Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Чыдамдуулукту кантип өрчүтсө болот?

Чыдамдуулукту кантип өрчүтсө болот?

 «Жубайлардын чыдамдуулугу күн сайын сыналат. Бойдок кезде бул сапатты өрчүтүү анчалык деле маанилүүдөй сезилбеши мүмкүн, бирок нике бекем болушу үчүн, бул сапат абдан зарыл» (Жон).

 Эмне үчүн чыдамдуу болушуңар керек?

  •   Үй-бүлө кургандан кийин, жарыңардын жаман жактары көрүнө баштайт.

     «Турмуш курганыңардан бир нече убакыт өткөндөн кийин, жубайыңардын анча жакшы эмес жактарына көңүл топтой башташыңар мүмкүн. Андайда терс ойлорго алдырсаңар, сабырдуу болуу оңойго турбай калат» (Жесина).

  •   Чыдамсыз болсоңор, ойлонбой сүйлөп аласыңар.

     «Оюмдагыны дароо айтканга жакын болгондуктан көп учурда айтпаш керек болгон нерселерди айтып алам. Сабырдуураак болсом, эмнени айтыш керектигин, эмнени айтпаш керектигин ойлонуп сүйлөмөкмүн» (Кармэн).

     Ыйык Китепте: «Сүйүү чыдамкай, боорукер»,— деп айтылат (1 Корунттуктар 13:4). Бири-бирин сүйгөн адамдар бири-бирине чыдамдуулук менен мамиле кылат деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок дайыма эле андай боло бербейт. Жогоруда сөз кылынган Жон: «Бардык жакшы сапаттардай эле, чыдамдуулук сапатын өрчүткөнгө караганда жоготуп алуу оңой. Аны өрчүтүш үчүн күч-аракет жумшоо талап кылынат»,— дейт.

 Канткенде чыдамдуу боло аласыңар?

  •   Чыдамдуулугуңар сыналган күтүлбөгөн жагдайга туш болгондо...

     Мисал: Өмүрлүк жарыңар орой сүйлөдү деп коёлу. Силер ачууланып, ага өзүндөй жооп кайтарасыңар.

     Ыйык Китептеги принцип: «Таарынууга шашпа, анткени таарыныч акылсыздардын көкүрөгүндө уялайт» (Насаатчы 7:9).

     Сабырдуу болуш үчүн: Бир аз күтө тургула. Жооп кайтарардан мурун жубайыңар силерди атайылап таарынтайын дебегенин эсиңерге салгыла. Нике жөнүндө жазылган бир китепте: «Көбүбүз түгөйүбүздүн чынында эмне деп айтканына эмес, өзүбүз анын айткандарын кандай түшүнгөнүбүзгө жараша жооп кайтарабыз»,— делет («Fighting for Your Marriage»).

     Атүгүл жарыңар ачууңарга тийгиси келсе да, ага өзүндөй жооп кайтарбай, сабырдуу болсоңор, жагдайды ого бетер курчутпай, тескерисинче, чечилишине өбөлгө түзөсүңөр. Ыйык Китепте: «Отун жок жерде от өчөт»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 26:20).

     «Жубайыңарды каршылашыңардай көрүп жатсаңар, бир азга ойлонуп, аны эмне үчүн жакшы көрөрүңөрдү эстегиле. Анан ага жагымдуу боло турган бир нерсе кылгыла» (Эйтан).

     Ойлонуп көргүлө:

    •  Түгөйүңөр сөзү же иши менен көңүлүңөрдү оорутканда, кандай жооп кайтарасыңар?

    •  Кийинки жолу ушундай болгондо көбүрөөк чыдамдуу болуш үчүн эмне кылсаңар болот?

  •   Жарыңар кыжырыңарды келтирген нерсени кайра-кайра кылганда...

     Мисал: Жубайыңар силерди күттүрүп, кыжырыңарга тийип дайыма эле кечиге берет.

     Ыйык Китептеги принцип: «Көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле» (Колосалыктар 3:13).

     Сабырдуу болуш үчүн: Өзүңөргө эмес, никеңердин бекем болушуна көңүл топтогонго аракет кылгыла. «Болгон нерсеге капалана берсем же жубайым менен талашып-тартыша берсем, мамилебиз бекемделеби же бузулабы?» — деп ойлонуп көргүлө. Ошондой эле, эске алчу нерсе, «баарыбыз тең көп жаңылабыз» (Жакып 3:2). Бул силердин да иштечү жагыңар бар экенин көрсөтүп турат.

     «Кээде жолдошума караганда, курбума көбүрөөк чыдайм. Менимче, жолдошум менен көп убакыт өткөргөндүктөн жана анын кемчиликтерин көргөндүктөн ошентет болушум керек. Бирок чыдамдуу болсом, аны сүйөрүмдү, урматтаарымды көрсөтөм. Бул аны менен болгон мамилемди бекемдөөдө абдан маанилүү» (Ниа).

     Ойлонуп көргүлө:

    •  Жубайыңардын ката-кемчиликтерине чыдамдуулук менен мамиле кыласыңарбы?

    •  Кийинкиде сабырдуураак болуш үчүн эмне кылсаңар болот?