Мазмунун көрсөтүү

17-НОЯБРЬ, 2020
МОЗАМБИК

Матай китеби гитонга жана ронга тилдеринде жарык көрдү

Матай китеби гитонга жана ронга тилдеринде жарык көрдү

2020-жылдын 14, 15-ноябрында «Ыйык Китеп. Матай жазган жакшы кабар» китеби Мозамбиктин түштүгүндөгү эки тилде: гитонга жана ронга тилдеринде жарык көрдү. Гитонга тилинде сүйлөгөн 524 жарчы жана ронга тилинде сүйлөгөн 1 911 жарчы үчүн бул котормолордун чыкканы Жахабадан өз убагында берилген белек болду.

Аларды Мозамбиктеги филиалдын комитетинин мүчөсү Амаро Тишейра алдын ала жаздырылган программа аркылуу кулактандырды. Жарчылар ал программаны онлайн көрө алышты. Андан тышкары, бир туугандар программаны улуттук телеканалдан жана жергиликтүү ар кайсы радиостанциялардан да берүүгө уруксат алышкан. «Матай» китеби 64 беттен турган китепче түрүндө да басылып чыгат. Себеби көптөгөн окурмандардын аны санарип түрүндө окуганга мүмкүнчүлүгү жок.

Амаро бир тууганыбыз мындай деп бөлүштү: «Бул тилдерде Ыйык Китептер жана аларга негизделген адабияттар саналуу эле. Ошондуктан „Матай“ китебинин чыкканына аябай сүйүнүп жатабыз. Себеби анда Иса Машаяктын санжырасы, төрөлүшү, тоодо айткан белгилүү насааты жана акыркы күндөр жөнүндө айткан жүрөк толкутарлык пайгамбарлыктары камтылат».

Ойлор так берилген, түшүнүктүү которулган бул котормо тууралуу сөз кылып, бир котормочу мындай деди: «Матай — көптөгөн окууларга бай китеп. Тоодогу насаатты өз эне тилинде окуп, түшүнгөндө окурмандар көзүнө жаш алат деп ишенем».

Адистердин эсептөөсүнө ылайык, гитонга тилинде 224 000дей киши, ал эми ронга тилинде 423 000дей киши сүйлөйт. Биз бул котормонун көптөгөн адамдарга «өмүргө алып бара» турган жолду табууга жардам берет деп үмүттөнөбүз (Матай 7:14).