Мазмунун көрсөтүү

Иса Машаяктын аялы, бир туугандары болгонбу?

Иса Машаяктын аялы, бир туугандары болгонбу?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте Иса Машаяктын аялы болгон эмес деп ачык айтылбаса да, анда жазылгандардан анын бойдок болгонун билүүгө болот a. Буга төмөндөгүдөй далилдер бар:

  1.   Ыйык Китепте Иса Машаяктын ата-энеси, бир туугандары болгону, кызмат кылып жүргөндө аны аялдар коштоп жүргөнү, өлүм жазасына тартылганда ошол аялдар аны алыстан карап турганы айтылат, бирок бир да жеринде аялы болгону тууралуу эч нерсе айтылбайт (Матай 12:46, 47; Марк 3:31, 32; 15:40; Лука 8:2, 3, 19, 20; Жакан 19:25). Мунун эң негизги себеби Иса Машаяк эч качан үйлөнгөн эмес.

  2.   Кудайга көбүрөөк кызмат кылуу үчүн бойдок калгысы келгендер жөнүндө Иса Машаяк: «Ким бойдок калгысы келсе, бойдок калсын»,— деп айткан (Матай 19:10—12). Үй-бүлө курбай, убактысын толугу менен Кудайга кызмат кылууга арнагысы келгендерге ал мыкты үлгү калтырган (Жакан 13:15; 1 Корунттуктар 7:32—38).

  3.   Өлөрүнүн алдында Иса Машаяк энесине кам көрүүнү шакирттеринин бирине табыштаган (Жакан 19:25—27). Эгер анын аялы, бала-бакырасы бар болсо, аларды да сөзсүз түрдө бирөөгө табыштамак болуш керек.

  4.   Ыйык Китепте Иса Машаяктын күйөөлөргө жакшы үлгү калтырганы айтылат, бирок бул анын аялы болгонун билдирбейт. Анткени анда: «Күйөөлөр, аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла. Машаяк да жыйналышты сүйүп, ал үчүн өмүрүн берген»,— деп жазылган (Эфестиктер 5:25). Эгер анын аялы болгон болсо, бул аятта ачык эле «жыйналышты» деп эмес, аялын сүйүп деп жазылмак.

Иса Машаяктын бир туугандары болгонбу?

 Ооба, анын, жок эле дегенде, алты бир тууганы, Жакып, Жусуп, Симон, Жүйүт деген төрт иниси жана, бери дегенде, эки карындашы болгон (Матай 13:54—56; Марк 6:3). Алар Исанын ата-энеси Жусуп менен Мариямдын өз балдары болгон (Матай 1:25). Ыйык Китепте Иса Мариямдын «тун уулу» болгону айтылат. Бул Мариям менен Жусуптун башка да балдары болгонун көрсөтүп турат (Лука 2:7).

Исанын бир туугандары жөнүндөгү жаңылыш ойлор

 Мариям өмүрү өткөнчө турмушка чыккан эмес деген ойду жакташ үчүн айрымдар Иса Машаяктын «бир туугандары» деген сөздү башкача түшүндүргөнгө аракет кылышат. Мисалы, кээ бирөөлөр Исанын бир туугандары, чынында, уялаш бир туугандары болгон эмес, алар Жусуптун биринчи аялынан болгон дешет. Бирок Ыйык Китепте Исанын Дөөтүгө убада кылынган падышалыкты мурастоого укуктуу экени айтылат (2 Шемуел 7:12, 13; Лука 1:32). Эгер Жусуптун Исадан улуу балдары болгон болсо, ал укук Жусуптун ошол балдарынын тунуна берилмек.

 Иса Машаяктын «бир туугандары» деген сөздөр анын шакирттерине же ишенимдештерине карата айтылышы мүмкүнбү? Жок, себеби бул Ыйык Китепте жазылгандарга карама-каршы келип калмак. Ыйык Китепте анын бир туугандары тууралуу: «Чындыгында, алар Исага ишенишчү эмес»,— деп айтылат (Жакан 7:5). Ошондой эле Ыйык Китепте Иса Машаяктын бир туугандары башка, шакирттери башка экени айкын көрсөтүлөт (Жакан 2:12).

 Дагы бирөөлөр Иса Машаяктын бир туугандары, чынында, анын аталаш туугандарын же бөлөлөрүн билдирет деп айтышат. Бирок Грек Жазмаларынын түп нускасында «бир тууган» жана «тууган» деген сөздөр эки башка сөз менен берилген (Лука 21:16; Колосалыктар 4:10). Ыйык Китепти изилдеген көптөгөн окумуштуулар Иса Машаяктын инилери менен карындаштары өзүнүн энелеш туугандары болгонун ырасташат. Мисалы, бир эмгекте: «„Бир туугандары“ деген сөздөр Жусуп менен Мариямдын балдарын, Исанын жатындаш туугандарын, билдирет деп жыйынтык чыгаруу акылга сыярлык»,— деп айтылат («Expositor’s Bible Commentary») b.

a Ыйык Китепте Иса Машаяк күйөө катары сүрөттөлөт, бирок ошол сөз кездешкен аяттардын контекстинен анын каймана мааниде айтылганын көрүүгө болот (Жакан 3:28, 29; 2 Корунттуктар 11:2).

b Кара: «The Gospel According to St. Mark», Second Edition, by Vincent Taylor, page 249, and «A Marginal Jew—Rethinking the Historical Jesus», by John P. Meier, Volume 1, pages 331-332.