Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Жазманын китептерине кириш сөз

Тасма түрүндөгү бул сабактардан Ыйык Жазмадагы ар бир китептин кыскача таржымалы, мазмуну жөнүндө кызыктуу маалыматтарды биле аласыңар. Ыйык Китепке байланыштуу билимиңерди арттырыш үчүн бул тасмаларды көргүлө.

Башталыш китебине кириш сөз

Башталыш китебинен адамзаттын кантип пайда болгонун жана эмне себептен азап-кайгыга, өлүмгө дуушар болуп келатканын билүүгө болот.

Чыгуу китебине кириш сөз

Жахабанын ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан кантип бошотконун жана аларды өзүнө арналган эл кылып уюштурганын биле аласыңар.

Лебилер китебине кириш сөз

Лебилер китебинде Кудайдын ыйыктыгы жана ыйык болгонубуз канчалык маанилүү экени кандайча ачылып берилгенин көргүлө.

Сандар китебине кириш сөз

Бул видеодо бардык учурда Жахабага баш ийүү жана ал дайындаган өкүлдөрдү урматтоо канчалык маанилүү экени көрсөтүлөт.

Мыйзамды кайталоо китебине кириш сөз

Ысрайыл элине берген мыйзамы аркылуу Жахабанын аларга болгон терең сүйүүсү кандайча көрүнүп турган?

Жашыя китебине кириш сөз

Ысрайылдыктар Кудай аларга берген жерди кантип басып алышканы жана кантип бөлүп алышканы жөнүндө көбүрөөк билиңиз.

Бийлер китебине кириш сөз

Окуяларга бай бул китеп «Бийлер» деп аталат. Анткени Кудай ысрайыл элин душмандарынан куткарыш үчүн ошол эр жүрөк кишилерди дайындаган.

Рут китебине кириш сөз

Күйөөсүнөн айрылган Рут жесир калган кайненесин жакшы көргөндүктөн аны таштаган эмес. Ошон үчүн Жахаба ага сыйлык берген.

1 Шемуел китебине кириш сөз

1 Шемуел китебинде ысрайыл элин жетектеген бийлердин доору бүтүп, падышалар дайындала баштаган мезгил баяндалат.

2 Шемуел китебине кириш сөз

Дөөтүнүн момундугу, бекем ишеними анын көптөргө таанымал, баары жакшы көргөн инсан болушуна кандайча өбөлгө түзгөнүн көргүлө.

1 Падышалар китебине кириш сөз

Сулаймандын башкаруусунун алдында гүлдөп-өскөн эл падышалык бөлүнүп кеткенден кийин азапка малынган.

2 Падышалар китебине кириш сөз

Ысрайылдын түндүк падышалыгы Кудайдын мыйзамдарынан четтеп кеткен. Анткен менен Жахабаны сүйгөн адамдар да болгон. Жахаба аларга батасын берген.

1 Жылнаама китебине кириш сөз

Кудайдан корккон Дөөтүнүн санжырасы жана ал падыша болгондон тартып көз жумганга чейин кандай окуяларга туш болгонун билгиле.

2 Жылнаама китебине кириш сөз

Жүйүт падышалыгынын башкаруучуларынын тарыхы Кудайга берилгендик сактоо канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат.

Эзра китебине кириш сөз

Жахаба Кудай элин Бабыл туткунунан бошотору жана Иерусалимде чыныгы сыйынууну калыбына келтирери жөнүндөгү убадасын аткарган.

Некемия китебине кириш сөз

Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары Некемия китебинен чыныгы сыйынууга байланыштуу көп нерсени үйрөнө алышат.

Эстер китебине кириш сөз

Эстер китебиндеги билдирүү Жахабанын азыркы күндө да өз элин ар кандай кыйынчылыктардан куткара аларына болгон ишенимиңерди бекемдейт.

Аюп китебине кириш сөз

Жахабаны жакшы көргөндөрдүн баарынын ишеними сыналат. Аюп китебинде жазылгандар кынтыксыздыгыбызды сактап, Жахабанын эгедерлигин жактай аларыбызга ынандырат.

Забур китебине кириш сөз

Забур китебинде Жахабанын Эгедер экени, аны жакшы көргөндөрдү калтырбай турганы жана Падышалыгы аркылуу азыркы ыймансыз дүйнөнү жок кылары айтылат.

Накыл сөздөр китебине кириш сөз

Жашоонун дээрлик бардык тармагына, алсак, алака мамилеге жана үй-бүлөгө тиешелүү даанышман кеңештерди Накыл сөздөр китебинен табасыңар.

Насаатчы китебине кириш сөз

Сулайман падыша жашоодо чындап эмне маанилүү экени жана Кудайдын акылмандыгына каршы келген нерселер жөнүндө жазган.

Сулаймандын ыры китебине кириш сөз

Шуламдык кыздын койчу жигитке болгон күчтүү сүйүүсү Жахтын жалыны деп сүрөттөлгөн. Эмне үчүн?

Ышая китебине кириш сөз

Ышая китебиндеги так аткарылган пайгамбарлыктар Жахабанын убадаларынын сөзсүз аткарыларына жана анын бизди куткарарына болгон ишенимибизди бекемдейт.

Жеремия китебине кириш сөз

Жеремия пайгамбар кыйынчылыктарга карабай Кудай тапшырган ишти ишенимдүүлүк менен аткарган. Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары андан эмнеге үйрөнө алышат?

Жеремиянын ыйы китебине кириш сөз

Жеремия пайгамбар жазган Жеремиянын ыйы китебинде пайгамбардын Иерусалим шаарынын талкаланганына кайгырганы жана Жахабанын өкүнгөндөргө ырайым кылары жазылган.

Жезекиел китебине кириш сөз

Жезекиел пайгамбар, канчалык оор болбосун, Кудай тапшырган ишти момундук жана эр жүрөктүк менен аткара берген. Ал бизге эң сонун үлгү калтырган.

Даниел китебине кириш сөз

Даниел менен анын достору бардык сыноолордо Жахабага ишенимдүүлүк сакташкан. Алардын үлгүсү жана пайгамбарлык сөздүн аткарылышы акыркы күндөрдө жашап жаткан биздин ишенимибизди бекемдейт.

Ошуя китебине кириш сөз

Ошуя китебинде Жахабанын өкүнгөн күнөөкөрлөргө ырайым кылары жана ага кандай сыйынуу жагары жөнүндө маанилүү ойлор камтылган.

Жоел китебине кириш сөз

Жоел пайгамбар Жахабанын улуу күнүнө аз калганын жана аман калыш үчүн эмне кылуу керектигин жазган. Анын пайгамбарлык сөзү бүгүн болуп көрбөгөндөй зор мааниге ээ.

Амос китебине кириш сөз

Жахаба бул момун адамга маанилүү ишти тапшырган. Амос пайгамбардан эмнеге үйрөнсөк болот?

Обадия китебине кириш сөз

Обадия китеби — Еврей Жазмаларындагы эң эле кыска китеп. Анда Жахабанын эгедерлиги акталары тууралуу үмүт берерлик кабар камтылган.

Жунус китебине кириш сөз

Жунус пайгамбар жазаны кабыл алган, тапшырмасын аткарган жана Кудай аны мээримдүү, ырайымдуу болгонго үйрөткөн. Бул окуя жүрөгүңөрдү козгоорунан шек жок.

Микей китебине кириш сөз

Ыйык рухтун жетеги менен жазылган бул китептен Жахабанын бизден акылга сыярлык жана пайда алып келерлик нерселерди гана талап кыларын биле алабыз.

Накум китебине кириш сөз

Бул китеп Жахабанын ар бир сөзү аткарыларына болгон ишенимибизди бекемдейт. Ошондой эле тынчтыкка жана Падышалык алып келе туран куткарылууга умтулгандарды сооротуп-жубатат.

Хабакук китебине кириш сөз

Жахаба Кудайдын өз элин качан жана кантип куткарса болорун эң жакшы билеринен шектенбесек болот.

Сепания китебине кириш сөз

Жахабанын күнү азырынча келбейт деп ойлогондон эмне үчүн сак болушубуз керек?

Акай китебине кириш сөз

Бул китепте Кудайга болгон сыйынуу өз кызыкчылыгыбыздан да жогору турушу керектиги баса белгиленет.

Закарыя китебине кириш сөз

Закарыя китебиндеги таң калыштуу аяндар жана пайгамбарлыктар Кудайдын байыркы убактагы элин кайраттандырган. Ал пайгамбарлыктардын аткарылышы бүгүнкү күндө бизди да кайраттандырат.

Малаки китебине кириш сөз

Малаки китебинде Жахабанын өзгөрүлгүс принциптери, ырайымдуулугу жана сүйүүсү баса белгиленген пайгамбарлыктар бар. Ошондой эле биз алчу маанилүү сабактар да камтылган.

Матай китебине кириш сөз

Төрт Инжилдин биринчиси болгон Матай китеби жөнүндө жалпы маалымат алыңыз.

Марк китебине кириш сөз

Инжилдердин эң кичинеси болгон Марк китебинен Иса Машаяк Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары бийлик жүргүзгөндө жашоонун кандай болорун билүүгө болот.

Лука китебине кириш сөз

Луканын Инжилинде кандай өзгөчө маалыматтар камтылган?

Жакан китебине кириш сөз

Жакандын Инжилинде Исанын адамзатка болгон сүйүүсү тууралуу баяндалат. Ошондой эле анын момундугу, Машаяк жана Кудайдын Падышалыгынын Падышасы экени да баса белгиленет.

Элчилердин иштери китебине кириш сөз

Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочулары бардык элдерден шакирт даярдаш үчүн күжүрмөн эмгектенишкен. Элчилер китеби кызматта ынталуу, жигердүү болууга түрткү берет.

Римдиктер китебине кириш сөз

Бул китепте Жахабанын баарына тегиз караары жана Иса Машаякка ишенүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленет.

1 Корунттуктар китебине кириш сөз

Элчи Пабылдын катында биримдикти, адеп-ахлактык тазалыкты жана өчпөй турган сүйүүнү сактоого байланыштуу даанышман кеңештер камтылат.

2 Корунттуктар китебине кириш сөз

Жахаба, «ар кандай жагдайда сооротуучу» Кудай, кызматчыларын кайраттандырып, бекемдейт.

Галатиялыктар китебине кириш сөз

Элчи Пабылдын галатиялыктарга жазган катында айтылгандар биз үчүн да пайдалуу. Ал Исанын чыныгы жолдоочуларынын баарына ишенимдүүлүгүн сактаганга өбөлгө түзөт.

Эфестиктер китебине кириш сөз

Ыйык рухтун жетеги менен жазылган Эфестиктер китебинде Кудайдын Иса Машаяк аркылуу тынчтык орнотуп, биримдүү кылары баса белгиленет.

Филипиликтер китебине кириш сөз

Сыноо учурунда туруктуу болгонубуз башкаларга да бекем болууга түрткү берет.

Колосалыктар китебине кириш сөз

Окуп-билгендерибизди иш жүзүндө колдонсок, бири-бирибизди айкөлдүк менен кечирсек, Исанын жогорку абалды ээлей турганын түшүнсөк, Жахабага жагабыз.

1 Тесалоникалыктар китебине кириш сөз

Биз рухий жактан сергек болушубуз, эмне маанилүү экенин баамдашыбыз, үзгүлтүксүз тиленишибиз, бири-бирибизди бекемдешибиз керек.

2 Тесалоникалыктар китебине кириш сөз

Элчи Пабыл Жахабанын күнүнүн келишине байланыштуу жаңылыш көз караштарды оңдогон жана ишенимдештерин Кудайга болгон берилгендигин сактоого үндөгөн.

1 Тиметей китебине кириш сөз

Элчи Пабыл 1 Тиметей китебин жыйналыштагы уюштуруу иштерин жөнгө салып, жалган окуулардан, акчаны сүйүүдөн алыс болууну эскертиш үчүн жазган.

2 Тиметей китебине кириш сөз

Пабыл Тиметейди кызматын толугу менен аткарууга үндөгөн.

Тит китебине кириш сөз

Бул катта жыйналыштагы көйгөйлөр жана аксакалдарга коюлган талаптар тууралуу сөз жүрөт.

Филемон китебине кириш сөз

Бул кыска, бирок таасирдүү катта момундукка, боорукердикке, кечиримдүүлүккө байланыштуу ойлор камтылат.

Еврейлер китебине кириш сөз

Чыныгы сыйынуу кадимки ибадатканадан жана жаныбарлардын курмандыктарынан алда канча бийик нерселерге негизделген.

Жакып китебине кириш сөз

Кудайдын кызматчылары колдонушу керек болгон маанилүү принциптерди түшүндүрүш үчүн Жакып так-айкын мисалдарды колдонгон.

1 Петир китебине кириш сөз

Петирдин биринчи каты бизди ынталуу болууга, бардык түйшүгүбүздү Кудайга артууга чакырат.

2 Петир китебине кириш сөз

Экинчи Петир китебинде жазылгандар жаңы асман менен жаңы жерди күтүп жаткан учурда бизди абдан бекемдейт.

1 Жакан китебине кириш сөз

Жакандын каты бизди жалган окутуучулардан сак болууга үндөйт. Ошондой эле анда эмнени сүйүп, эмнени сүйбөшүбүз керектиги айтылат.

2 Жакан китебине кириш сөз

Жакандын экинчи катында чындык жолунда бекем болушубуз жана жалганчылардан алыс болушубуз керектиги баса белгиленет.

3 Жакан китебине кириш сөз

Жакандын үчүнчү каты меймандос болууга чакырат.

Жүйүт китебине кириш сөз

Жүйүт жалганчылардын, бузукулардын кандай айла-амалдарды колдонорун ачып берип, аларды ашкерелеген.

Аян китебине кириш сөз

Аян китебинде жандуу баяндалган аяндар Падышалык Кудайдын жерге, адамзатка байланыштуу ой-ниетин кантип ишке ашырарын көрсөтүп турат.

Ыйык Китепке кириш сөз

Иса Машаяк Падышалык аркылуу Жахабанын ысымын актайт. Ыйык Китептин негизги темасы — ушул. Видеодон Ыйык Китептеги ар бир китеп ошол негизги теманын өрчүшүнө кандайча салым кошорун биле аласыңар.

Сизге булар да кызыктуу болушу мүмкүн

КИТЕПТЕР ЖАНА КИТЕПЧЕЛЕР

Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?

Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?