Мазмунун көрсөтүү

Нух пайгамбар жана Топон суу жөнүндөгү окуя жөн гана уламышпы?

Нух пайгамбар жана Топон суу жөнүндөгү окуя жөн гана уламышпы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Топон суу чынында эле болгон. Кудай ыймансыздарды жок кылыш үчүн Топон суу каптаткан. Бирок жакшы адамдар менен жаныбарларды сактап калыш үчүн Нух пайгамбарга кеме курууну буйруган (Башталыш 6:11—20). Топон суунун чынында эле болгонунан эч күмөн санабасак болот, анткени ал тууралуу «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган» Ыйык Жазмада айтылат (2 Тиметей 3:16).

 Чын эле болгон окуябы же уламышпы?

 Ыйык Китептен Нух пайгамбардын чын эле жашаганын жана Топон суунун уламыш эмес, чынында эле болгон окуя экенин биле алабыз.

  •   Ыйык Китепти жазууга катышкандар Нух пайгамбардын чынында эле жашап өткөн инсан болгонуна ишенишкен. Мисалы, тарыхты кылдат изилдеген Эзра пайгамбар жана Лука Нух пайгамбарды ысрайыл элинин санжырасына киргизишкен (1 Жылнаама 1:4; Лука 3:36). Инжилдерди жазган Матай менен Лука Иса пайгамбардын Нух пайгамбар жана Топон суу жөнүндө айткандарын жазышкан (Матай 24:37—39; Лука 17:26, 27).

     Ошондой эле Жезекиел пайгамбар жана элчи Пабыл ишеними күчтүү, адил Нух пайгамбарды сонун үлгү калтырган инсан катары сүрөттөшкөн (Жезекиел 14:14, 20; Еврейлер 11:7). Нух пайгамбар уламышта эле айтылган каарман болсо, алар андан үлгү алууга үндөшөт беле? Нух пайгамбардан жана башка ишеними күчтүү эркек-аялдардан үлгү алсак болот, анткени алар — чынында эле жашап өткөн адамдар (Еврейлер 12:1; Жакып 5:17).

  •   Ыйык Китепте Топон сууга байланыштуу майда-чүйдө маалыматтар жазылган. Ыйык Китептеги Топон суу тууралуу билдирүү уламыштарда кездешкен «күндөрдүн бир күнүндө» деген сыяктуу сөздөр менен башталбайт. Ыйык Китепте Топон суунун качан башталганынын жана андан кийин эмне болгонунун так убактысы — жылы, айы, күнү — жазылган (Башталыш 7:11; 8:4, 13, 14). Ошондой эле Нух пайгамбар курган кеменин көлөмү да так айтылат (Башталыш 6:15). Ыйык Китептеги бул маалыматтар Топон суунун уламыш эмес, чын эле болгон окуя экенин тастыктап турат.

 Топон суу эмне үчүн болгон?

 Ыйык Китепте Топон суунун алдында «адамдардын көп жаман иштерди кылганы» айтылат (Башталыш 6:5). Андан сырткары, адеп-ахлаксыздык, зордук-зомбулук күч алгандыктан, «жер бети... чыныгы Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү болуп калганы» жазылат (Башталыш 6:11; Жүйүт 6, 7).

 Ыйык Китептен жамандыктын күч алышына аялдар менен жыныстык катнашта болуш үчүн асмандан жерге келген бузулган периштелер себепкер болгонун билебиз. Ал периштелерден төрөлгөн балдар «нефилимдер» деп аталышкан жана алар ошол убакта жашаган адамдарды азапка салышкан (Башталыш 6:1, 2, 4). Ошондуктан Кудай жер бетиндеги ыймансыздардын баарын жок кылып, жакшы адамдарга жамандыктан тазаланган жерде жашаганга мүмкүнчүлүк берүүнү чечкен (Башталыш 6:6, 7, 17).

 Адамдар Топон суу болорун билишкенби?

 Ооба. Кудай Нух пайгамбарга эмне болорун айтып, үй-бүлөсүн жана жаныбарларды сактап калыш үчүн кеме курууну буйруган (Башталыш 6:13, 14; 7:1—4). Нух пайгамбар элге келе жаткан алаамат тууралуу эскерткен, бирок алар кулак каккан эмес (2 Петир 2:5). Ыйык Китепте: «Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин, алар ойлонушкан эмес»,— делет (Матай 24:37—39).

 Нух пайгамбар курган кеме кандай болгон?

Кеме төрт бурчтуу чоң жашикке окшош болгон. Анын узундугу болжол менен 133 метр, туурасы 22 метр, бийиктиги 13 метр болгон a. Кеме гофер жыгачынан жасалып, ичи-тышы чайыр менен капталган. Ошондой эле үч кабат болуп курулуп, ичи бир нече бөлүктөргө бөлүнгөн. Эшиги капталында, терезеси, кыязы, үстү жагында болгон. Суу топтолуп калбай, агып турушу үчүн, кеменин төбөсүнүн ортосу бир аз бийигирээк болуп, эки жагы жантайып турса керек (Башталыш 6:14—16).

 Нух пайгамбар кемени канча убакытта курган?

 Ыйык Китепте Нух пайгамбардын кемени канча убакытта куруп бүткөнү айтылбайт, бирок аны курганга, сыягы, ондогон жылдар кеткен. Тун уулу төрөлгөндө, Нух пайгамбар 500 жаштан өтүп калган, ал эми Топон суу болгондо, 600гө чыгып калган b (Башталыш 5:32; 7:6).

 Кудай Нух пайгамбарга кеме курууну айтканда, анын үч уулу эр жетип, түтүн булатып калган. Буга, калыбы, 50 же 60 жыл кеткен (Башталыш 6:14, 18). Эгер ушундай болсо, кеме 40 же 50 жылда курулуп бүткөн деп жыйынтык чыгарсак болот.

a Ыйык Китепте кеменин көлөмү чыканак менен эсептелген. Еврейлердин чен өлчөмү боюнча бир чыканак 44,45 сантиметрге барабар болгон («The Illustrated Bible Dictionary», кайра каралган басылышы, 3-бөлүк, 1635-бет).

b Нух пайгамбар сыяктуу адамдардын канча убакыт жашаганын билиш үчүн «Байыркы учурда адамдар чын эле узак жашаганбы?» деген макаланы карагыла («Күзөт мунарасы», 2010-жыл, 1-декабрь (ор.)).