Мазмунун көрсөтүү

Роздол (Украина) айылындагы ижарага алынган имаратка Эскерүү кечесин белгилеш үчүн чогулгандар

19-АПРЕЛЬ, 2023
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

2023-жылы Эскерүү кечесин тоскоолдуктарга карабай кубаныч менен белгилегендер

2023-жылы Эскерүү кечесин тоскоолдуктарга карабай кубаныч менен белгилегендер

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон Жахабанын Күбөлөрү чакырылган коноктор менен бирге 2023-жылдын 4-апрелинде, шейшемби күнү кечинде, Иса Машаяктын өлгөн күнүн белгилешти. Көптөрүнө ошол өзгөчө аземди белгилеш үчүн опол тоодой тоскоолдуктарды жеңгенге туура келди.

Украина

Алсак, Украинадагы миңдеген кишилер аба ырайынын бузулганына, айрым жерлерде согуш катуу жүрүп жатканына карабай, Эскерүү кечесине барышты. Өлкөнүн чыгышындагы өтө кооптуу бир шаардагы аксакалдар Эскерүү кечесинде айтыла турган баяндаманы жаздырып, бир жума мурун жыйналыштагыларга беришкен. Ошондон бир нече күн өткөндөн кийин, катуу жүрүп жаткан согуштан эмес, катуу шамалдан улам ал аймакта Интернет да, электр жарыгы да өчүп калган. Бактыга жараша, баяндама алдын ала жаздырылып берилгендиктен, жыйналыштагылар светтин жоктугуна, согуш болуп жатканына карабай, Эскерүү кечесин өткөрө алышкан.

Казакстан

Казакстанда жашаган 15 жаштагы Виолетта чоң атасынын каршылыгына кабылып келген. Анын үйүндөгүлөр чоң атасы менен чогуу турушат. Чоң атасы аларга 20 жылга жакын катуу каршы болуп келген. Ал Виолеттанын жана үйүндөгүлөрүнүн жыйналышка барышына бут тосуп, ал турсун адабияттарын өрттөп салчу. Бирок небереси Виолеттаны аябай жакшы көргөн үчүн бара-бара аны менен Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшө баштаган. Таң калыштуусу, ушул жылы чоң атасы Ыйык Китепти изилдегенге макул болуп, Эскерүү кечесине да барган!

Үстүндө: Суаи (Тимор-Лесте). Астында: Сейм (Тимор-Лесте)

Дагы бирөөлөргө обочо жайгашкан алыскы аймакта жашаганы Эскерүү кечесин белгилегенге тоскоолдук жараткан. Мисалы, Тимор-Лестенин Сейм жана Суаи деген шаарларында жалпысынан 55 киши Ыйык Китепти дайыма телефон аркылуу изилдешет. Эки шаар тең Жахабанын Күбөлөрү Кудайга сыйыныш үчүн чогулган жерден бир топ эле алыс. Ал жерден ошол шаарларга мотоцикл менен жүргөндө жолго бир канча саат кетет. Ошол себептен бир туугандар эки шаарда Эскерүү кечесин үйдө өткөрүүнү пландаштырышкан. Бир аксакал Сейм шаарына барып баяндама айтыш үчүн бир тарабына эле 4 саат жол жүргөн. Кечеге 56 киши барган. Дагы бир аксакал болсо 7 сааттай жол жүрүп, Суаи шаарына барган. Ал жерде аземге 50дөн ашык киши катышкан.

Уальпен (Чили)

Ал эми Чилинин Уальпен шаарында жашаган ишенимдештерибиз Эскерүү кечесин өткөргөнгө жер таппай кыйналышкан. Алар дин иштери боюнча бир жергиликтүү өкүлгө кайрылып, аземди өткөргөнгө ылайыктуу жер таап беришин суранышкан. Ал кызматкер аксакалдар менен байланышып, бир мектептин ашканасын сунуштаган. Ошондо аксакалдар жетине албай сүйүнүшкөн. Себеби Эскерүү кечесин өткөргөнгө бир нече эле саат калган болчу. Ишенимдештерибиз дароо ишке киришип, ашкананы жолугушуу өткөргөнгө ылайыктуу кылып бир заматта өзгөртүп коюшкан. Алар дин иштери боюнча баягы кызматкерди да, шаардын мэрин да Эскерүү кечесине чакырган. Кечеге экөө тең барган. Мэр: «Бул жерге келгендерди тартипке карманганы, бири-бирин сыйлап турганы үчүн мактагым келип турат. Ал тургай кичинекей балдар да өзүн жакшы алып жүрүшөт экен. Кийин жардам керек болсо, кайрылып тургула»,— деген.

Монако

Дагы бир кубанычтуу жаңылык, Монакодогу ишенимдештерибиз 2022-жылдын ноябрында уюмубузду расмий түрдө каттатышты. Ал жакта Эскерүү кечеси ижарага алынган сонун жерде өткөрүлдү. Чакырылган коноктордун бири: «Имарат аябай кооз экен. Бирок бул жердин көркүнө корк кошкондор — ушул жерге келгендер»,— деп айткан.

Көптөгөн боордошторубуздун Машаяктын буйругуна баш ийип, анын өлгөн күнүн эскериш үчүн ушундай кыйынчылыктарды жана башка тоскоолдуктарды жарып өткөнү дем-шык бербей койбойт (Лука 22:19).