Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Забур 46:10. «Моюн сунгула, Кудай экенимди билгиле»

Забур 46:10. «Моюн сунгула, Кудай экенимди билгиле»

 «Моюн сунгула, Кудай экенимди билгиле. Мен элдер арасында даңазаланам, жер жүзүндө даңазаланам» (Забур 46:10, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Токтогула. Менин Кудай экенимди таанып билгиле. Мен элдер арасында даңкталам, жер үстүндө даңазаланам» (Забур 46:10, «Үмүт нуру» котормосу).

Забур 46:10дун мааниси

 Кудай ар бир адамдын ага сыйынышын жана жер жүзүнүн үстүнөн башкарууга ал гана укуктуу экенин моюнга алышын каалайт. Анын күчүн, бийлигин эч ким тана албайт. Түбөлүк өмүр сүргүсү келген ар бир киши ушул нерсени толук түшүнүшү зарыл (Аян 4:11).

 «Моюн сунгула, Кудай экенимди билгиле». Ыйык Китептин айрым котормолорунда «моюн сунгула» деген сөз «унчукпагыла» деп которулган. Ошол себептен көптөр муну чиркөөгө киргенде урмат-сый иретинде унчукпаш керек деп туура эмес түшүнүп алышкан. Бирок еврей тилинде: «Моюн сунгула, Кудай экенимди билгиле»,— деген сөздөрдүн Жахаба a Кудайдын чакыруусу экенин билүүгө болот. Ошентип айтуу менен Жахаба улуттарды ага каршы чыкпоого үндөгөн жана сыйынууга ал гана татыктуу экенин түшүндүрүүнү көздөгөн.

 Ошого окшош сөздөр 2-забурда да жазылган. Ал жерде Кудай ага каршы чыккандарга чара көрөрүн убада кылат. Кудайдын бийлигин жактагандар болсо ага таянып, андан акылмандык, жетек издейт. «Аны баш маана кылгандардын баары» бактылуу, өзгөчө, кыйын учурда өзүн коопсуз сезет (Забур 2:9—12).

 «Мен элдер арасында даңазаланам, жер жүзүндө даңазаланам». Байыркы учурда улуу күчүн элин коргош үчүн колдонгондо Жахаба даңазаланган (Чыгуу 15:1—3). Келечекте бүт жер жүзүндө жашаган адамдар анын бийлигин жактап, ага гана сыйынганда ал андан бетер даңкталып-даңазаланат (Забур 86:9, 10; Ышая 2:11).

Забур 46:10дун контексти

 Бир эмгекте 46-забур «өз элин кудуреттүү колу менен коргогон Кудайдын күчүн даңазалаган гимн» деп аталат. Кудайдын эли ал забур аркылуу Жахабанын аларга жардам берерине, аларды коргой аларына бекем ишенерин билдирген (Забур 46:1, 2). 46-забурдагы сөздөр Жахабанын дайыма алар менен экенин эсине салып турган (Забур 46:7, 11).

 Жахаба Кудайга болгон ишенимин бекемдеш үчүн забурчу аларды анын укмуштуу иштери тууралуу ой жүгүртүүгө чакырган (Забур 46:8). Өзгөчө, ал забурда Кудайдын согуштарды токтотууга кудуреттүү экенин баса белгиленген (Забур 46:9). Себеби Жахаба байыркы убакта өз элин душмандардан далай жолу коргоп, согуштарды токтоткон. Ал эми жакында, Ыйык Китепте убада кылынгандай, Кудай согуштарды жердин учу-кыйырына чейин токтотот (Ышая 2:4).

 Жахаба кызматчыларына бүгүн да жардам береби? Ооба. Элчи Пабыл Кудайдын кызматчыларын ага таянууга үндөгөн (Еврейлер 13:6). 46-забурда айтылган ойлор Кудайдын бизди коргонго кудуреттүү экенине болгон ишенимибизди бекемдейт. Ошондой эле Кудайды «баш маанабыз, күчүбүз» катары кароого жардам берет (Забур 46:1).

 Забур китеби тууралуу жалпы маалымат алыш үчүн бул видеону көргүлө.

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18). «Жахаба деген ким?» деген макаланы карагыла.