Мазмунун көрсөтүү

24-МАЙ, 2023
ЛАТВИЯ

Ригада өткөн китеп жарманкесине латыш тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосу» коюлду

Ригада өткөн китеп жарманкесине латыш тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосу» коюлду

2023-жылдын мартында Латвиянын Рига шаарында латыш тилиндеги китептер көрсөтүлгөн жарманке уюштурулуп, ага 21 000ден ашуун киши барды. Ал жактагы боордошторубуз бул жарманкеге жетинчи жолу катышып отурат. Ал эми мунусунда COVID-19 пандемиясы бүткөндөн кийин биринчи жолу катышып жатышат. Алар 2020-жылы толугу менен басылып чыккан латыш тилиндеги Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» жарманкеге алып чыгышканына аябай сүйүнүштү.

Ишенимдештерибиз келген-кеткендерге Жахабанын ысмын көрсөтүп бергенге өзгөчө басым жасашты. Коноктор 1689-жылы латыш тилинде жарык көргөн алгачкы Ыйык Китепте «Жахаба» деген ысымдын кездешкенин билгенде аң-таң болушту. Андан да кызыгы, «Жаңы дүйнө котормосунда» Кудайдын ысымы кайсы жерлерде болушу керек болсо, ошол жерлердин баарына коюлуп чыкканын, ал ысымдын 7000ден ашуун жолу кездешерин билгенде андан бетер таң беришти.

Дагы бирөөлөр «Жаңы дүйнө котормосунун» башка өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурушту. Мисалы, китеп басып чыгарган жерде иштеген бир киши Ыйык Китептин сапатына баа берди. Анан бул Ыйык Китептин күндө колдонгонго ылайыктуу, сапаттуу болуп басылганын айтты.

Коноктордун дагы бири «Жаңы дүйнө котормосун» алгандан кийин анын азыркы эл сүйлөгөн тилде которулганын, жазылгандардын түшүнгөнгө оңой экенин байкаган. Көрсө, ал мурда Ыйык Китептин башка котормолорун окуганда түшүнө албаганы үчүн окубай таштап салчу экен. Эми болсо кызы менен чогуу «Жаңы дүйнө котормосун» окуганга аябай куштар болуп калганын айткан. Ошентип, үч күнгө созулган жарманкеде латыш тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосунун» 130дан ашык нускасы таратылган.

Латвиядагы китеп жарманкесине катышып жаткан ишенимдештерибиз

Ушул жарманкеге катышкан ишенимдештерибиз башкаларга Ыйык Китеп жөнүндө, анын Автору жөнүндө билгенге жардам бере алганына кудуңдап сүйүнүштү. Бир карындашыбыз кубанганынан: «Өмүрүмдө биринчи жолу бир нече эле күндүн ичинде ушунча көп кишиге Жахабанын ысмы жөнүндө айтып бере алдым!» — деп ой бөлүштү.

Учурда Латвияда 2 100дөн ашуун жарчы бар. Биз ал жактагы ишенимдештерибиздин да, Кудайдын Сөзүнө кызыккан башка адамдардын да ушул котормону окуп, пайдасын көрүп жатканын, Жахабага ого бетер жакындап жатканын билип сүйүнүп жатабыз (Жакып 1:17).