Мазмунун көрсөтүү

Жеке маалыматты колдонуу боюнча бүткүл дүйнөлүк саясат

Жеке маалыматты колдонуу боюнча бүткүл дүйнөлүк саясат

ЖЕКЕ МААЛЫМАТТЫ КОЛДОНУУ БОЮНЧА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК САЯСАТ

2024-жылдын 14-февралында

Биз жеке маалыматыңызды сиз кандай максатта берсеңиз, ошол максатта гана чогултабыз, топтойбуз жана колдонобуз. Алар бизде ушул максаттар ишке ашканга чейин эле же мыйзам чегиндеги башка максаттар үчүн гана сакталат. Эгер талап кылынган кайсы бир жеке маалыматыңызды жазбайм деп чечсеңиз, сайтыбыздын же Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Нью-Йорк) тарабынан чыгарылган тиркемелердин айрым функциялары сизге жеткиликтүү болбой калышы же биз сиз жиберген өтүнмөгө жооп кайтара албай калышыбыз мүмкүн.

Кайсы бир жерге же арызга киргизген жеке маалыматыңыз аны максаты боюнча иштетүүгө жана/же техникалык колдоо көрсөткөн адистерге техникалык системаны иштеткенге жана тейлөөгө керектелген иштерди аткарууга жеткиликтүү болот. Жеке маалыматыңызды төмөнкү жагдайлардан башка учурларда эч кимге бербейбиз: 1) сиз сураган кызмат менен камсыз кыла тургандарга жөнөтүлгөн учурларда; 2) жеке маалыматыңыздын жарыяланышы учурда күчүндө болгон мыйзамдар менен эрежелерди бузбай турганына толук ишенген учурларда; 3) укук коргоо органдары талап кылган учурларда; 4) коопсуздук системасына каршы жасалган шылуунчулукту аныктоо жана анын алдын алуу же техникалык маселелерди чечүү зарыл болгон учурларда. Бул веб-сайтты колдонгонуңуз жеке маалыматыңыздын жогоруда саналып өткөн максаттарды гана ишке ашыруу үчүн үчүнчү жакка берилишине макул экениңизди билдирет. Сиз жөнөткөн жеке маалымат эч качан сатылбайт, айырбашталбайт же акысына убактылуу колдонуп турууга берилбейт.

САЙТЫБЫЗДА ЖЕКЕ МААЛЫМАТТЫН КОЛДОНУЛУШУ

Бул веб-сайттын жалпы эл колдонгон жактарын колдонуш үчүн каттоодон өтүү жана бизге эч кандай маалымат жөнөтүү талап кылынбайт. Бирок айрым функцияларын каттоодон өткөн, өтүнмө жөнөткөн же арыз толтурган, же болбосо жеке маалыматы jw.org веб-сайты аркылуу Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына жөнөтүлгөн колдонуучулар гана колдоно алат. Биз жеке маалыматыңызды сиздин макулдугуңуз менен гана иштетебиз. Белгилүү бир жагдайларда, мисалы, жеке маалыматыңызды иштетишибизге мурун берген макулдугуңузду жокко чыгаргыңыз келген учурларда, тийиштүү юридикалык талаптарга ылайык, жеке маалыматыңызды мыйзам чегинде андан ары колдонушубуз мүмкүн.

Веб-сайтка өзүңүз жөнөткөн жеке маалыматыңыз аны жөнөткөн маалда кандай максатта колдонулары айтылса, так ошол максатта гана колдонулат. Ал максаттарга төмөнкүлөр кириши мүмкүн:

Аккаунттар. Ушул веб-сайтка аккаунт жаратып жатканда жөнөткөн электрондук дарегиңизди сиз менен аккаунтуңузга тиешелүү маселелерде байланышыш үчүн колдонушубуз мүмкүн. Мисалы, сайтка кирүү үчүн талап кылынган колдонуучунун атын же сыр белгиңизди унутуп калсаңыз, профайлыңызга киргизген электрондук дарегиңиз аркылуу жардам көрсөтүлөт.

Менин профайлым. Аккаунт ачкандан кийин жыйналышыңыздын катчысы «Менин профайлым» деген жерге кирүүгө жардам бере алат. Эгер hub.isa4310.com сайтындагы «Менин профайлым» деген бетке кошумча жеке маалымат киргизүүнү кааласаңыз, тейлөө кызматынын ошол маалыматыңызды инсандыгыңызды тастыкташ үчүн же сиз менен байланышыш үчүн колдонушуна макул же макул эмес экениңизди билдиришиңиз керек болот. Кайсы бир долбоорго жардам берип жатсаңыз жана «Менин профайлым» деген бетке шык-жөндөмүңүз тууралуу маалымат киргизген болсоңуз, шык-жөндөмгө баа берген киши долбоорго жардам берүүдө шык-жөндөмүңүздү кандай колдонгонуңузга баар бериши мүмкүн. Маалымат андан ары иштетилиши үчүн, зарыл болсо, Жахабанын Күбөлөрүнүн башка филиалдарына, Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгына же Жахабанын Күбөлөрү колдонгон ар кайсы өлкөдөгү ушу сыяктуу кызматташ уюмдарга жөнөтүлүшү мүмкүн.

Арыздар. Эгер сиз Жахабанын Күбөлөрүнүн окууларына жана алардын жеке маалыматты колдонуу саясатына макул болсоңуз, бул веб-сайт аркылуу аккаунт жаратып, арызыңызды жөнөтө аласыз. Же жыйналышыңыз ушул веб-сайт аркылуу сиз толтуруп берген арызды зарыл болгон жактарга жөнөтө алат. Ар бир арыздын өз максаты болот. Алсак, диний кызматты кеңейтүү үчүн, жыйындар же башка ушул сыяктуу иш-чаралар өткөрүлгөндө конокторду түнөк жай менен камсыз кылуу үчүн арыздар толтурулушу мүмкүн. Арыз толтурганда жазган маалыматыңызга өзүңүз, жергиликтүү аксакалдар же жергиликтүү райондук көзөмөлчү көрө ала турган жеке маалыматыңыз кирет. Андай учурда жеке маалыматыңыз арызыңызды кароо үчүн, ага байланыштуу маселелерди чечүү үчүн жана арыздагы маалыматты иштетүүнүн бир бөлүгү болуп эсептелген профайл жаратуу үчүн гана колдонулат. Арызыңызга кошумча маалымат керек болуп, аны кайра иштетүү зарыл болгондо андагы жеке маалыматыңыз Жахабанын Күбөлөрүнүн башка филиалдарына, бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгына же Жахабанын Күбөлөрү колдонгон ар кайсы өлкөдөгү бирикмелерге жөнөтүлүшү мүмкүн. Ар бир арыз өз-өзүнчө каралат жана ага байланыштуу чечимдер автоматтык түрдө чыгарылбайт.

 

Атайын жана эл аралык жыйындар. Эгер силер атайын же эл аралык жыйынга (мындан ары «Жыйын») арыз бериш үчүн жарактуу болсоңор, арызыңарды ушул сайт аркылуу жөнөтсөңөр болот. Кошумча маалымат алыш үчүн «Арыздар» деген бөлүктү карагыла. Ал маалымат бардык арыздарга тиешелүү.

Делегаттар. Жыйындар үчүн зарыл болгон жеке маалыматтарга төмөнкү маалыматтар кирет: байланыш маалыматыңыз, туулган күнүңүз, тобуңуз, жайгаша турган жериңиз, келгениңиз жана кеткениңиз жөнүндөгү маалыматтар жана «Жыйынга» тиешелүү боло турган башка зарыл маалыматтар. Эгер сиз «Жыйынга» делегат катары тандалсаңыз, жыйынды өткөрө турган Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы, анын ичинде «Жыйын» жана меймандостук комитеттеринде кызмат кылган жана аны менен кызматташкан адамдар, жеке маалыматыңызды ала алышат жана колдоно алышат. Алар жеке маалыматыңызды «Жыйынды» пландаштырганда, саякатыңызга жана ага байланышкан маселелерди чечкенде, ошондой эле «Жыйын» менен байланышкан иш-чараларды уюштурганда колдонушат. Андан тышкары, сиздин жеке маалыматыңыз сиз тандаган мейманканага, ал мейманканага байланышкан уюмдарга жана үчүнчү жактарга берилет. Ал маалыматтар алдын ала брондоо үчүн жана сиздин мейманканада токтошуңуз үчүн зарыл болгон башка максаттар үчүн колдонулат. Ошондой эле жеке маалыматыңыз сиз тандаган иш-чараларга байланышкан кызматтарды сунуштаган үчүнчү жактарга берилет. Эгер сиз жеке маалыматыңызды бербей эле коюуну туура көрсөңүз же аларды жок кылууну сурансаңыз, анда «Жыйындын» делегаты бойдон кала албайсыз. Сиздин жеке маалыматыңыз зарыл болбой калар замат биз аларды жок кылып салабыз.

Атайын кабар айтуу өнөктүктөрү. Эгер силер атайын кабар айтуу өнөктүгүнө катышууга (мындан ары «Өнөктүк») арыз бериш үчүн жарактуу болсоңор, арызыңарды ушул сайт аркылуу жөнөтсөңөр болот. Кошумча маалымат алыш үчүн «Арыздар» деген бөлүктү карагыла. Ал маалымат бардык арыздарга тиешелүү. Эгер сиз «Өнөктүккө» катышууга тандалсаңыз, өнөктүктү өткөрө турган Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы жеке маалыматыңызды ала алышат жана колдоно алышат. Өнөктүк үчүн зарыл болгон жеке маалыматтарга төмөнкү маалыматтар кирет: байланыш маалыматыңыз, тобуңуз, жайгаша турган жериңиз, келгениңиз жана кеткениңиз, билген тилиңиз жөнүндөгү маалыматтар жана «Өнөктүккө» тиешелүү боло турган башка зарыл маалыматтар. Сиздин жеке маалыматтарыңыз өнөктүктү уюштуруу үчүн, сизди жайгаштырыш үчүн жана кабар айтуу аймагына дайындаш үчүн кабыл алып жаткан филиалдагы атайын кабар айтуу өнөктүгүнүн комитети тарабынан колдонулат. Сиз дайындала турган аймактагы байланыша турган тарап жана ал аймактагы кабыл алып жаткан жыйналыштын аксакалдары да «Өнөктүктү» уюштуруш үчүн жеке маалыматыңызды колдонушат. Эгер сиз жеке маалыматыңызды бербей эле коюуну туура көрсөңүз же аларды жок кылууну сурансаңыз, анда «Өнөктүккө» катыша албай каласыз.

Окутуу курстары. Эгер кайсы бир долбоорлорго, мисалы, курулуш долбооруна жардам бергенге жарактуу болсоңуз, окутуу курстарын уюштурган бир тууган сизди окуп билим алганга чакырышы мүмкүн. Макул же макул эмес экениңизди курс башталганга чейин билдирсеңиз же жокко чыгарсаңыз болот. Эгер окуганга макул болсоңуз, нускоочулар курска катышканыңызды, окуп жатканда кандай максаттарга жеткениңизди жана өздөрүнүн пикирин жазышат. Курсту уюштургандар жана нускоочулар hub.isa4310.com сайтындагы «Менин профайлым» деген бетке шык-жөндөмүңүз тууралуу киргизген маалыматыңызды карап, ага баа бере алышат. Маалымат андан ары иштетилиши үчүн ал Жахабанын Күбөлөрүнүн башка филиалдарына, Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгына же Жахабанын Күбөлөрү колдонгон ар кайсы өлкөдөгү ушу сыяктуу кызматташ уюмдарга жөнөтүлүшү мүмкүн.

Тартуулар. Эгер ыктыярдуу тартууларды онлайн түрүндө жөнөтсөңүз, маалымат корубузга аты-жөнүңүз жана байланыш маалыматыңыз сакталып калат. Кредиттик карта аркылуу жөнөтүлгөн ыктыярдуу тартууларды кабыл алыш үчүн дүйнөлүк жогорку стандарттарга ылайык корголгон, купуялуулук саясаты бар, расмий катталган онлайн төлөм кызматтарын колдонобуз. Бизге тартууңузду кабыл алууга байланыштуу иш-чараларды жүргүзүү үчүн жана төлөм кызматтарына жөнөтүү үчүн зарыл болгон кредиттик картаңыздын номуру же финансылык операциянын эсеп-кысап номуру сыяктуу маалымат келиши мүмкүн. Тартууңузду кабыл алуу коопсуз жүргүзүлүшү үчүн, Төлөм карталарынын индустриясындагы маалымат коргоо стандартына (Payment Card Industry Data Security Standard) ылайык иш кылабыз. Тартууну кабыл алган тарап акча которулганы жөнүндөгү маалыматты бери дегенде он жыл сактайт. Бул өз ичине тартуу кылынган күндү, акчанын суммасын жана тартуунун кандай жол менен кылынганы жөнүндөгү маалыматты камтыйт. Маалыматтын сакталышы эсеп-кысап стандарттарына ылайык иш жүргүзүүгө жана ошол убакыт аралыгында сизде туулган суроолорго жооп берүүгө шарт түзөт. Биз дагы тартуу кылышыңызды талап кылыш үчүн сиз менен байланышпайбыз.

Келип кетишин өтүнүү. Ыйык Китеп жана Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө көбүрөөк маалымат алгыңыз келсе, Жахабанын Күбөлөрүнүн келип кетишин өтүнсөңүз болот. Сиз берген жеке маалыматыңызды, кандай максатта берсеңиз, ошол максатта гана колдонобуз. Өтүнмөңүздү өзүңүз тастыктагандан кийин, аны иштетүү зарыл болсо, Жахабанын Күбөлөрүнүн башка жыйналышына же филиалына өткөрүлүп берилет.

Башка максаттар. Аты-жөнүңүз, почта дарегиңиз, телефон номуруңуз сыяктуу жеке маалыматыңызды аккаунт жаратуудан, арыз толтуруудан же тартуу кылуудан тышкары башка максатта да жөнөтүшүңүз мүмкүн. Ушундай жагдайларда сизден маалыматты эмне үчүн жөнөтүшүңүздү суранып жатканыбызды ачык-айкын билдиребиз. Жеке маалыматыңызды жөнөтүп жаткан учурда аны кандай максатта колдонорубуз так айтылбаса, аны башка максатта колдонбойбуз.

JW LIBRARY ТИРКЕМЕСИНДЕ ЖЕКЕ МААЛЫМАТТЫН КОЛДОНУЛУШУ

JW Library тиркемеси сиздин жеке маалыматыңызды кантип колдонору тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «JW Library тиркемеси жеке маалыматты кантип колдонот» деген бетти ачкыла.

Ошол бетте айтылгандай, тиркеме jw.org сайтынан маалыматты көчүргөндүн аркасында иштейт. Сайт болсо маалыматты көчүрүп жатканда сиздин IP дарегиңизди аныктай алат. Сайт чогулткан маалыматтар тиркеме иштеши үчүн, аны жакшыртыш үчүн жана аны пайдалануу коопсуз болушу үчүн колдонулат. Тагыраак айтканда, төмөнкү жагдайларда колдонулат: колдонуучу тиркемеге кире алышы жана аны колдоно алыш үчүн; тиркеменин иштешин жөнгө салып, аны жакшыртыш үчүн; кылмышкерлердин кол салуусун жана зыянкеч программаларды аныктап, аларга бөгөт коюп, коопсуздукту сакташ үчүн колдонулат.

МААЛЫМАТТЫН БАШКА ӨЛКӨГӨ ЖӨНӨТҮЛҮШҮ

Диний уюмубуз дүйнө жүзүндөгү жергиликтүү юридикалык жактар аркылуу иш жүргүзөт. Веб-сайтыбызды жана тиркемелерибизди тейлеген айрым серверлер Америка Кошмо Штаттарында жайгашкан. Биз жеке маалыматыңызды өзүңүз жашаган өлкөдөн башка өлкөгө жөнөтүшүбүз мүмкүн. Ал өлкөлөрдөгү жеке маалыматты коргоо мыйзамдарынын деңгээли ар кандай болушу, тагыраак айтканда, сиз учурда жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарынан айырмаланышы ыктымал. Жеке маалыматыңызды иштетүүдө жана башка өлкөгө жөнөтүүдө аны коргоого өбөлгө түзгөн атайын чараларды көрөбүз. Жахабанын Күбөлөрү жүргүзгөн ишти колдогон жана алар кызматташкан уюмдардын баарынан маалыматты коргоо саясатыбызга жана жеке маалыматка байланыштуу күчүндө турган мыйзамдарга, эрежелерге ылайык иш кылары күтүлөт.

Бул веб-сайтка киргениңиз жана биз менен электрондук почта аркылуу байланышканыңыз жеке маалыматыңыздын башка өлкөгө жөнөтүлүшүнө каршы эмес экениңизди билдирет. Көп учурда биз маалыматты башка өлкөгө которуш үчүн келишимдерди колдонобуз.

СИЗДИН УКУКТАРЫҢЫЗ

Жеке маалыматтарды иштетүүдө сиздин жеке маалыматыңыз кандай максатта чогултулса, ошол максатта колдонулушу үчүн анын так экенине жана жаңыртылганына ынаныш үчүн акылга сыярлык чараларды көрөбүз. Жашаган өлкөңүзгө жана ал жактагы жеке маалыматты коргогон мыйзамдарга жараша, бизге жөнөткөн жеке маалыматыңызга байланыштуу төмөнкүлөрдү кылууга укугуңуз бар:

● Жергиликтүү мыйзамдарга ылайык, жеке маалыматыңыздын топтолушуна жана колдонулушуна байланыштуу маалыматты талап кылууга укугуңуз бар.

● Жеке маалыматыңыз толук же так эмес болсо, ага кирүүгө уруксат суроого жана аны оңдоону, өчүрүүнү же ага кирүүгө бөгөт коюуну талап кылууга укуктуусуз.

●Мыйзамдуу негиз бар болгон учурларда жеке маалыматыңыздын иштетилишине каршы экениңизди билдирүүгө жана бизден аны андан ары колдонбоону суранууга укугуңуз бар.

Сиз жашаган өлкөдө жеке маалыматты коргоо боюнча күчүндө болгон мыйзамдар бар болсо жана сиз жеке маалыматыңызга кирүүнү, аны оңдоону же өчүрүүнү кааласаңыз, «Маалыматты коргоо байланыштары» деген беттен байланыш маалыматын таап алсаңыз болот.

Жазуу түрүндөгү өтүнмөңүздү, сизди аныктоого жана жеке маалыматыңызды аныктоого жол бере турган жетиштүү маалыматты алгандан кийин жеке маалыматтын колдонулушун көзөмөлдөгөндөр жеке маалыматына кирүүгө уруксат сурап жаткан кишинин, сиздин, кызыкчылыктарыңызды жана маалыматтын оңдолушу, жок кылынышы уюмубуздун мыйзам чегиндеги кызыкчылыктарына, анын ичинде дин тутуу жана диний иштерин жүргүзүү эркиндигине коркунуч туудурар-туудурбасын таразалап көрүп, жеке маалыматка кирүүгө уруксат берилеби, жокпу, чечет. Маалыматтын өзгөртүлгөнүн тиешеси бар үчүнчү жактардын баарына билдиребиз.

Жеке маалыматыңызды иштетүү мыйзамдын талабы боюнча жүргүзүлсө же маалыматыңыз юридикалык башка максатта сакталса, анда анын өчүп калбай турганын билишиңизди каалайбыз. Мисалы, биздин уюм мүчөлөрүнүн ар биринин Жахабанын Күбөсү экенин тастыктаган жеке маалыматын өчүрбөй сактап коюуга кызыкдар. Ушундай маалыматтын өчүрүлүшү уюмдун диний окууларына жана диний иштерине залакасын тийгизет. Жеке маалыматты өчүрүүгө байланыштуу өтүнүчтөр учурда күчүндө болгон юридикалык же документалдык талаптарга ылайык болушу керек. Сиз бул веб-сайт аркылуу жөнөткөн жеке маалыматыңыздын иштетилишине байланыштуу маселе боюнча жергиликтүү маалымат коргоо органдарына кайрылсаңыз болот.