Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Бала жана смартфон (1-бөлүк). Балама смартфон керекпи?

Бала жана смартфон (1-бөлүк). Балама смартфон керекпи?

 Барган сайын смартфон a көтөргөн балдардын саны көбөйүп баратат. Алардын көбү жалгыз отуруп алып, смартфонунан Интернетке киришет. Балаңардын смартфон колдонгонунун кандай кооптуу жактары бар? Кандай пайдасы бар? Балаңарга бир күндө смартфонду канча колдонгонго уруксат беришиңер керек?

 Эмнелерди билишиңер керек?

 Пайдасы

  •   Балдар коопсуз, ата-эненин санаасы тынч болот. «Азыр заман коркунучтуу болуп калды,— дейт эки өспүрүмдүн энеси Бетани.— Ошон үчүн ата-энеге балдары менен байланышта болуп турганы маанилүү».

     Ал эми Катерина деген дагы бир эне мындай деп кошумчалайт: «Азыр ар кандай тиркемелер бар. Алардын жардамы менен балаңдын телефонуна туташып, анын каякта жүргөнүн көрө аласың».

  •   Окуусуна жардам берет. «Балдар үй тапшырмаларын электрондук почта же текст билдирүү аркылуу ала алат. Мугалимдери менен да байланыша алышат»,— дейт Мэри деген эне.

 Зыяны

  •   Телефондон башы чыкпай калат. Балдар адатта бир канча саат бою телефонун тиктеп отура беришет. Бирок ата-энелер деле балдары менен канча убакыт сүйлөшсө, телефонуна да ошончо убакыт коротушат. Айрым үй-бүлөлөр, бир психолог айткандай, «бири-бирине чоочун адамдардай болуп калышты. Алар күн сайын чогуу отурушканы менен, ар бири телефонунан көзүн албайт» b.

  •   Порнографиянын тузагына түшүп калат. Бир эсептөөгө ылайык, бардык өспүрүмдөрдүн жарымынан көбү порнография көрүш үчүн ай сайын ошондой сайттарга атайын киришет. Бул таң калыштуу эмес, анткени чөнтөк телефондон порнография көрүү болуп көрбөгөндөй оңой болуп калды. Өспүрүм курактагы бир уул, бир кызы бар Улиям деген бир ата мындай дейт: «Баласына телефон алып берген ата-эне каякта болбосун аны ээрчип жүргөн порнография дүкөнүнө жол ачып берген болот».

  •   Байланып калат. Көптөр телефонсуз жашай албай калды. Эгер телефонун таппай калса, тынчы кетип, эмне кыларын билбей калышат. Атүгүл ооруп калышат. Айрым ата энелер балдарынын телефон колдонгондон бери орой болуп калганын байкашкан. «Телефон карап отурганда, балама бир нерсе айтсам, жактырбай, жаман көзү менен карайт же ороңдоп кирет»,— дейт Кармен.

  •   Дагы башка кооптуу жактары. Смартфон колдонгондор киберкуугунтукка c жана секстингге d кабылышы мүмкүн. Баш көтөрбөй бир орунда кечке отура бергендиктен, жетиштүү уктабагандыктан ден соолугу да начарлашы ыктымал. Кээ бир өспүрүмдөр ата-энесинен айрым нерселерди жашырыш үчүн атайын бир тиркемелерди колдонушат. Ал тиркемелер сыртынан калькулятор сыяктуу зыянсыз тиркемелердей көрүнөт.

     Өспүрүм кыздын атасы Дэниел жогоруда айтылгандарды мындай деп жыйынтыктайт: «Интернетке туташкан смартфон баарына: жакшысына да, жаманына да эшик ачат».

 Эмнелер тууралуу ойлонуп көрүшүңөр керек?

  •   «Балама чынында эле смартфон керекпи?»

     Ыйык Китепте: «Баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 14:15). Ушуну эске алып, мындай деп ойлонуп көргүлө:

     «Балама телефон алып бергим келгенине орчундуу себептер барбы? Мисалы, анын коопсуздугу себеп болуп жатабы? Пайдасын жана зыянын таразалап көрдүмбү? Смартфондун ордуна башка эмнени колдонсо болот?»

     «Азыр деле жөнөкөй телефондор бар. Алар балдарыңарга текст билдирүү жазганга, чалганга жарайт. Акчаңарды да бир топ үнөмдөйсүңөр»,— дейт Тод деген бир ата.

  •   «Балам телефонду туура колдонот деп ишенсем болобу?»

     Ыйык Китепте: «Баамчылдын акылмандыгы өз жолун түшүнгөндүгүндө»,— делет (Накыл сөздөр 14:8). Ушуну эске алып, мындай деп ойлонуп көргүлө:

     «Балам ишеничимди акташ үчүн эмнелерди кылып жатат? Мени менен ачык сүйлөшөбү? Менден эч нерсесин жашырбайбы? Мисалы, кимдер менен дос болуп жүргөнүн айтабы? Планшет, ноутбук сыяктуу электрондук каражаттарды чеги менен колдонобу, телевизорду өтө көп көрбөйбү?» Сирена деген бир эне: «Смартфондун пайдасы чоң. Бирок ошол эле учурда кооптуу жактары да көп. Ошол үчүн жашы жете элек балдарыңарга телефон алып берерден мурун жакшылап ойлонгула»,— дейт.

  •   «Өзүм телефонду колдонгонду билемби?»

     Ыйык Китепте: «Баланы туура жолго сал»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 22:6). Ушуну эске алып, мындай деп ойлонуп көргүлө:

     «Телефонду жакшы билемби? Балдарыма анын кооптуу жактарын түшүндүрүп бере аламбы? Телефондогу балдарды көзөмөлдөгөнгө жардам берген функцияларды жөндөгөндү билемби? Балама телефонду акыл-эстүүлүк менен колдонгонго кантип жардам берсем болот?» «Көптөгөн ата-энелер балдарынын колуна смартфон карматат да, жайына коюп коюшат»,— дейт жогоруда айтылган Дэниел.

 Жыйынтык. Балдарга смартфонду туура колдонгонду үйрөтүш керек. Бир китепте: «Негизи, балдарга мындай каражаттарды ыгы менен колдонуу оңой эмес. Ал эми ата-энеси көзөмөлдөп турбаса, андан бетер кыйын болот»,— деп жазылган («Indistractable»).

a Бул макалада «смартфон» деген сөз Интернетке туташканга мүмкүнчүлүгү бар телефондорго карата колдонулат.

b Томас Керстингдин «Disconnected» деген китебинен алынды.

c Киберкуугунтук — электрондук каражаттар аркылуу опузалап, каралап, басмырлоо.

d  Секстинг — кимдир бирөөгө чөнтөк телефон аркылуу жыныстык мамилеге байланыштуу сөздөрдү, сүрөттөрдү же видеону жөнөтүү.