2-СЕНТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ
Cергей Бритвин менен Вадим Левчук төрт жылга кесилди
2020-жылдын 2-сентябрында Кемеров облусунун Берёзовский шаардык соту Cергей Бритвин менен Вадим Левчукка төрт жылга эркинен ажыратуу жазасын берди. Айыптоочу алты жарым жылга камоону талап кылган. Бир туугандарыбыз өкүмгө каршы доо арыз менен кайрылганы жатат.