Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте бир жыныстагы адамдардын үй-бүлө курушу тууралуу айтылабы?

Ыйык Китепте бир жыныстагы адамдардын үй-бүлө курушу тууралуу айтылабы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Жараткан Кудайыбыз никеге байланышкан көрсөтмөлөрдү адамдар ойлоп тапкандан алда канча убакыт мурун эле берген. Ыйык Китептин эң биринчи эле китебинде: «Эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот»,— деп айтылган (Башталыш 2:24). Ыйык Китептеги сөздөрдү түшүндүргөн бир сөздүккө ылайык, «аял» деп которулган түп нускадагы еврейче сөз «аялзатына» карата колдонулат («Vine’s Expository Dictionary of Biblical Words»). Иса пайгамбар да эркек менен аял гана турмуш курушу керектигин айткан (Матай 19:4).

 Демек, Кудай эки адамды өмүр бою бириктирип турган нике түйүнүнүн эркек менен аялдын ортосунда гана болушун каалаган. Эркек менен аял бири-бирин толуктап тургудай жаратылгандыктан бири-биринин эмоциялык муктаждыгын, жыныстык муктаждыгын толук канааттандыра алышат жана балалуу боло алышат.