу. Бирок ал сылык-сыпаалыгынан, токтоолугунан жазган эмес. Падыша аны канышалыкка тандаганда да бой көтөрүп, менменсинип кеткен эмес (Эст. 2:9, 12, 15, 17).

Кийингенибиз, жасанганыбыз Жахабаны жана башкаларды урматтаарыбызды, жөнөкөй экенибизди көрсөтүп турабы? (12-абзацты кара)

12 Жөнөкөй болсок, кийингенибиз, жасанганыбыз, жүрүм-турумубуз дайыма адептүү, үлгүлүү болот. Биз өзүбүзгө ашыкча көңүл бурдурганда эмес, токтоо жана жумшак болгондо башкалардын көңүлүнө жагарыбызды жакшы түшүнөбүз. (Оку: 1 Петир 3:3, 4; Жер. 9:23, 24.) Жүрөгүбүздө атак сүйүүчүлүк болсо, ал акыры иш-аракетибизден көрүнөт. Маселен, өзгөчө сыймыкка ээ экенибизди, башкалар билбеген купуя маалыматтарды билерибизди же жооптуу бир туугандар менен өзгөчө мамиледе экенибизди кыйытып айтышыбыз мүмкүн. Же болбосо башкалардын салымы менен жасалган иштерди жалгыз өзүбүз кылгандай кылып көрсөтүп коюшубуз ыктымал. Мындан качыш үчүн кайра эле Исанын үлгүсү жөнүндө ой жүгүртүп көрөлү. Ал башкаларды окутканда көбүнчө Еврей Жазмаларынан үзүндү келтирчү же андагы ойлорду айтчу. Жөнөкөй болгондуктан ал угуучуларынын ошол ойлорду өзү акылман болгондуктан эмес, Жахабадан үйрөнгөндүктөн айтып жатканын билишин каалаган (Жкн. 8:28).

ЭРТЕҢКИ КҮНҮБҮЗ БҮДӨМҮК БОЛГОНДО

13, 14. Жөнөкөйлүк туура чечим чыгарууга кандайча көмөк кылат?

13 Бизге тиешеси бар чечим чыгарылганда да, жөнөкөйлүгүбүз сыналат. Элчи Пабыл Кесарияда жүргөндө, Агап пайгамбар ага Иерусалимге бара турган болсо камаларын айткан. Пабыл атүгүл өмүрүнөн айрылышы мүмкүн эле. Ошондон корккондуктан бир туугандар андан ал шаарга барбай эле коюшун көптөн-көп өтүнүшкөн. Бирок Пабыл бара берүүнү чечкен. Албетте, ал өзүнө таянган эмес, ошол эле учурда коркунучка да алдырган эмес. Пабыл Жахабага толугу менен таянып, ал каякка жибербесин жана эмнеге жол бербесин, анын тапшырмасын аткарууга дилгир болгон. Бир туугандар да жөнөкөй болгондуктан анын чечимин сыйлап, Иерусалимге барышына каршы болбой калышкан (Элч. 21:10—14).

14 Жөнөкөйлүк бизге өзүбүз толук билбеген же көзөмөлдөй албаган жагдайларда да туура чечим чыгарууга көмөк кылат. Айталы, толук убакыттагы кызматтын кайсы бир түрүн баштагандан кийин ооруп калсак, эмне кылабыз? Улгайган ата-энебиз биздин жардамыбызга муктаж болуп калсачы? Ошондой эле карыганда өзүбүзгө кантип кам көрөбүз? Канча тиленбейли же канчалык терең изилдөө жүргүзбөйлү, бул суроолорго толук жооп таба албайбыз (Нас. 8:16, 17). Бирок Жахабага толугу менен таянсак, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин билип эле койбостон, буга карата туура көз карашта болобуз. Изилдөө жүргүзүп, башкалар менен кеңешип, Кудайдан жетекчилик сурап тиленгенден кийин ыйык рухтун жетегине ылайык иш кылышыбыз керек. (Оку: Насаатчы 11:4—6.) Ошентсек, Жахаба аракетибизге батасын бериши же максатыбызды өзгөрткөнгө багыт бериши мүмкүн (Накыл 16:3, 9).

ЖӨНӨКӨЙЛҮКТҮ ӨРЧҮТҮҮ

15. Жахаба жөнүндө ой жүгүртүү жөнөкөй болууга кандайча жардам берет?

15 Жөнөкөйлүктүн пайдасы ушунчалык чоң болгондуктан, ал сапатты кантип өрчүтсөк болот? Мунун төрт жолуна токтололу. Биринчиден, Жахабанын эң жогорку абалды ээлээри жана баа жеткис сапаттары жөнүндө ой жүгүртсөк, ага карата кастарлоо сезимин туюп, жөнөкөйлүк сапатын дагы көбүрөөк өрчүтө алабыз (Ыш. 8:13). Биз кайсы бир периштенин же адамдын эмес, Кудуреттүү Кудайдын жолунда жүргөнүбүздү унутпашыбыз кажет. Бул «Кудайдын кубаттуу колунун астында момун болууга» түрткү берет (1 Пет. 5:6).

16. Кандайча Жахабанын сүйүүсү жөнүндө ой жүгүртүү жөнөкөй болууга өбөлгө түзөт?

16 Экинчиден, жөнөкөй болууга Жахабанын сүйүүсү жөнүндө ой жүгүртүү жардам берет. Элчи Пабыл жазгандай, Жахаба денени жаратканда «кам көрүүгө муктаж бөлүгүнө көбүрөөк көңүл бурган» (1 Кор. 12:23, 24). Анын сыңары, ал мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенине карабай ар бирибизге кам көрөт. Жахаба бизди башкалар менен салыштырбайт жана ката кетиргенибизде, жаман көрүп калбайт. Кайсы кызматты аркалабайлы, анын бизди жакшы көрөрүн билгендиктен, өзүбүздү дайыма коопсуз сезебиз.

17. Башкалардын жакшы жактарын көрө билсек, натыйжасы кандай болот?

17 Үчүнчүдөн, Жахабадай болуп башкалардын жакшы жактарын көрө билсек, анын уюмундагы ордубузду баалап, жөнөкөй болобуз. Ошондой эле көңүлдүн борборунда болууга же үстөмдүк кылууга умтулбастан, жөнөкөй болуп, башкалардан кеңеш сурайбыз жана алардын сунуштарын кабыл алабыз (Накыл 13:10). Кимдир бирөө сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болгондо, кубанычын тең бөлүшөбүз. Андан тышкары, Жахабанын «дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбызга» батасын берип жатканын көрүп, аны даңктап-даңазалайбыз (1 Пет. 5:9).

18. Абийирибизди башкаларды көбүрөөк урматтап-сыйлоого кантип үйрөтө алабыз?

18 Төртүнчүдөн, абийирибизди Ыйык Китептеги принциптердин жардамы менен тарбияласак, башкаларды көбүрөөк урматтап-сыйлап, сылык-сыпаа болууга үйрөнөбүз. Ошондой эле жөнөкөй болуп, бардык нерсеге Жахабанын көз карашы менен кароого үйрөнүүнүн аркасында көбүрөөк акыл-эстүү боло алабыз. Үзгүлтүксүз изилдөө жүргүзүп, тиленип, окуп-билгендерибизди жашообузда колдонуу менен абийирибизди барган сайын курчута беребиз (1 Тим. 1:5). Башкалардын кызыкчылыгын биринчи орунга коюуга үйрөнөбүз. Эгер колубуздан келгендин баарын кылсак, Жахаба «аягына чейин өзү үйрөтүп», жөнөкөйлүктү жана башка жакшы сапаттарды өрчүтүүгө жардам берет (1 Пет. 5:10).

19. Түбөлүккө жөнөкөй бойдон калууга эмне жардам берет?

19 Макаланын башында сөз кылынган пайгамбар өзүнө таянып, туура эмес иш кылгандыктан Кудайдын ырайымынан жана өмүрүнөн айрылган. Анткен менен сыналганда да жөнөкөй бойдон калууга болот. Буга Кудайдын байыркы жана азыркы учурдагы ишенимдүү, жөнөкөй кызматчыларынын үлгүсү далил боло алат. Жахабанын жолунда канчалык көп жүрсөк, барган сайын ошончолук жөнөкөй боло беришибиз керек (Накыл 8:13). Азыр Жахабанын уюмундагы ордубуз кандай болбосун, анын жолунда жүрүүнүн өзү эле теңдешсиз сыймык. Андыктан ал сыймыкты жогору баала жана түбөлүккө Жахабанын жолунда жөнөкөйлүк менен жүрүүгө бүт күчүңдү жумшай бер.