Мазмунун көрсөтүү

Никеге турбай чогуу жашоого карата Кудайдын көз карашы кандай?

Никеге турбай чогуу жашоого карата Кудайдын көз карашы кандай?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китептен Кудайдын «бузуктуктан алыс болушубузду» каалаарын билүүгө болот (1 Тесалоникалыктар 4:3). Ага ылайык, «бузуктук» деген сөз өз ичине ойноштукту, гомосексуализмди жана никеде турбаган аял менен эркектин ортосундагы жыныстык мамилени камтыйт.

 Эркек менен аялдын никеге турган-турбаганы Кудай үчүн маанилүүбү?

  •   Никенин пайдубалын Кудай түптөгөн. Ал аны Адам ата менен Обо энени жаратканда негиздеген (Башталыш 2:22—24). Кудай аял менен эркектин никеге турбай эле чогуу жашашын ниет кылган эмес.

  •   Кудай адамдарга эмне жакшы болорун эң сонун билет. Ал никенин аял менен эркектин ортосундагы түбөлүктүү түйүн болушун каалаган. Андай нике үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүн коргоп, бактылуу болушуна шарт түзмөк. Бир мисалга токтололу. Эмеректи туура чогултуш үчүн аны чыгарган ишкананын көрсөтмөсүн колдонуш керек. Ошол сыңары, Кудайдын никеге байланыштуу көрсөтмөлөрү да жубайларга бактылуу үй-бүлө курууга көмөк кылат. Кудайдын мыйзам-принциптери аларды аткаргандардын баарына дайыма пайдасын тийгизет (Ышая 48:17, 18).

    Ишкана чыгарган көрсөтмө эмеректи чогултканга жардам берген сыңары, Кудайдын көрсөтмөлөрү бактылуу үй-бүлө курууга көмөк кылат

  •   Никеде турбаган аял менен эркектин жыныстык мамиледе болгону кесепеттүү. Алсак, күтүлбөгөн жерден кош бойлуу болуп калышы, жыныстык жол менен жугуучу ооруларга чалдыгышы же жан дүйнөсү кыйналышы мүмкүн a.

  •   Кудай аял менен эркекти тукум улоо жөндөмү менен жараткан. Кудай өмүрдү ыйык деп эсептегендиктен, тукум улоо жөндөмүн баа жеткис белек деп айтсак болот. Андыктан Кудай нике түзүлүшүн сыйлап, ал белекти жогору баалашыбызды каалайт (Еврейлер 13:4).

 Бири-бирин сынап көрүү максатында никеге турбай эле жашап көрүү жөнүндө эмне айтууга болот?

 Үй-бүлөлүк бакыттын сыры аял менен эркектин бири-бирине ылайык келер-келбесин сынап көрүү максатында убактылуу чогуу жашап көргөнүндө эмес. Чынында, түгөйлөрдүн экөө тең бири-бирине берилгендик сактап, ортодогу көйгөйлөрүн чогуу чечкенге аракет кылганда гана мамилеси бекем болот b. Ал эми никеге туруу жубайлардын бири-бирине болгон берилгендигин чыңдоого шарт түзөт (Матай 19:6).

 Канткенде жубайлардын нике түйүнү бекем болот?

 Идиш-аягы кагышпаган бир да үй-бүлө жок. Ошентсе да жубайлар Кудайдын Сөзүндөгү кеп-кеңештерди колдонуунун аркасында нике түйүнүн бекемдей алышат. Ал кеңештердин айрымдары булар:

a «Жаштардын суроолору. Жыныстык катнаш мамилебизди жакшыртабы?» деген макаланы карагыла.

b «Үй-бүлөлүк бакыт. Берилгендик» деген макаланы карагыла.