Мазмунун көрсөтүү

Көп аял алууга Кудай кандай карайт?

Көп аял алууга Кудай кандай карайт?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Байыркы убакта бир учурда Кудай эркектерге бир нече аял алууга уруксат берген (Башталыш 4:19; 16:1—4; 29:18—29). Бирок көп аял алууну Кудай негиздеген эмес. Ал адамзаттын түпкү атасы Адам атага бир эле аялды жаратып берген.

 Кудайдын өкүлү катары Иса пайгамбар Кудайдын никеге байланыштуу башында түзгөн тартибин кайрадан калыбына келтирген (Жакан 8:28). Бир жолу эл андан нике жөнүндө сураганда, ал: «Жараткандын эң башында адамдарды эркек-аял кылып жаратып: „Ошондуктан эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот“,—деп айтканын окуган жок белеңер?» — деп айткан (Матай 19:4, 5).

 Кийинчерээк Кудайдын дагы бир кызматчысы: «Ар бир эркектин өз аялы, ар бир аялдын өз күйөөсү болсун»,— деп жазган (1 Корунттуктар 7:2). Ыйык Китепте Кудайга кызмат кылгандардын жыйналышында жетекчиликти колго алган эркектердин, эгер үй-бүлөлүү болсо, «бир эле аялы» болушу керектиги айтылган (1 Тиметей 3:2, 12).