Мазмунун көрсөтүү

Ишенимдештерибиз азык-түлүк бөлүштүрүп жатышат

8-ИЮНЬ, 2021
КОЛУМБИЯ

Колумбиядагы ишенимдештерибизге жардам көрсөтүлүүдө

Колумбиядагы ишенимдештерибизге жардам көрсөтүлүүдө

2021-жылдын апрелинде Колумбияда жарандык кагылышуулар башталган. Алар дагы деле токтой элек. Жахабанын Күбөлөрүнүн арасынан жараат алгандар же каза болгондор болгон жок. Анткен менен айрым жерлерде тамак-аш, күйүүчү май тартыш болгондуктан, ишенимдештерибиз да ал жагынан кыйынчылык тартууда. Андан тышкары, алар COVID-19 пандемиясынын кесепетинен да кыйналып жатышат.

Ушундай оор жагдайга туш болгон ишенимдештерине жардам бериш үчүн Колумбиядагы филиалдын комитети Кырсык болгондо жардам берүү боюнча 5 комитет түзгөн. Ал комитеттегилер COVID-19 илдетине байланыштуу сактык чараларына карманып, бир туугандарына көмөк көрсөтүүдө. Жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү да азык-түлүк менен бөлүшүп, бири-бирине жөлөк-таяк болушууда. Аксакалдар менен кыдыруучу көзөмөлчүлөр жарчыларга Ыйык Китептен соорото турган аяттарды окуп берип, кубанттандырып жатышат.

Жабыр тарткандарга жардам берүү комитетинде кызмат кылган Алмонд Винклаар: «Бизге чынында эле аябай эле оор болуп жатат. Бирок Жахабанын өз кызматчыларына кам көрүш үчүн тез арада иш-аракет кылганын көрдүк. Буга абдан ыраазымын»,— деп айткан.

Азык-түлүк алган үй-бүлө

«Ла Лома Арена» жыйналышындагы 18 жарчыга жана алардын үй-бүлөсүнө азык-түлүк жеткирилип берилген. Ошол жыйналышта пионер болуп кызмат кылган бир жубайлар мындай дешкен: «Кырсык болгондо жардам берүү комитети бизге зарыл нерселерди алып келип беришкенде, төбөбүз көккө жете сүйүндүк. Жахаба алар аркылуу тиленүүбүзгө жооп берди. Биз эмнеге муктаж болуп жатсак, дал ошол нерселерди беришти. Ушундай боордоштугубуздун болгонуна абдан ыраазыбыз. Баарынан да бизге туруктуу болгонго күч берип жаткан Жахаба Атабызга миң мертебе ыраазыбыз».

Бир чоң супермаркеттеги жумушчулар азык-түлүк жана башка нерселерди сатып алып жаткан Кырсык болгондо жардам берүү комитетиндегилерге таң беришкен. Бир жумушчу: «Жахабанын Күбөлөрүнүн башкалардын үйүнө барып, Кудайдын Сөзүндөгү ойлор менен бөлүшөрүн билчүмүн. Азыр болсо муктаж болгондорго жардам берип жатканыңарды көрүп силерге аябай таң калып жатам»,— деген.

Өлкөдөгү оор кырдаалга карабай, ишенимдештерибиз Жахаба Кудайга сыйынганын улантып жатышат. Биз Жахабанын «дүйнөгө таандык болбогонго» умтулган кызматчыларын андан ары да зарыл нерселер менен камсыз кылып, рухий жактан дем-күч бере береринен шектенбейбиз (Жакан 17:16).