Мазмунун көрсөтүү

Жубайлар жолугушууга видео байланыш аркылуу катышууда. Быйыл Эскерүү кечеси биринчи жолу ушундай жол менен өткөрүлөт

3-АПРЕЛЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Машаяктын өлүмүн эскерүү аземинин өзгөчө белгилениши

Бүт дүйнөгө тараган пандемия учурунда көптөгөн жыйналыштар бул аземди видео байланыш аркылуу өткөрүшөт

Машаяктын өлүмүн эскерүү аземинин өзгөчө белгилениши

2020-жылы, 7-апрелде, шейшемби күнү, миллиондогон Жахабанын Күбөлөрү жана кызыккан адамдар жылдын эң бир маанилүү аземине, Исанын өлүмүн эскерүү кечесине, чогулушат. COVID-19 пандемиясы күч алгандыктан, быйыл бул азем өзгөчө жол менен белгиленет. Дүйнө жүзү боюнча көптөр видео байланыш аркылуу жолугушат.

Коронавирус оорусу кулач жайгандыктан, көптөгөн өлкөлөрдө бийликтегилер көп элдин чогулушуна тыюу салган. Натыйжада дүйнө жүзүндөгү көптөгөн жыйналыштар жума сайынкы жолугушууларды видео байланыш аркылуу өткөрүп жатышат. Ал жыйналыштар Эскерүү аземин да ушундай жол менен өткөрүшөт. Жалпы эл үчүн аземдин алдын ала жаздырылган программасы jw.org сайтына салынат.

Былтыр Эскерүү кечесине 20 миллиондон ашуун киши келген. Быйыл дагы миллиондогондор Эскерүү кечесине видео байланыш, телефон аркылуу катышат деп же jw.org сайтына салынган жаздырууну көрүшөт деп үмүттөнөбүз.

Көптөгөн жерлерде ал вирус күчөгөндөн күчөп жатат. Коопсуз болуш үчүн, жагдай жакшырганча, бир туугандардын берилген көрсөтмөлөргө тыгыз карманып, сак болгону маанилүү. Ошентсе да, биз Жахабага толук таянып, Исанын: «Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деген буйругун аткарууга чечкиндүүбүз (Лука 22:19).