Мазмунун көрсөтүү

Адамдардын дүйнө жүзүнө тынчтык орното албай жатканынын себеби эмнеде?

Адамдардын дүйнө жүзүнө тынчтык орното албай жатканынын себеби эмнеде?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Адамдар дүйнө жүзүнө тынчтык орнотууга канча аракет кылбасын эч майнап чыкпай келгенинин айрым себептери:

  •   «Басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт» (Жеремия 10:23). Адамдар өздөрүн өздөрү башкара алгыдай жөндөмдүүлүк менен жаратылган эмес, Кудай аларга андай укукту да берген эмес. Ошол себептүү адамдар эч качан дүйнө жүзүнө тынчтык орното алышпайт.

  •   «Аттуу-баштууларга, куткара албай турган адам баласына таянбагыла. Анын деми чыгат да, өзү топуракка кайтат, ошол күнү ойлору ойрон болот» (Забур 146:3, 4). Бийлик башчылары, чын ниеттен аракет кылса да, согуш отун тутанткан маселелерди биротоло чече алышпайт.

  •   «Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил. Себеби адамдар... ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген, чыккынчы, өз дегенин бербеген, текебер... болушат» (2 Тиметей 3:1—4). Биз азыркы ыймансыз дүйнөнүн «акыркы күндөрүндө», тынчтыкка жетүүгө тоскоол кылган көз караштар кеңири жайылган убакта, жашап жатабыз.

  •   «Жер менен деңизге кайгы, анткени Ибилис убактысынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү» (Аян 12:12). Кудайдын душманы Шайтан жерге куулуп түшүрүлгөн. Ал адамдардын өзүнө окшош болушун каалагандыктан аларды азгырып, бузуп жатат. Ошондуктан Шайтан «бул дүйнөнүн башкаруучусу» болуп турган убакта, адамдар эч качан тынчтыкты орното алышпайт (Жакан 12:31).

  •   «Ал [Кудайдын Падышалыгы] ушул падышалыктардын баарын [Кудайга каршы чыккан падышалыктарды] талкалайт, жок кылат, өзү болсо түбөлүк турат» (Даниел 2:44). Адам баласы көксөгөн тынчтыкты адамдык өкмөттөр эмес, Кудайдын Падышалыгы гана орното алат (Забур 145:16).