Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жумшактык — акылмандыктын белгиси

Жумшактык — акылмандыктын белгиси

Кары кишилерди карап иштеген Тони орто жаштагы бир аялдыкына барып, эшиктин коңгуроосун басат. Аял үйүнөн чыгып, улгайып калган энесин караганы эртерээк келбегени үчүн Тониге жаалданып, айтпаганды айтат. Чынында, Тони жумушуна кечиккен эмес болчу. Ошентсе да түшүнбөстүк болуп калганы үчүн андан кечирим сурайт.

КИЙИНКИ жолу барганда, ал аял дагы заарын чачат. Ошондо Тони эмне кылган? «Ак жерден суук сөздөрдү укканда ушунчалык жаман болдум»,— дейт ал. Ошого карабай дагы кечирим сурап, анын аябай кыйналып жатканын түшүнөрүн айтат.

Эгер Тонинин ордунда болсоң, эмне кылат элең? Жумшак жооп бергенге аракет кылат белең? Же өзүңдү кармоо кыйын болот беле? Чынында, жогоруда сүрөттөлгөндөй жагдайда сабырдуу болуу оңой-олтоң эмес. Ооба, стресс болгондо же жаман мамилеге кабылганда жумшак болуш үчүн көп күч талап кылынат.

Ыйык Китепте Кудайдын кызматчылары жумшак болууга чакырылат. Ошондой эле анда жумшактык акылмандык менен тыгыз байланышта экени айтылат. Мисалы, шакирт Жакып: «Араңардан кимиңер акылдуусуңар, кимиңер түшүнүктүүсүңөр?» — деп сураган. Анан: «Ал муну акылмандыкты чагылдырган жумшактык менен жасаган иштери, жакшы жүрүм-туруму менен көрсөтсүн»,— деген (Жкп. 3:13). Кандайча жумшактык жогорудан келген акылмандыктын белгиси болуп эсептелет? Кудайга жаккан бул сапатты өрчүтүүгө эмне жардам берет?

ЖУМШАКТЫК КАНДАЙЧА АКЫЛМАНДЫКТЫН БЕЛГИСИ?

Жумшактык көңүлдү жайына келтирет. «Жумшактык менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми жүрөк ооруткан сөз ачууну козгойт» (Накыл 15:1).

Ачууга ачуу менен жооп берүү күйүп жаткан отко май чачканга тете (Накыл 26:21). Ал эми жумшак жооп берүү албууттанган көңүлдү тынчытып, атүгүл кас тараптын да жүрөгүн жумшарта алат.

Тони буга өз тажрыйбасынан ынанган. Анын жылуу-жумшак жооп бергенине таасирленгендиктен жогоруда айтылган аял ыйлап жиберген. Ал Тониге өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн көйгөйлөрүн ойлоп кыйналып жүргөндүктөн катуу сүйлөп алганын түшүндүргөн. Тони ага жакшы кабар айтып, ыйык китептик изилдөө баштаган. Мунун баары анын жумшактыгынын аркасында болгон.

Жумшак болсок, бактылуу болобуз. «Мүнөзү жумшактар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат» (Мт. 5:5).

Эмне үчүн мүнөзү жумшактар бактылуу? Мурун ачуулуу болгон көптөгөн адамдар жумшактыкты «кийүүнүн» аркасында жашоосун жакшы жакка өзгөртүп, жаркын келечекке үмүттөнүп, бактылуу өмүр сүрүп жатышат (Кол. 3:12). Испанияда райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылып жаткан Адольфо чындык жолуна түшкөнгө чейин жашоосу кандай болгонун эскерип, мындай дейт:

«Жашоом эч маңызсыз, максатсыз болчу. Бирдеке болсо эле, кыйынсынып, зөөкүрлөнүп, ачуумду чыгарганга маш болчумун. Ошондуктан атүгүл айрым досторум да менден коркуп турушчу. Ошентип жүрүп, акыры, көргүлүктү көрдүм. Бир күнү чоң чатак чыгып, алты жолу бычак жегендиктен кансырап, өлөйүн деп калдым».

Бирок азыр Адольфо сөзү жана үлгүсү менен башкаларга жумшак болууга жардам берүүдө. Ал жумшак, сылык-сыпаа болгондуктан, көптөр ага тартылып турат. Адольфо кулк-мүнөзүн өзгөртүп, сапаттарын улам жакшыртып жатканына аябай кубанат. Ошондой эле жумшактыкты өрчүтүүгө жардам берип жатканы үчүн Жахабага миң мертебе ыраазы.

Жумшак болсок, Жахабаны кубантабыз. «Уулум, акылдуу бол, жүрөгүмдү кубант. Ошондо мени жаманатты кылганга жооп берем» (Накыл 27:11).

Жахабанын башкы душманы Ибилис аны канчалаган кылымдардан бери жаманатты кылып келет. Атайылап тил тийгизип жатканы үчүн, Жахаба ага каарын төксө деле болмок. Бирок, Ыйык Китепте айтылгандай, ал «ачууланганга шашпайт» (Чыг. 34:6). Биз андан үлгү алып, ачууланганга шашпай, жумшак болгонго аракет кылсак, акылдуулук кылган болобуз. Бул Жахабага абдан жагат (Эф. 5:1).

Азыркы дүйнөдө жек көрүү, каардануу кадимки эле нерсеге айланды. Биз «мактанчаак, бой көтөргөн, акарат кылган,.. жалаа жапкан, өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз» адамдарга күн сайын кезигебиз (2 Тим. 3:2, 3). Ошентсе да бул бизге жумшак болууга тоскоолдук кылбашы керек. Кудайдын Сөзүндө «жогорудан келген акылмандыктын» «тынчтыкты сүйгөн, эстүү» экени айтылат (Жкп. 3:17). Тынчтыкка умтулуп, эстүү болсок, Кудайдын акылмандыгына ээ экенибизди айгинелейбиз. Мындай акылмандык бизге башкалардын жаман мамилесине жумшак жооп кайтарууга жана чексиз акылмандыктын Булагы болгон Жахабага мурдагыдан да жакын болууга жардам берет.