Мазмунун көрсөтүү

Суу каптаган үйлөр (Риверс штаты, Нигерия)

13-НОЯБРЬ, 2020
НИГЕРИЯ

Нигерияны суу каптады

Нигерияны суу каптады

2020-жылдын сентябрь—октябрь айларында чакалап төккөн жаан-чачындан улам Нигериянын айрым аймактарын суу каптаган. Анын кесепетинде дыйкан чарба талааларына жана айрым имараттарга чоң зыян келген. Өкүнүчтүүсү, бул табигый кырсыктан бир ишенимдешибиз көз жумду. 1 828ден ашуун бир тууганыбыз башка жакка көчүрүлгөн. Ал эми, бери дегенде, 62 ишенимдешибиздин үйү катуу жабыркаган.

Суу каптап калган Падышалык залы (Дельта штаты, Нигерия)

Нигериядагы филиал тарабынан Кырсык болгондо жардам берүү боюнча жети комитет уюштурулган. Ал комитетте кызмат кылгандар башкаларга жардам көрсөтүүдө COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чараларын да көрүшүүдө. Райондук көзөмөлчүлөр жана жергиликтүү аксакалдар ишенимдештерибизди зарыл нерселер менен камсыз кылып, аларды сооротуп-кайраттандырууда.

Бул кырсыктын айынан айрымдардын өмүрү менен кош айтышканына кайгырып жатабыз. Биз Куткаруучу Кудайыбыз Жахабанын азыркы оор убакта ишенимдештерибизди андан ары да жубатып, колдооруна бекем ишенебиз (Забур 68:19).