Мазмунун көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Мышыктын тили

Мышыктын тили

 Мышыктар табиятынан таза жаныбарлар. Алар ойго жүргөн убактысынын 24 пайызын денесин тазалаганга жумшашат. Алардын тазалыгынын сыры тилинин укмуштуудай өзгөчөлүгүндө.

 Көңүл бурсаңар: Мышыктын тилин 290 бүдүр каптап турат. Ал майда бүдүрлөрдүн баары артка жантайып турат. Алар адамдын тырмагындай катуу келет. Ар биринин оюкчалары бар. Мышык тилин артка тартканда, ал оюкчалар шилекейге толот. Ал жүнүн жалаганда, бүдүрлөр жүнүнүн арасынан өтүп, шилекейди анын терисине чейин жеткиришет.

Бүдүрлөрдүн чоңойтулуп көрсөтүлүшү

 Мышыктын тили аркылуу анын териси менен жүнүнө күн сайын 48 миллилитрдей шилекей жетип турат. Шилекейинин курамында кирди жок кыла турган ферменттер бар. Андан тышкары, мышыктын шилекейи бууланганда, анын дене табы дээрлик 25 пайызга төмөндөйт. Бул абдан маанилүү, себеби мышыктардын тер бездери аябай эле аз.

 Мышыктын тилиндеги бир эле бүдүр анын жүнүнө терең кирип, чачышып калган жерин жазып коё алат. Ошондой эле мышык жүнүн жалаганда, тилиндеги бүдүрлөрдүн учу терисин тарап, жандандырат. Изилдөөчүлөр мышыктын тилинин түзүлүшүнө окшоштуруп, тарак жасап көрүшкөн. Андай тарак кадимки тарактан жумшагыраак келип, баш терисин тытпайт. Оңой да тазаланат. Чачышып калган жерлерди болсо бир тарап эле жазып коёт. Изилдөөчүлөр мышыктын тилинин өзгөчөлүктөрүн изилдөөнүн аркасында түктүү, жүндүү нерселерди оңой тазалаган шаймандарды чыгара алабыз деп ишенишет. Мындан тышкары, түктүү денеге сыйпала турган лосьондорду, дары-дармектерди колдонуу ыкмаларын жакшырта алабыз деп үмүттөнүшөт.

 Кандай деп ойлойсуңар? Мышыктын тили Жараткандын колунан бүткөнбү? Же өзү жаралганбы?